Инсандык улуу сапаттардан өксүбөйлү

Улуттук орто билим берүү системасынын структурасын өзгөртүп түзүү аркылуу билим берүүнү заман талабына ылайык жаңыча уюштуруунун зарылдыгы жөнүндө

КР Президенти Курманбек Бакиев баса белгилеп кеткендей ар кандай коомдук өсүп-өнүгүүнүн деңгээли, ал коомдун жашоо шартынын, маданиятынын, илимдүүлүгүнүн, билимдүүлүгүнүн улам жогорулап өсүшүнө берилген баасы менен аныкталат. Анткени, билим берүү системасы коомдун өсүп-өнүгүүсүндө эң негизги кыймылдаткыч-рычагдын милдетин аткараары талашсыз. Эгерде билим берүү системасы өзүнүн өсүп-өнүгүүгө карата жүргүзгөн саясаты, идеологиясы, чакырыктары менен коомчулукту канчалык ишендирип, ээрчите алса, анда коомдук өнүгүү, мамлекеттик чыңалуу ошончолук күчүнө кирет.

Учурда журт башчыбыз тарабынан балдар бакчалары, мектеп, жогорку окуу жайлары жана алардын келечек ээлерине терең билим берүүнүн эффективдүүлүгүн жогорулатуу зарылдыгы жөнүндөгү жүргүзүп жаткан саясаты бүгүнкү күндүн глобалдуу маселелери экендигин ким тана алат? Айрыкча мектепке чейинки мекемелердин тарбиялануучулары жана башталгыч класстардын балдары үчүн тамактанууну уюштуруу, окуу китептеринин акысыз таратылышы, мугалимдердин айлык акыларынын өсүшү, ошондой эле окутуу, тарбия берүү мекемелеринин ремонтторунун мамлекет тарабынан каржыланып жатышы жана башка жакшы саамалыктардын баары мунун ачык айкын далили. Бирок Президентибиздин демилгеси менен мамлекетибиз тарабынан көрсөтүлүп жаткан мындай камкордуктар коомчулук тарабынан кандай кабыл алынып жатат? Кеп негизи ушунда. Ар кандай мамлекеттин күчү анын жарандарынын интеллектуалдык билим деңгээлинин бийиктиги, ынтымагы жана биримдиги менен шартталат. Демек, мамлекетибиздин ар тараптуу өсүп-өнүгүүсүн шарттоочу рычаг — бүгүнкү күндөгү билим берүү системасын түп тамырынан өзгөртүп, заман талабындагы жаңы билим берүүнү уюштуруу.

Тилекке каршы, азырынча биздин кыргыз коомунда билим берүү системасы өзүнүн функциясын тактап, өз бурчун аткарууда чабалдык кылып жаткандай сезилет. Бул, бир гана менин жеке пикирим эмес, бүткүл коомчулуктун билим берүүнүн бүгүнкү абалына карата берген баасы. Мына ушундан улам мамлекеттик билим берүүсүн заман талабында, жаңыча уюштуруу зарылдыгы келип чыгат.

Анда эмесе «Өткөнгө саресеп салмайын, жаңыны уюштуруу мүмкүн эмес» деген элдик накыл кепке таянуу менен, учурдагы билим берүүгө коом тарабынан коюлуучу дооматтарга аналитикалык байкоо жүргүзүүгө аракеттенип көрөйүн.

Кыргыз мамлекетинин учурдагы билим берүү системасы, Улуу Октябрь Социалисттик Революциясынан кийин түптөлүп, негизги максаты: СССРдин курамындагы бардык улуттарды бирдей идеологиянын алдында тарбиялоо менен, Коммунисттик Партиянын духуна багындыруу аркылуу, СССРдин кубаттуулугун түбөлүктүү сактап калууну кооздоп, түптөлгөн структура менен жашап калган. Ошол себептен бул максатты көздөгөн ар кандай иш чаралар башкы планга коюлуп келген. Натыйжада өнүккөн, эркин инсандын калыптанышы башкы максат болбой калган жана ал үчүн маанилүү болгон иш чараларга учкай, формалдуу мамиле жасоо көнүмүшкө айланып кеткен. Акыбетинде коомчулуктун калың катмарынын психологиясында калыптанбай калган инсандык улуу сапаттардын жоктугунан коомубуз жабыркап, мамлекетибиз жардыланып кетти. Мен бул оюмду төмөндөгү аргументтер менен тастыктагым келет:

1. Мектепте балдардын үстүнөн билим сапатын аныктоо деген чоң, негизги процедура жүргүзүлүп келет. Бул процедуранын жүрүшүндө кетирилген, бир караганга байкала бербеген, көптөгөн кемчилдиктердин таасиринен, тарбиялануучунун психологиясынын тереңинен: уурулук, жалганчылык, алдамчылык сыяктуу терс сапаттар, эптеп-септемей көз караштагы аракеттер түбөлүктүү орун алып, калыптанып, көнүмүшкө айланып жашап келет. Мисалы: окуучу ошол баалоо процедурасындагы критерийлердин талаптарына жооп берүү максатында, өзү иштей албаган үй тапшырмасын жолдошунан көчүрөт да: «мен өзүм иштедим» — деп жалган айтууга аргасыз болот. Дил баян жазганда, китептерден, бирөөлөрдүн ойлорун уурдап, көчүрүп жазып алат да: «бул менин оюм» — деп айтууга аргасыз болот. Мындай жалганчылыгы, уурулугу үчүн бала өзүн эч качан, эч кимдин алдында күнөөкөр сезбейт. Анан дагы, мындай туура эмес аракеттери менен алган билимин аныктоочу жакшы баасын: «Ак эмгегимдин жемиши» — деп билүүсү, баланын психологиясынын тереңине сиңип, көнүмүшкө айланып кеткен. Ошентип өзүн-өзү алдоо менен, эптеп мектепти бүтүрөт, эптеп жогорку окуу жайын бүтүрөт, эптеп жакшы жумушка орношот да андан ары эптеп-септеп жашоосун уланта берет. Мындай эптемей кадрлардын азабынан коомубуз канчалык жабыркап жатышкандыгын элестетүү өтө кыйын. Мектеп өзү калыптаган инсандарга бул терс сапаттардын үстүнөн күрөш жүргүзүп, бирок жеңиштин жытын да сезбей ушул күнгө чейин кур бекер убара тартып келет. Мындан билим берүүдөгү, билим сапатын аныктоо процедурасын кайрадан кароо зарылдыгы келип чыгат.

2. Ата-бабаларыбыз байыртадан эле бала тарбиясына өзгөчө маани берип келишкен жана түптөлгөн улуттук принципке таянуу менен балдарды курактарга бөлүштүрүп, курактарына жараша мамиле жасашып, милдеттерди таңуулашып, укуктарды беришип, этаптык тарбиянын негизинде жашоого, жашоо үчүн күрөшүүгө татыктуу тарбиялап келишкендиктерин билебиз. Бирок учурдагы билим берүүнүн структурасында этаптык тарбиялоонун элементтери сакталбай калгандыгына тынчсызданууга себеп калтырбай, кылдаттык менен түзүлгөн билим берүүнүн бул структурасынын жемишинен: курактык жоопкерчилик жоголуп, улуудан урмат, кичүүдөн ызат качып, өз ара сыйлашуулар солгундап баратканы сезилет, жана дагы өз алдынча ой жүгүртүп, өзүмдүк дүйнө карашка ээ болоор курагында кээ бир өспүрүмдөр ата-энелерине эркелешип, беш жашар баланын психологиялык абалынан чыга албай кыйналышат да өз алдынча үй-бүлө күтүү курагында бала болуп алышып, ата сакалы ээгине бүткөн кезде өздөрүн жаш сезишип, жаштардын кыжырына тийишет. Анан эч кимге сөзү өтпөгөн мокок, байкуш, бактысыз карыяга айланышып калышкандыктарынын себептерин, күнөөкөрлөрүн издеп таба алышпай, арман менен бу жашоодон өтүп кетишет.

Коомчулуктун мындай жабыркаланышын, учурдагы билим берүү системасы тарбиялоонун улуттук принциптерине негизделген курактык-этаптык тарбиялоо менен чирелишпей калгандыгы аркылуу түшүндүрүүгө болот. Коомчулуктагы мындай жабыркаланууну жоюу үчүн бала тарбиясындагы курактык-этаптык тарбиялоонун принциптерин, жаңы билим берүү системасынын структурасына киргизүү зарыл.

Ар бир баланын өзүнчө өзгөчөлүгү, шыгы, таланты, аракети болоорун баардыгыбыз деле билебиз. Бирок баладагы бул шык, талант, аракеттин андан ары өркүндөп өсүшү үчүн учурдагы билим берүү системасынын структурасында: шарттар түзүлүп, багыттар берилип, жол ачылып тургандай сезилгени менен, чындыгында андай эмес. Сабактан кийин өткөрүлүүчү кружок иштеринин мойнуна арта салынган, билим берүү жана тарбиялоодогу өтө чоң жана маанилүү бул процесс б.а. балдардын каалоосу боюнча билим алуусун уюштуруу процесси учурда формалдуу гана иштеп келе жатат. Анткени, мындай өтө назик иш процессин жүргүзүүдө кружок иштеринин тиши өтпөй тургандыгын эч ким талашпайт. Мындай катачылыктын натыйжасында көп балдардын таланты шыгы өз учурунда ачылбай, өздөрүнүн эмнеге жөндөмдүү экендигин орто мектепти аяктагандан кийин да аныкташа алышпай тагдырдын тар жолунда адашып, коомдун өнүкпөй калган тобун толуктап келишет. Мындай жабыркаланууга чекит коюу үчүн билим берүү системасынын жаңы структурасын түзүүдө баланын жөндөмдүүлүгүнө, шыгына, талантына жараша билим алуусун уюштурууну эске алуу зарылдыгы келип чыгат.

Учурдагы билим берүүгө канааттанбаган жаштардын көпчүлүк бөлүгү, агарып-көгөрүүнү дин жолунан издешип, дин таануу илимин үйрөнүүгө багыт алган жаштардын узун, жоон тобун түзүп жатышат. Байкап көрсөк бул чындыкта ар бир пендени дин ырым-жырымдары дайыма жандап жүрөөрүн моюнга алууга туура келет. Мисалы, кыргыз пендеси көз жумса, аны ак жууп, ак тарап, ак кепинге ороп, жаназа түшүрүп, сөөктү мусулман ырым-жырымдар менен жерге берип, куран окугандан башка арга жок экендигин да моюнга алуу керек. Андай болсо, дин илимдерин үйрөнүүгө багыт алып жаткан жаштарыбызга эч кандай доомат коюуга деле негиз жоктой сезилет.

Бирок өз Ата-Мекенибизде, Кыргызстанда жашап туруп, мечит-медреселерде араб кийимдерин кийишип, үрп-адат, каада-салттарын тутушуп, араб майрамдарынан башка майрамдарды кабылдашпай, араб жашоо эрежелерине кыңк этпей баш ийишип, өздөрүнүн кыргыз экенин унутууга чейин жетишкен кыргыз жаштарына эмне дейсиң? Айрыкча беш көкүл чачтарын сеңселтип, үкү топусун желге желпинтип, тоо улагындай эркин секирип ойноор чагында, араб кийимдерине оронуп, чулганышып өздөрүн эркектер алдында төмөн сезүүгө өз өздөрүн мажбурлап жатышкан кыргыз секелек кыздарына эмне дейсиң? Жаштардын бул тобунун эли жерине болгон сүйүү, эне тилине, улуттук дилине болгон аяр мамилеси, дегинкиси, патриоттук сезими кайда калып жатат? Мындай ылаңдын артында жаштарыбыздын мамлекетибизге болгон ишеничин, таянуусун, мамлекеттүүлүгүбүздү сактап калуу милдеттүүлүгүн, акырындап олтуруп солгундатып, жоготуп алуу коркунучунун жыты жыттанып жаткан жокпу? — деген сыяктуу коркунучтуу суроолорго да кабылат экенсиң.

Чынында эле дин үйрөнүүүгө багыт алып жатышкан жаштардын бул узун, жоон тобун кайра артка кайтаруу мүмкүн эмес. Бирок дин таануу сабагын мамлекеттик мектепке киргизүү аркылуу, тарбиялык багытын, мамлекеттик деңгээлде көзөмөлдүккө алууга боло тургандыгы чындык.

Мына ошондон кийин гана кыргыз мусулман дин таануучуларынын алдына төмөндөгүдөй чоң милдетти коюуга болот. Ал милдет мусулман парздарын кыргыз коомчулугун, жашоо эрежелерин, каада-салттарына кылдаттык менен ыңгайлаштырып, өзөгүндө кыргыз улуттуулугунун үстүн бекем орногондой орнотуп, кайра иштеп чыгып, акоомго тартуулоо милдети болуп эсептелет.

Эгерде кыргыз жаш дин таануучулары өз билимдерин жаратылыш мыйзамдарын окутуп үйрөтүүчү табигый илимдер менен, коомчулуктун ынтымагын, достугун, биримдигин, тынчтыгын камсыздоочу гуманитардык илимдер менен, адам факторун биринчи орунга коюучу дүйнөлүк идеологиянын философиялык терең маанилери менен айкалыштыра алышпаса, анда бул дин илимин үйрөнүүгө бет алган узун жоон топ түпсүз туңгуюкка кабылышаары алаканга салгандай көрүнүп турат.

Тарых барактарына кайрылсак, учурунда япондор эч кандай дин тутушкан эмес дешет. Коомдун өсүп-өнүгүүсү үчүн, мамлекет тарабынан жүргүзүлүүчү идеологиялык чакырыктарды коомдун калың катмарынын жүрөгүнүн түпкүрүнө жеткирүү үчүн, коомдун өсүп-өнүгүүсүн шарттай алган, жашоонун жалпы эрежелерин коомдун колдонуусуна киргизүү үчүн, коом, жакшы бир жалпы динди тутуп жашоолору ыңгайлуу экендигин баамдашкан япондор, дүйнөдөгү бардык диндерди иликтеп чыгышып, алардын ичинен мусулман динин жактырышып, ага токтошот да, жалпы коомчулугу менен, өз каалоолору боюнча мусулман динин тутуп, жашоого өтүшкөн дешет.

Бирок да япондор улуттук тарыхын, маданиятын, адабияты, искусствосун, каада-салттарын, эне тилин, улуттук кийимдерин кастарлап сактап, заманга жараша жаңыртып, жаңы боекторду беришип, туу тутушуп, бийик көтөрүп, өсүп-өнүгүп жашап келишет. Ал эми бизчи?

Бул аргументтерден дин сабагын мамлекеттик мектептерге киргизип, дин илимдеринин тарбиялык багыттарын коомубуздун өсүп-өнүгүүсүнө багыттоо зарылдыгы келип чыгат.

Учурдагы билим берүү системасынын мындай каталарынын таасиринен коомубуз канчалык жабыркаланып жаткандыгын көрүп, билип турсак да, мындай көйгөйлүү маселелерге эч кимибиз тынчсызданбай келебиз. Эмне үчүн? Балким биз ата-энелер өзүбүз да, билим берүүнүн ушул структурасында калыптанып, билим берүүнү башкача уюштурууга мүмкүн экендигин элестете албай кыйналып жаткандырбыз? Бирок канчалык кыйынчылык болбосун, билим берүүнү жаңыча уюштуруу мезгили келип кетти. Анткени заман өзгөрдү. Чакан коомубуздун алдында чоң милдет пайда болду. Ал милдет — дүйнөлүк өнүккөн коомдордун катарына теңелүү милдети. Бул өтө оор, өтө көп эмгекти талап кылуучу милдетти аткарууда алгач, сөзсүз билим берүү системасынын реформалоодон баштоо зарыл. Ансыз алга жылуу мүмкүн эмес.

(Уландысы бар)

Жумалиева Тажи, Бишкек шары,
«Кутбилим» («Кыргыз гезиттер айылы»), 28.08.2009-ж.

Бөлүшкүлө

Опубликовать в Facebook
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>