Category Archives: Адабият

Шуулдабай калган теректер

Бурул Бакеева эжени карапайым адамдардын турмушун көркөм чыгармада чагылдырган, ал гана түгүл коркунучтуу дүйнө болгон баңгизаттарын ташып келүү, аны сатуу боюнча Тажикстанга соода кылганы барып-келип жүрүп, өз көзү менен күбө болгон нерселерин коркпостон кагаз бетине түшүргөн калемгер катары билемин. Бурул эже бүгүнкү жан сырында кыргыздын чыгаан илимпозу, коомдук ишмери, биздин алдым-жуттум заманыбызда сейрек кездешип калган [...]

Read More

Акын Карбалас Бакиров: Баш оорум ыр жаза баштагандан тартып токтоду…

Карбалас акынды кимдер билбейт? Ырларында чексиз мейкиндикти даңазалаган, адам жанынын эркиндигин баарынан бийик койгон акындын ырлары өзүндөй сейрек. -Карбалас агай, акын үчүн акындык тагдыр сөзсүз керекпи? Сиздин өзүңүздө ошондой акындык тагдыр барбы, кандай деп ойлойсуз? -Суроолордун суроосун бердиң го… Тагдырды адам өз колу менен жасап албайт. А акындын тагдыры болсо анын ырлары аркылуу белгилүү болот. [...]

Read More

Обондон Ыр сынак

Жарыяланып жаткан ырлардын мыктылары калыстар тарабынан тандалгандан кийин “Обон” гезити ал ырлардын жыйнагын чыгарарыбызды эскерте кетмекчибиз. Эгер бул ырларга обончуларыбыз обон жаратчу болсо, ал дагы нотасы менен биргеликте обондуу ыр катары ыр жыйнактан орун алмакчы.Ыр ышкыбоздору, чамдаңыздар! Ошондой эле конкурска катарлаш,“Обон” гезитинин астында “Жаз” адабий клубун ачканыбызды сүйүнчү айтмакчыбыз.Биздин адабий клуб менен байланышууну, мүчө болууну [...]

Read More

Айтматов калтырган кенч

10-июнда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов дүйнө салганына беш жыл болду. Бул күнү окурмандар менен Айтматов таануучулар жазуучунун адабий мурастарын жана алардын барк-баасын кайрадан кепке алышты. Чыңгыз Айтматовдун жарык көрө элек жаңы чыгармалары бар экендиги тууралуу маалыматты алгачкылардан болуп коомчулукка анын кызы, Жогорку Кеңештин депутаты Ширин Айтматова былтыр айтып чыккан эле. Ал атасынын архивдик материалдарынын ичинде [...]

Read More

«Талантты сүйгөндөрдүн эсиндемин»

Союз убагында кыздар арасында пахтачылык бригадасын түзүп, жашоодо активдүү болууга жол көрсөткөн, кыргыз элине таанымал акын Азада Бегимкулованын өмүрү, чыгармачылыгы, өксүгү, өмүрүнүн аздыгы тууралуу баян. Элүү жыл эрте туулган… Олдо тагдыр, мынча оор сынагың, Сынагыңа канча ирет чыдадым. Кайрат урап, карылыкка бой сунуп, Күндөн күнгө карт сөөктөй сынамын. Билген билээр, билбегенге не чара, Бейкапарга болормун [...]

Read More

Комузга жан, күүгө тил киргизген Атай

«Кыргыздан чыккан булбулду, Ким билбейт Атай кургурду?»- демекчи, Атай Огомбаев ырлары менен тарыхта калган инсан. Калктын калың катмарына кара аттын кашкасындай таанымал, искусство айдыңында из калтырган инсандын өмүр жолуна, чыгармачылыгына кайрылууну туура таптык. «КОЛУНДА СӨӨК ЖОК ЭКЕН ДЕСЕМ, БАР ТУРА…» Былтыр журналисттик сапар менен Пекин шаарына барып калдык. Кыргыздардын атынан Кытайда Атай Огомбаевдин «Эсимде» аттуу [...]

Read More

Меңди Мамазаирова: «Карыганга убакыт жок»

Биз журналисттер Меңди эжеден маек аларда көбүнчө аны дүйнөдөн эрте кеткен кыргыздын айкашка акыны Жолон Мамытовдун жубайы катары гана карап, ушул темага гана басым жасап калабыз. Албетте, улуу акындын махабаты, жары болуп аны менен бир үйдө өмүр кечирүү өзүнчө чоң тема, чоң бакыт. Бирок ошол эле учурда Меңди Мамазаирова адабий жанрдын бардык түрүндө бирдей иштеген [...]

Read More

Ысык-Көлдү сагынуу

Кыргыз журтчулугу гана эмес, дүйнөлүк адабият сүйүүчүлөрү сүйүп окуган керемет чыгармаларды жараткан залкарыбыз Чыңгыз Айтматов 2008-жылы 10-июнда бул өмүр менен кош айтышкан. Чыңгыз ага тирүү болсо, быйыл 85 жашка чыкмак. Анын Гүлнур Сатылганова ырдап жүргөн «Ысык-Көлдү сагынуу» аттуу ырдын сөзүн Чыңгыз Айтматов жазганын көпчүлүк биле бербес чыгар. Обону композитор Муратбек Бегалиевге таандык. Мына ошол ыр [...]

Read More

МАКЕЛЕК АКЕГЕ АЧЫК КАТ

Жаш чамаңыздын атам менен айрымасы анча алыс эместигин эске алганда сизди ата десем деле жаңылышпаган болоор элем. Бирок “аке” деп атоо деле кыйыр кеткендик болбойт болсо керек. Кыргыздын илгертеден улуу билген бул сөзүн сиз деле чанбайт болсоңуз керек. Кыргызда буга чейин аке деп аталып калган жети гана киши бар экени да бизге аян… Урматтуу Макелек [...]

Read More

Кыргызча аудиокитептер

Бир кезде кыргызча аудиокитептерди жасап, аны атайы сайтка жайгаштырсамбы деген ой бар эле. Бирок аны ишке ашырганга колум жетпей жүргөм. Бүгүн андай сайтты башкалар ачканын көрүп кубандым. Болгондо да мен ойлонуштургандан ашыра жасашыптыр. Бул сайтка аудиофайлдар гана эмес, китептин тексти да коюлуптур. Китептердин түрү да көп экен: жомоктор, кыргыз адабияты жана котормолор. Бул сайт: Кыргызча адуиокитептер [...]

Read More