Кыргызстанда “Чолпон жылдыз” эл аралык сынагына тандоо өтүүдө

Кыргызстанда “Чолпон жылдыз” эл аралык сынагына тандоо өтүүдө

«Чолпон жылдыз» эл аралык сынагына катышуу максатында Бишкекте кыргыз эстрадасынын өкүлдөрү арасында тандоо өтүүдө. Бул тууралуу сынактын продюсери Адил Чекилов билдирди.




Жалал-Абадда IV республикалык театралдык фестиваль ачылды

27-сентябрда Жалал-Абад шаарында IV республикалык театралдык фестиваль ачылды. Иш чара СССРдин эл артисти Муратбек Рыскуловдун 100 жылдыгына арналган.




Аз сүйлөп, көп жазган акын кыз

Жаш акын Нуриза Өмүрбаева Жусуп Баласагын атындагы КУУнин филология факультетин бүтүргөн. Бир поэтикалык жыйнактын автору. Акын кыздардын телегейи тегиз эмес… Мен мектепте окуп жүргөн учурдан баштап эле ыр жазам. Ар кыл темага кайрылам, бирок сүйүү темасы басымдуу. Бардык ырымда ар башкача образ жашайт. Мен ким бирөөнү өтө сүйүп калгандан корком. Болгону бир жылуу сезимдин мага




Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев: Кыргыз тилинин келечеги кең, түбөлүгү түз болсун

Улук болсом- тилим менен улукмун, Улут болсом -тилим менен улутмун! Эсенгул Ибраев 23-сентябрда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынгандыгына 20 жыл толушуна арналган салтанат болуп өттү. Салтанатты Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Ташбоо Жумагулов ачып, куттуктоо сөздү Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевге берди.




Манасчы «Семетейин» элге сунат

Кыргыз Республикасынын эл акыны, белгилүү манасчы Уркаш Мамбеталиев өз варианты боюнча «Семетей» эпосун кагазга түшүрүп, атайын китеп кылып чыгаруунун үстүндө чымырканып иштеп жүргөн учуру. Чыгармачыл инсан эмеспи, чечекейи чеч болуп редакциябызга сүйүнүч айтып келиптир. Биз да сүйүндүк. Китепке жазылган баш сөздү окурмандарга эртерээк жеткирели дедик. Артынан китептин бактысы ачылып, чыгып калаар деп манасчы агабыздын кубанычын




«Манас» жана Чыңгыз

Ал аңгемесинин аты «Кайрылып куштар келгиче» деп аталган. Чыгармада Эламан аталган манасчынын образы ачылып, анда «эл өзүнүн тарыхый тагдырын, келечек өмүргө болгон укугун кандайча аңдап билиши, түшүнүшү туурасында айткым келет» (караңыз, 8-том, 228-б.) деген башкы ой менен, «Манас» эпосу кыргыздардын эмне үчүн руху болуп калганын, манасчынын акылман аракети аркылуу ачууну көздөгөн. Аңгемеде Эламан манасчы түшүндө




Д.Сарыгулов: «Кыргыз этникалык топтордун санына кирип калганбы?»

Редакциядан: «Назар» газетасынын 2009-жылдын 8-сентябрындагы №22-санына К.Субановдун «Улутка чакырык» аттуу чындыкты бетке чаап, көзгө сайган макаласы жарыяланган. Макала кыргыздын келечеги үчүн чындап күйүп-бышкан инсандар арасында чагылгандын огундай чарт эткен таасир жаратса керек. Эртеси эле Тенти Орокчиев аттуу чыгаан журналист агабыз үн кошкон макаласын жазып келди. Ал гезитибиздин 18-сентябрдагы №24-санына жарыяланды. Макаланын мазмуну белгилүү коомдук ишмер,




Өнөр алды — кызыл тил

Элибиз илгертен кеп-сөздү баалап, барктап келген. «Өнөр алды — кызыл тил», «Удулу келгенде айтылбаган сөздүн атасы өлөт», «Бутунан жаңылган турат, сөзүнөн жаңылган турбайт», «Сөзүң өлгөнчө өзүң өл», «Жакшынын сөзү кепил, жамандын өзү кепил» деген сыяктуу не бир сонун макал-лакаптардан эле кыргызда сөзгө канчалык маани берилээрин түшүнсө болот. Илгери бүтүндөй уруулардын тагдыры чечилген чоң жыйын-курултайларда уруу




Асанкан Жумакматовдун артында калган издер

Социалисттик сүргүндүн тап душманы катары Украинага айдалып, сүргүндөн келгенден кийин Асанкан Жумакматов Фрунзедеги педтехникумдун орус группасына кирет. Бир жылдан кийин опера — балет театрынын башкы дирижеру В.В. Целиковский кыргыз искусствосунун 1 — Декадасына карата жөндөмдүү жаштарды тандап жүрүп, жакшы окуп жаткан Асанканды театрга алып кетет. Асанкан педтехникумду биротоло таштап, театрдын оркестрине литаврист болуп кирет. Ушундан




«Тунгуч» театрынын жамааты Алмата шаарына жөнөп кетти

Аталган театрдын жетекчиси , Кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматованын «КАБАР» агенттигинин кабарчысына билдирүүсү боюнча, кечээ театрдын чыгармачыл тобу Казакстандын Алмата шаарына чыгармачылык гастрол менен жөнөп кетти. 26 — сентябрдан 29 — сентябрга чейин созулган гастролдун учурунда «Тунгучтун» артисттери «Манасчы», «Ханышанын көз жашы» жана башка бир топ спектаклдерди казак көрүүчүлөрүнө тартуулашмакчы.




Курманжан датка жөнүндө тасма тартууга мамлекеттик казынадан 2,5 млн сом бөлүндү

Кыргызстанда Курманжан датка жөнүндө тасма тартууга мамлекеттик казынадан 2,5 млн сом бөлүү туурасында премьер-министрдин буйругу чыкты. Анын 1,5 млн сому Курманжан жатка жөнүндө даректүү фильм тартууга жумшалса, 1 млн сому тарыхый инсан тууралуу көркөм тасма тартууну даярдоого сарпталмакчы. Бул туурасында Маданият жана маалымат министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин башчысы Абибилла Пазылов билдирди.




М. Рыскулов атындагы областтык драма-театрында жаңы спектакл даярдалды

Облустук М.Рыскулов атындагы академиялык музыкалык драма театрында «Айыл таңын утурлап…» аттуу  драмалык чыгарманын бетачары  болду.




«Кинопоезд» Кыргызстанга келатат

Кыргызстанда 25-сентябрдан 1-октябрга чейин дүйнөлүк жаш кинодокументалисттердин «Кинопоезд» иш-чарасы өтөт.




Кыргыз тили кырк жылда да оңолбойбу?

Мамлекеттик тилдин 20 жылдыгына арналган салтанатта өлкө башчысы тил үйрөтүүнүн заманбап усулдарын жана ыкмаларын иштеп чыгууга көңүл буруу керектигин белгиледи. Президент Курманбек Бакиев мамлекеттик тилдин 20 жылдык салтанаттуу иш-чарасында сүйлөгөн сөзүндө кыргыз тилинин күңгөй-тескейине, келечегине, аны өнүктүрүүдөгү айрым тоскоолдуктарына токтолду. Анын пикиринде жаш жеткинчиктерге эне тилин бала бакчалардан баштап окутуу зарыл:




Ник Мегоран: Кыргыз тили жоголбойт

Кыргыз тили колдонуудан чыгып, башка тилдерге сиңип кетет деп кооптонууга негиз жок, дейт Ош жергесинде сапарлап жүргөн Улуу Британиядагы Ньюкасе (NewcasHeu) университетинин изилдөөчүсү, саясий география илиминин доктору Ник Мегоран. — Ник мырза, өзүң тээ алыскы Улуу Британиянын жараны болсоң, кандай зарылчылыктан улам кыргыз тилин үйрөнүп калдың?




Сулайман Мамбеталиевдин “Баяны”

Белгилүү журналист Сулайман Мамбеталиевдин «Баян» аттуу көлөмдүү китеби чыкты. Китепте автор кыргыз тарыхына кайрылып, эртең тарыхка айланчу бүгүнкү күн тууралу толгонот. Көрүнүктүү журналист Сулайман Мамбеталиевдин «Баян» аттуу жаңы чыккан китебине чейин «Тянь-Шандын бийик тоолорунда», «Жашоо чыйырлары» деп аталган китептери басылып чыккан. Сулайман Мамбеталиев Кыргызстандын бир топ басма сөз кызматтарында иштеп, өзгөчө Нарын облусунда журналисттерди даярдоодо




Ошондо Таттыбүбү, «мени бул жерден тезирээк алып кет, «-деп ыйлабадыбы

Таттыбүбү 1944-жылы 12-июлда Жумгал районуна караштуу Чаек айылында төрөлгөн. 4 эркектин арасында чоңойгонунан уламбы же жаратылыш тартуулаган мүнөзүбү, айтор өтө шайыр, гүлмүңдөгөн тегерек көз, тармал чачтуу, эркек мүнөз кыз эле. Бир туугандарынын ичинен мага өтө жакын болчу.




Жумадин КАДЫРОВ, «Бийиктик» басмаканасынын жетекчиси: «Элдин аракка, тамекиге корой турган акчасы китепке корошу керек»

- Капиталист болдуңбу? — Болгон жокмун. Болоюн деген максат да койгон эмесмин. Максатым — коомчулукка, кыргызга керектүү китептерди чыгаруу болчу.




Кыргыз эл артисти Асек ЖУМАБАЕВ: «КАРАМОЛДО: Асек, сен чоң артис болосуң, аракты кыскарт, бозого өт деди»

Журналисттик кесипти аркалап жүргөндөгү куржунубузду аңтарсак, көзү барында ымандай сырын айтып кеткен о, далай залкарларыбыздын маңдай-тескей маектери бар экен. Кайра окусаң деле эскиргиз, эсил кайрандарыбыз жарк этип тирилип келгендей… Алардан эч көкүрөгүбүз суубайт окшойт. Кайрандарды кайткыс сапарга узатаарда: «Сиз дайыма биз менен жашай бересиз» дегенибиз да, балким ошондондур… Маркумдар атпай-журтун арбагында колдой жүрсүн, а биз




Ташбоо ЖУМАГУЛОВ, Президенттин алдындагы мамлекеттик тил боюнча комиссиясынын төрагасы: «Киргиздерди камап, ата албайбыз»

1989-жылы 23-сентябрда легендарлуу парламент мамлекеттик тил мыйзамын кабыл алган. Ошол чечимге ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик тил деп кыргыз тили жарыяланган. Андан бери 20 жылдын жүзү болду. 20 жыл ичиндеги өзгөрүүлөрүн, дегеле мамлекеттик тилибиздин абалы тууралуу Президенттин алдындагы мамлекеттик тил боюнча комиссиясынын төрагасы Ташбоо Жумагуловго кайрылдык.