Category Archives: Искусство

“КЫРГЫЗ КИНОСУ өз көрүүчүлөрүн тапты”

Эрнист Абдыжапаров менен маек — Кыргызстандын кино тармагынын азыркы абалын мурдагы убакка салыштырууга мүмкүнбү? — Кинону баары жакшы көрөт, ушул тармак көтөрүлсө деп ойлойт, бирок чыныгы көз жүгүртүү, күйүп-бышуу жок. Канча кино тартылып жатат, Кыргызстанга канча кино кирип, канчасы чыгып жатат, эч кандай көзөмөл жок, сурамжылап билишпейт. Күндөн-күнгө коомчулуктун киного кызыгуусу артып, жаштар көп тартыла [...]

Read More

Кароосуз калган кыргыз киносу

28-майда Жогорку Кеңештин билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин көчмө жыйыны Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” киностудиясында болду. Ал жерге комитеттин төрагасы К.Осмоналиев баштаган ЖК депутаттары, белгилүү кинорежиссерлор, киноактерлор, кинооператорлор, кыргыз киносуна кайдыгер карабаган адамдар, Өкмөттөн, Каржы министрлигинен өкүлдөр, журналисттер барышты. КИНОГО АРТИСТТЕРДИ ЭМЕС, КИНОАКТЕРЛОРДУ ТАРТПАЙСЫҢАРБЫ? Акаев кезинде баш-аягы жок менчиктештирилип жаткан кыймылсыз мүлктөрдүн ичинде [...]

Post Tagged with ,
Read More

Жетиген жергебизде кайрадан шаңшый баштады

Жусуп Айсаев — Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында салттык музыка боюнча ага окутуучу. Буга чейин улуттук аспаптардын бир нече түрүндө ойной билген чебер музыкачы катары таанымал болсо, жакынкы күндөн бери ал эл алдына чыгып, «Жетиген» деген музыкалык аспапты чертип, музыка чөйрөсүнө чоң жаңылык жаратып, баштады. Мунусу улуттук музыка өнөрүбүздөгү жаңы саамалык катары таанылууда. Албетте, [...]

Read More

Айбек Жангазиев, Д.Садырбаев атындагы Кыргызтелефильми студиясынын жетекчиси: «Имаратыбыз жыйырма жылдан бери оңдоло элек…»

- Айбек мырза, бир топ жылдан бери Дооронбек Садырбаев атындагы Кыргызтелефильми студиясын жетектейсиз, аталган студияга Д. Садырбаевдин аты берилгендигине аз эле болду. Ага чейин болсо студияга мамлекет тарабынан тиешелүү деңгээлде көңүл бурулган эмес эле. Азыр кандай көңүл бурулуп жатат? — Азыр деле эч кандай көңүл бурулган жок. Студиянын ачылгандыгына быйыл 45 жыл болду. Мындан жыйырма [...]

Post Tagged with ,
Read More

Бишкекте 18-24 май күндөрү түрк маданиятынын жумалыгы өткөрүлөт

Жумалыктын алкагында Кыргызстандыктар үчүн түрк маданиятынын музыкадан ашканага чейинки түрдүү салттары көрсөтүлөт. Иш-чарага Түркиянын таанымал оркестрасынын дирежеру жана композитору Муса Гөчмен, Сема бийчилер тобу жана сүрөтчү Сафаи катышат. Иш-чаранын алкагында 18-май күнү саат 18:00до Хаят мейманканасында (Hаyatt Regency) Муса Гөчмендин жетекчилигинде “Симфониялык рок” аттуу чакан концерт тартууланат. Концертте Муса Гөчмендин дирежерлугу жана жандуу оркестранын коштоосу [...]

Read More

Темир БИРНАЗАРОВ, режиссер: «Бизде киноиндустрия эмес кинобазары түптөлдү»

- Темир мырза, бүгүн Кыргызстанда ат тезегин кургатпай улам бир жаңы тасманын бетачары өтүп жатат. Мындан улам бизде кино индустриясы өнүктү десек болобу? Ушул тармакка бир саресеп салып берсеңиз? — Мурунку кинонун өкүлдөрү дайыма өткөн кезин кусалык менен эскерип жүрүшөт. Туура, жакшы жетишкендиктер болгон. Бирок ал кезде мамлекет бул тармакка миллиондогон каражат жумшаган. Баарыбыз эле [...]

Post Tagged with ,
Read More

Кыргыздын буга чейинки белгисиз болуп келген жетиген музыкалык аспабы жөнүндө маек

Жусуп Айсаев – музыкант, К.Молдобасанов атындагы Улуттук консерваториянын мугалими. Буга чейин ал улуттук аспаптардын бир нече түрүндө ойной билген чебер музыкант катары таанымал болсо, бу жолу кыргыз музыка тарыхындагы күтүүсүз табылгасы менен музыка чөйрөсүнө чоң жаңылык жаратты. Өткөн жума соңунда «24.kg» МАнын жыйындар залында VIII эларалык джаз-фестивалы тууралуу сөз болуп, бир убакта адаттан тыш музыкалык [...]

Read More

Н. Турсунбаев: Таттыбүбүнү өзүм көргө алып кирип, чекесинен өөп коштошуп чыктым

«Адам болсоң, артист болсоң Таттыбүбүдөй бол» деген драматург Токтоболот Абдымомуновдун асыл сөзү бар. «Рух-суусунду сендей талант-өзөндөн таттык, Бастык жаркын талант көчөңдөн. Биз таңдандык тал чыбыктай боюңа, Дүйүм журттун сулуулугун көтөргөн» деп маркум акын Жолон Мамытов ырларында даңазалаган, периштедей сахна жылдызы, чанда жаралган талант, Ак-мөөрдүн элесин берген аккуу Таттыбүбү Турсунбаева арабызда тирүү болгондо келерки жылы араң [...]

Read More

Истуденттердин Манас айтуу мелжеши дабдабалуу ачылды!

Дабыт АБДЫЛБАРЫ уулу, Кытай, Ланжу шары РЕДАКЦИЯДАН: Гезитибиздин негизги максаттарынын бири этникалык кыргыздардын жашоосун чагылдыруу жана маданий-маалыматтык деңгээлде эл аралык алаканы күчѳтүү болуп саналгандыктан, редакциялык жамаат байланыш мүмкүнчүлүктѳрүнѳ олуттуу кѳңүл бурмакчы. Ушундан улам гезитибиздин мындан аркы сандарына кытайлык кыргыздардын коомдук-маданий турмушунан маалымат берип турмакчыбыз. Учурда Кытайдын ар кайсы провинцияларында билим алып жаткан кытайлык-кыргыз студенттеринин активдүү [...]

Read More

Боз үй – ааламдын жана адамдын кѳрүнүшү

Алай районунун Гүлчѳ айылынын тургуну Патила БЕКЕТАЕВА 15 жылдан ашуун убакыттан бери боз үй сырын чечмелеп келет. Союз маалында бухгалтер болуп иштеген Патила айым кыргыздын сѳздѳрүнѳ,  макал-лакаптарына ой жүгүртүп,  адамдын ѳзгѳрүүсүн, ѳсүүсүн, жашоодогу ак-караны, оң-солду, аял-эркек, жакшы-жаман деген нерселерди чечмелеп жүргѳндѳ, боз үйдүн сырлары ага кѳкүрѳк-туюм менен келе баштаган. Анын айтуусунда, кыргыздар Күн, Ай, Жер, [...]

Read More