Posted by kmb3 on Декабрь 22nd, 2011
Жыргалбек Касаболотов, Олжобай Шакир, Жумадин Кадыров жана Марат Токоев кирген жюринин курамы «Күз» темасына арналган кезектеги бир ырдын сынагынын жеңүүчүлөрүн аныктады. Жалпы пикир боюнча биринчи орундун ээси деп Жылдызбек Турсунбаев таанылды. Бул анын катары менен экинчи жеңиши. «Аптап» сынагынын да жеңүүчүсү болгон. Экинчи орунда Зайырбек Ажыматов. Ал алгачкы бир ырдын сынагында да («Көктөм» темасына арналган) экинчи орунду алган эле. Үчүнчү жеңүүчүбүз — Калича Жакыпова. Бул акын кызыбыздын биздеги биринчи ийгилиги.
Сынакка катышкан калган акындардын арасынан Бакыт Жунусалиевдин ыры блогубуздун окурмандарынын эң көп жакшы пикирлерине арзыды. Ал блогдун атайы сыйлыгынын ээси болду. Эскерте кетсек, Бакыт биздин алгачкы сынагыбыздын жеңүүчүсү болот.
Сыйлыгыңар кут болсун!
Толугу менен
Posted in Адабият, Акындар. Кыргыз поэзиясы, Күз, Сынак | No Comments »
Posted by kmb3 on Декабрь 22nd, 2011

Убакытты создуктуруп отурбай «Кыргыз маданият борбору» кезектеги БИР ЫРДЫН СЫНАГЫН жарыялайт. Бул сынак кышка арналып, «КАР» деген аталышта болот.
Сынактын шарттары эч өзгөргөн жок. Катышуучуларына жашы, жынысы, адабиятка аралашкандыгы, адабий чөйрөгө жакындыгы боюнча чектөө жок. Ошондой эле ырдын формасы жана көлөмү боюнча да чектөөлөр коюлбайт.
Толугу менен
Posted in Адабият, Акындар. Кыргыз поэзиясы, Кар | No Comments »
Posted by kmb3 on Январь 27th, 2012
Кыргыз Республиксынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүүнү тереңдетүү жана жарандык атуулдукту калыптандыруу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду.
Төмөндө Жарлыктын тексти толугу менен келтирилет:
Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүүнү тереңдетүү жана жарандык атуулдукту калыптандыруу боюнча чаралар жөнүндө.
Толугу менен
Posted in Жаңылыктар, Тарых | No Comments »
Posted by kmb3 on Январь 27th, 2012
Согуш мезгилине туш болгон балалык
Менин бала чагым согуш убагына туш келди. Ошондо адам менен табийгат киндиктеш болорун сездим. Анткени, жаратылыш да адам баласынын башына каран түн түшкөнүн сезгендей, күн тутулуп, бир заматта жердин бети кара түнгө айланганы эсимде. Кыраакы карылар майдан башталарын алдын ала сезишип, камына башташкан эле. Апам өтө акылдуу, оор басырыктуу жан болсо, атам ачуусу чукул, курч мүнөздүү адам болчу. Атамды армияга чакырып, ыйлап-сыктап узатып жатсак, кайра «согушка барбай калды» деген кагаз келген. Ошондо баарыбыз сүйүнгөнбүз. Мен атама караганда апама жакын болчумун. Кыял-жоругум, мүнөзүм да апама окшош. Апам 93 жашында каза болду. Биз 7 бир тууган элек. Азыр жети бир туугандан бешөөбүз калдык. Мен Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Үгүт деген айлынын абасын жутуп, суусун ичип чоңойдум. Мектептин босогосун 7 жашымда аттап, 4 жылдык окууну 2 жылдын ичинде бүтүрдүм. Анткени, кичине кезимден эле зирек болгонумдан мектепке баргычакты жазганды, окуганды үйрөнүп баргам. Ошондон улам, мугалимдер мени 1-классты бүтүрбөй эле, 2-класска которушуп, кайра 3-классты окутпастан, 4-классты окутушкан. Ал кезде азыркыдай шарт жок болчу. Кыштын күнү класстын ичи суук болгондуктан, сыяларыбыз тоңуп, калемсаптын ордуна кара карандаш колдонгон учурларыбыз болгон. Ошентип, мен 10- классты 15 жашымда бүттүм.
Толугу менен
Posted in Адабият | No Comments »
Posted by kmb3 on Январь 25th, 2012

Аячумун
Үшүгөндөй сезилчү эле дарактар,
Көтөрө албай калың кардын салмагын.
Аяз таңда турган сымал дирилдеп,
Аячу элем бутактарын арчанын.
Аячумун кыштын ызгаар таңында,
Тереземден тиктеп турган даракты.
Үшүп, үшүп мен тарапка талпынып,
Кол булгалап келаткандай каратчу.
Айды аяп, түн кечирген күн болгон,
Кышта суукта сыртта калды жалгыз деп.
Үшүдү го, үйү жокпу айдын деп,
Балалыкта айды аяп, кайгы жеп.
Жыпар Акунова,
«Кар» сынагына
Posted in Адабият, Акындар. Кыргыз поэзиясы, Кар, Сынак | No Comments »
Posted by kmb3 on Январь 25th, 2012
Мен бул күндөрү, орусчадан такма так которо турган болсок, Жолдошбек Зарлыкбеков менен «ооруп» жүрөм. Биздин «Journalist news» гезитибиздин ар бир санында табияты жакын деп журналистика менен жан багып келе жаткан акындарыбыздын ырларын басып турабыз (акындык менен бүгүн эч ким өзүн багып кете албас). Шайлообек Дүйшеев, Жазгүл Жамангулова, Олжобай Шакир, Жыргалбек Касаболотов, Жыпар Арыкова, Зайырбек Ажыматов ж.б. дагы көптөгөн журналист-акындарыбыздын ырларын жарыяладык. Бул жолу Жолдошбек Зарлыкбековдун ырларынан берсекби деп чечкенбиз.
Толугу менен
Posted in Адабият, Акындар. Кыргыз поэзиясы | No Comments »
Posted by kmb3 on Январь 23rd, 2012
Редакциябыздын кат куржунуна белгилүү мударис К.Исаев менен таланттуу манасчы Т.Бакчиевдин “Кыргыз өзөгү” аттуу көлөмдүү макаласы түштү. Анда жалпы ааламдагы адамзаттын учурда башынан өткөрүп жаткан кырдаалына сереп салынып, анын ичинде кыргыз улутунун өзөк тамыры “Манас” эпосунан келгендигин таануу идеясы көтөрүлгөн. Ошол тамырды бекемдөө менен кийинки муундардын рухун азыктандыруу учурдун эң зарыл талабы экендиги козголгон. Ошондой эле мында мурунку жана кийинки доордогу манасчылардын тагдыры терең анализденип, азыркы учурдагы “Манастаануу” жаатындагы маселелер жагдайынын абалы тууралуу айтылып, эң негизгиси “Манастаануу” сабагынын мектептерде өтө аз саат окутулушу, аны керек болсо балдар бакчаларынан баштап жогорку окуу жайларына чейин окутуу сааттарын көбөйтүү зарылдыгы айтылган. Муну өлкөбүздүн жаңы шайланган Президенти, Өкмөтү эске алып, Кыргыз мамлекетинин өсүп-өнүгүү жолундагы жаңы кадамды кыргыз өзөгүнөн баштоо гана алга жылууга жол берерин болжошкон. Бул макала калың окурман журтка да кызыгуу туудуруу менен пикирлерди жаратары мүмкүн деген максатта гезитибизден орун бердик.
Кыргыздын дүйнөтаанымы
Толугу менен
Posted in Улуттук философия | No Comments »
Posted by kmb3 on Январь 23rd, 2012
Ордо калаабыздын чок ортосунда «Устат шакирт» маданий борбору бар. Ал жерде замандын талантуулары эмгектенет. Келечек муунду комузга, кыл кыякка жана кыргыздын ар кыл үйлөмө аспаптарында ойногонго үйрөтөт. Бу жерде күүчү, комузчу Намазбек Уралиев агабыз балдарга сабак берип, насаатын үзбөй айтып турат.
- Намазбек ага, азыркы кезде комуз дүйнөсүнө болгон коомчулуктун көз карашы тууралуу кеп кылсак… Эгемендик алганга чейин европа тараптан агылып келген маданият менен «ооруп», ата-бабаларга жат көрүнгөн музыкалык аспаптардын «мойнун толгоп», кыргыздардын жандүйнөсүнө таңуулап келдик. Кадимки Карамолдонун ай-ааламды сапырган күүлөрүн укпай калганбыз. Же андай эмеспи?..
Толугу менен
Posted in Аспаптар, Искусство, Кыргыз элдик, Музыка | No Comments »
Posted by kmb3 on Январь 23rd, 2012
37 музыкалык инструмент. Мынча аспапта ойной билүү мындай турсун, алардын аттарын жатка айтуу катардагы адам үчүн манжаларынын саны жетпей биртоп эле кыйынчылык жаратат. Ал эми КР эл артисти Курмангазы АЗЫКБАЕВ 37 музыкалык аспапта профессионалдык деңгээлде кол ойнотот. Негизи виртуоздун репертуарында 54 аспаптын аталышы бар. Азырынча үлгүрүп ойногон аспаптарынын саны 37. Азыкбаев аспаптардын санын кырктан ашырып Гиннес рекорддор китебине катталсам деген изги тилек менен жашап келет.
Толугу менен
Posted in Аспаптар, Искусство, Кыргыз элдик, Музыка | No Comments »
Posted by kmb3 on Январь 23rd, 2012
- Качантан баштап кыргыз тилин коргоо идеясы пайда болду?
- Бир ирет Эркиндик гүлбагында баратып акын Түмөнбай Байзаковго жолуктум. Залкар акыныбыз жаш баладай сүйүнүп алыптыр. Көрсө, анын кубанычы 1989-жылы 23-сентябрда кыргыз тили мамлекеттик тил болгону экен. Алгач жаштык кылып ал кишинин кубангандан көзүнө жаш тегеренип, эргигенин сезбепмин. Кайран Түмөнбай агабыз жолуккан эле бейтааныш кыргыздарга «ой, уктуңбу, азыр эле кыргыз тили мамлекеттик болду» деп сүйүнчүлөп атты. Чынында мага акындын ошол абалы катуу таасир эткен экен. Кыргыз тилин биз баарылап аракет кылып мамлекеттик деңгээлге жеткирбесек ким жеткирет деп ойлогом ошондо.
Толугу менен
Posted in Адабият, Тил | No Comments »
Posted by kmb3 on Январь 23rd, 2012
«Карсезим»
(түрмөк)
Бозоргон талааларды кыроо басып
Кыш дагы көп кечикпей келчү кирип…
Тигилип терезеге уза-ак-узак
Буюккан аяз үнүн аяр тыңшап
Экөөбүз жазды күтүп жашачубуз.
* * *
Кечээ күн кар аралаш жамгыр жаады
Кыңылдап келе жатып көчө бурчтан
О-о сулуум, көрдүм сени!
Чачыңды сууланышкан
Кол менен каптал жакка сылай тарап,
Жанымдан күнөөлүүдөй өтө бердиң
Бекемдеп мендеги бир ишенимди…
* * *
Буралган бетегеси жазды эңсейм.
Жааган кар борошолоп күчөп барат…
Байкуш дарак
Анын да арыз-муңу аз эместей,
Бүтүндөй боюн ийип… жыпжылаңач…
* * *
Кычыроон кыштын кечи
Агылып сен тарапка
Кар кечип эмен бакта жалгыз барам
Жарыгы терезеңдин
Жаныма кубат болуп,
Үшүгөн колдорума кайылмын да
Муздаган дубалдарга атың жазам…
ELZ&BOTA,
«Кар» сынагына
Posted in Адабият, Акындар. Кыргыз поэзиясы, Кар, Сынак | 1 Comment »
Posted by kmb3 on Январь 20th, 2012

Таңкы бурганак
Муздак жел кышты жулмалап,
Уюлгуп ак кар буйдалат.
Ак таңда чыксам ак дүйнө,
Аймалайт жүзүм бурганак.
Кечип мен аппак иримди…
Келатам салып изимди.
Ааламдан түшкөн аппак кар,
Агартчы көңүл, дилимди?
Сөгүлүп аткан таң сыңар,
Сөөгүмдөн, жандан зар чыгар.
Аруулай турган дүйнөнү,
Аппак кар силер барсыңар.
Ак бороон сени күтүнбөй,
Жүрчү элем жектеп, түшүнбөй.
Кар бүртүк бетке чачырайт,
Апамдын эмчек сүтүндөй.
Жазылбай канча ыр калып,
Жанды эзип далай ыйладык.
Бурганак болуп кетким бар,
Буйдалып жүрбөй, буйдалып.
Күттүргөн жазы, күзү да,
Гүлдөгөн өмүр күчү да.
Ааламдан түшкөн аппак кар,
Алп Жердин эне сүтү да.
Ак таңда түндү кубалап,
Аппак кар жаашы уланат.
Асмандан түшүп атайы,
Аруула бизди бурганак…
Зайырбек Ажыматов,
“Кар” сынагына
Posted in Адабият, Акындар. Кыргыз поэзиясы, Кар, Сынак | 1 Comment »
Posted by kmb3 on Январь 19th, 2012
Давран Иляхунов жыл жаңыраар алдында Индиянын Пуне шаарында ФИЛАнын улуттук күрөш боюнча өткөзгөн фестивалына катышып, а жерден эки күмүш, эки коло медалдуу болуп келди.
-Фестивалда кайсы элдердин күрөшүнө катыштың?
-Кыргыздын «Алыш» күрөшү, казак күрөшү, капчагай күрөшү, иран элинин жана украин элинин күрөштөрү болуп, анын төртөөнө катышып, төрт медалды жеңдим. Алыш күрөшү менен Капчагай күрөшүнөн күмүш медалга арзып, казак күрөштөрүнөн эки колону багынта алдым.
Толугу менен
Posted in Улуттук оюндар | No Comments »
Posted by kmb3 on Январь 19th, 2012
Кубанычбек Назаров, архитектор, «Камбартеп» мектебинин негиздөөчүсү менен маек.
К.Назаров кезинде Профессор Ли Ци Шен жетектеген Пекин ушу академиясынын адистеринин колунда машыгып, эл аралык квалификацияга ээ болгон.1985-жылдан бери тайцзи стили менен машыгып, архитектуралык кесиптен тышкары да, өзүн- өзү рухий физикалык өркүндөтүүнүн үстүндө тынымсыз иштеп келатат.
Өмүр таржымалынан
К.Назаров 1949-жылы 4-сентябрда Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы Бегабад айлында туулган.
1966-1971-жылдары Фрунзедеги политехникалык институтунун архитектор куруучу факультетин аяктаган. Кесиби инженер-архитектор.
1987-1988-жылдары Юрмала шаарында, 1989-жылы Токиодо заманбап дизайн жасалгалоо курстарында окуган.
1972-1973-жылдары аталган кесиби боюнча Ленинград шаарындагы «Ленжилпроект» институтунда стажировкадан өткөн.
1973-1976-жылдары «Киргизгипстрой» институтунда башкы архитектор кызматын аркалаган.
1976-1978-жылдары Ош областындагы архитектура башкармалыгында бөлүм башчы, 1978-1982-жылдары Ош обком Компартиясынын жогорку кызматкери, 1982-1992-жылдары Ош облусунун архитектура жана курулуш башкармалыгында башкармалыктын начальниги болуп иштеген.
1992-жылдан тарта жеке ишкерликке өткөн.
Үй-бүлөөлүү, эки баланын атасы.
Толугу менен
Posted in Улуттук оюндар | No Comments »
Posted by kmb3 on Январь 18th, 2012
«Манас» эпосу манасчылардын жардамы менен ооздон-оозго, муундан-муунга айтылып отуруп ушул күнгө жетип отурат. Кыргызстанда манасчылар анчейин баркталбай келсе да, алар өз миссиясын жогорку чеберчиликте аткарып келишет. Тарыхка кайрылсак манасчылардын дээрлик көпчүлүгү эркектер экен. Мына ушул эркектерден кем калбай манасчылык өнөрдү аркалаган кыздарыбыз да арабызда жок эмес. Алардын бири Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин магистранты Айнура Жээнтаева. Өзүн профессионал манасчы катары эсептебесе да, манас айтууну жактырган Айнура кесиби тарыхчы болгондуктан Манасты изилдөө менен манасчылыкты айкалыштырып келет.
Толугу менен
Posted in Улуттук философия, Эпостор | No Comments »
Posted by kmb3 on Январь 17th, 2012
«Жакшы ат бир камчы, жаман ат миң камчы», «Жылкы, жылкы, жылкыдыр, жылкы элдин мүлкүдүр», «Атың барда жер тааны, атаң барда эл тааны», «Ат — адамдын канаты» дешет кыргыздар. Байыркы убактарда бир ат үчүн кызынан, катынынан кечкендер да болуп, канчалаган кан төгүлгөн тарыхый окуялар бар. Жоокер адамдарыбыз болсо жалгыз жанын атына тапшырган.
Күлүктөрдүн көрөгөч сынчылары
Сынчы аталарыбыз жалпы малдын ичинен жалгыз гана жылкы баласын сындаган. Жылкынын сырын түшүнгөн кыргыздар атынын башын бийик жыгачка байлашкан. Күлүк, жорго же чобур болоорун кулун же тай кездеринде эле айтып, үйдө отуруп тыштагы аттын дабышынан күлүк же жорго экенин аныктап коюшчу. Жаңы туулган кулунду карап туруп эле, жаш же карыган бээден туулганын билип коюшчу. Жорго, күлүктөрдүн баскан туягынын изи боюнча, заңдаган тезеги, кашка тиши, жал куйруктары, умасы, көз караштары, жаагынын жана соорусунун түзүлүштөрү боюнча кандай жаныбар болоорун да аныкташчу. Жоргого же аламан байгеге салаарда жорго, күлүктөрдүн кыйындарын, жакшы тапталганы боюнча алдын ала канчанчы болуп келээрин дагы билишкен.
Толугу менен
Posted in Улуттук оюндар | No Comments »
Posted by kmb3 on Январь 17th, 2012
Биздин таенебизди айылдагы кийинки муун Сайра эне деп коюшчу. Атабыз мен төрт жашка келгенде, эң кичинекей иним сегиз айлыгында каза болуп, кийинчерек апабыз турмушка чыгып, ошол кемпир бизди сары ооз балапан кезден багып өстүрүп, эң улуусу мен 32 жашка келип бала-чакалуу болуп калганымда инимдин колунда 85 жаш курагында дүйнө салды. Таенемдин каза болушу менен мен өзүмдү чындап жетим калгандай сездим. Себеби мен аны ата оордуна ата, апа оордуна апа тутунуп калган элем.
Автор, 2008-жыл 14-март.
1. АЛГАЧКЫ ЫР
Шаарга кеткен кабар жок менден,
Шаардан барган сурайсың элден.
Шаабайың сенин суутат далай,
Шашылыш барып көрбөдүк дешкен…
Санаалар анан эңшерип ичиң,
Аларга кейип көрбөгөн үчүн.
Чаалыгып үйгө келесиң араң,
Чаң жолго таштап кепичтин изин.
Көңүлгө кайра үмүт от жагып,
Жүргөндүр дейсиң жылдыздай жанып.
Сезимде мени жатасың калчап,
Серейип жалгыз отуруп алып.
Мен жүрөм таене арманым ичте,
Мезгилдер учат, кармалам ишке.
Ар мүнөт сайын эңсесең мени
Ай сайын а мен барбадым сизге…
Ырбаган чыгаар көңүлдө жараң,
Качкандыр уйкуң тынчыбай санааң.
Мен жүрөм таене, жол тосо чуркап,
Мектептен эгер кечиксе балам…
Өзүмдү, сизди алдадым, аттиң,
Барам деп далай барбадым, аттиң!
Кантейин сизден артыктай болду,
Катыным менен балдарым аттиң…
Мен барбай же сиз шаарга көнбөй,
Сагыныч, санаам чеги жок көлдөй.
Көмө албай сизди калбайлы кокус,
Байыйын таене туруңуз өлбөй…
2005-жыл
Толугу менен
Posted in Адабият, Акындар. Кыргыз поэзиясы | No Comments »