Monthly Archives: Август 2009

«Айтыш» экинчи эл аралык фестивалында 35 төкмө акын ат салышууда

27-августта Кыргызстандын түштүк борбору — Ош шаарында президенттин байгесине «Айтыш» экинчи эл аралык фестивалынын тандоо түрү өттү. Аталган фестиваль Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 18 жылдыгына арналган.

Post Tagged with
Read More

«Шамчырак» тасмасы автордук фильмдердин мыктысы аталды

Кыргыз режиссеру Элнура Осмоналиеванын «Шамчырак» тасмасы Ысык-Көлдө өткөн автордук кыска метраждуу фильмдердин мыктысы деп аталды. Бул туурасында 28-августта «КАБАР» агенттигине Кинематографияны өнүктүрүү фондунун продюсери Улан Исакбеков билдирди.

Post Tagged with
Read More

Баткен: Мугалимдин маянасы жаңыча эсептелет

Жаңы окуу жылынан тарта кирип жаткан мугалимдерге окуучунун санына жараша айлык төлөө ыкмасы кошумча түйшүк жаратышы мүмкүндүгү айтылууда.

Post Tagged with
Read More

Ат-Башы районунда китеп марафону өткөрүлдү

КР Маданият жана маалымат министрлиги быйылкы жылды «Китепкана жылы» деп жарыялаганына байланыштуу Ат-Башы районунда да китепканалардын ишин оңдоого карата аракеттер көрүлүүдө. Бул үчүн китепканаларда китеп марафону өткөрүлүп, жалпысынан элден жардам катарында 1685 нускада адабий китептер жана 78622 сом топтолду. Китептер менен каражат райондогу китепканаларга бөлүштүрүлүп, аз да болсо алардагы ишти оңдоого негиз түзмөкчү. Таалайбек Дүйшөналиев, [...]

Post Tagged with
Read More

Чаек айылында Муратбек Бегалиев атындагы чыгармачылык борбор ачылды

Жумгал районундагы Чаек айылында Чаек айыл өкмөтүнүн көмөгү менен райондук аксакалдар Кеңешинин эки кабат имаратынан жай бөлүнүп, композитор Муратбек Бегалиев атындагы чыгармачылык борбор ачылды.

Post Tagged with ,
Read More

Күз айларында Токтогулда жана Барскоондо «Ат чабыш — 2009» фестивалы уланат

Үстүбүздөгү жылдын 24-25-октябрында Жалал-Абад областындагы Токтогул жана 31-октябрь 1-ноябрда Ысык-Көл областындагы Барскоон айылында «Ат чабыш — 2009» фестивалы уланат. Белгилей кетсек, быйылкы жылы төртүнчү ирет өткөрүлүп жаткан фестивалдын башталышы 2009-жылдын 1-2-августунда Ош областындагы Ленин чокусу жайгашкан тоо этегинде өткөн. Бул туурасында «Кыргыз аты» фондунан маалымдашкан.

Post Tagged with
Read More

Бишкекте Ж. Баласагындын “Кут билим” китебинин англис тилиндеги котормосунун бет ачаары болду

26-августта «Zpress.kg» маалымат агенттигинде Долина Юта университетинин (АКШ) вице-президенти Расти Батлер Жусуп Баласагындын «Кутадгу билиг» (Кут билим) китебинин англис тилиндеги котормосунун бет ачаары менен тааныштырды.

Post Tagged with ,
Read More

Бүгүн Ошто «Айтыш» экинчи эл аралык фестивалы башталат

26-августта, Кыргызстандын түштүк борбору — Ош шаарында Президенттин байгесине «Айтыш» экинчи эл аралык фестивалы башталат.

Post Tagged with
Read More

Н.Конокбаев балеттин артисттеринин Сеулдагы Эл аралык конкурсунда күмүш медаль алды

Балеттин артистти Н.Конокбаев балеттин артисттеринин Сеул шаарында өткөн Эл аралык конкурсунда күмүш медаль алды. Бул туурасында Маданият жана маалымат министри Султан Раев билдирди.

Post Tagged with
Read More

Күзүндө Бишкекте эл аралык Айтматовдук окуулар өтөт

«КАБАР» маалымат агенттигинде өткөн пресс-конференцияда ТЮРКСОЙдун гендеректору Дюсен Касеинов үстүбүздөгү жылдын 12-октябрында Бишкекте эл аралык Айтматовдук окуулар боло тургандыгын билдирди. Анын айтымында аны Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министрлиги менен бирдикте Анкара университети жана ТЮРКСОЙ уюштурууда.

Post Tagged with
Read More