Таласта эл жазуучусу Ч.Айтматовго арналган эскерүү кечеси өтөт

Таласта эл жазуучусу Ч.Айтматовго арналган эскерүү кечеси өтөт

Талас облусундагы Кара-Буура районунун Шекер айылында 12-декабрда Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз Республикасынын Баатыры, эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналган эскерүү кечеси өтөт. Бул туурасында облмамадминистрациядан билдиришти.




Шайлообек

Оо, Шакем жөнөкөй, өтө эле жөнөкөй. Анын Улуулугу жөнөкөйлүгүндө. Элдин баары «Лексус» минип, «Мерседес» минип сызып баратса, Шакем эски арабага олтуруп алып кылдырай барат. Ошол арабада баратып эле миңдеген окурман аарыдай жабалактай жабышып сөз соруп окуган ырларын жазып кете берет, дегеле шашпайт, ким эмне дебатат, оокат-поокаттын баарын башкалар менчиктеп кетибатканы менен деле иши жок. Кез-кези




Эсенжан Чокморов: «Сүймөнкул Чыңгызханды ойноп, Оскарды жеңмек»

Өткөн жумада СССРдин Эл артиси, КРнын Эл сүрөтчүсү, КРнын спорт чебери Сүймөнул Чокморовдун 70 жылдыгына арналган волейбол боюнча чоң турнир өттү. Ошол жерден агасы Эсенжан Чокморов менен таанышып калып, жөн отурбай ал адам менен Сүймөнкул туурасында азын-оолак маек курдук.




Кыргыздын сол канатынын, кытай уруусунун санжыра тарыхы

Кыргыз улуту кайсыл тарабынан, кайсыл өңүтүнөн алып карабайлы миң сырдуу, миң кырдуу келип, табиятынын дал ушундай керемет өзгөчөлүктөрүнөн улам бар тарабы келишкен, байыркы улуттардын катарын толуктап келе жаткан болсо керек деген ойго батасың. Ушул күнгө чейин уучу бөксөрбөй улуу тоолорго чыгып, улар үнүн угуп, адамзатында сейрек кездешчү не бир акактай асыл сапаттары менен жок болуп




Бакыт КАРАГУЛОВ, Төлөмүш Океев атындагы «Кыргыз фильм» кино студиясынын деректири, режиссер: «Мен Айтматовдун атын жамынып акча жасаган эмесмин»

Режиссер Бакыт Карагулов жазуучу, журналист Бекен Назаралиевдин аңгемесинин негизинде «Бешик» аттуу тасма тартты. Анда адамдын ачуу-таттуу тагдыры, турмуштун оош-кыйыштары ачык сүрөттөлөт. Жаңы тасманын өзөгү жана жалпы эле кино жаатындагы жаңылыктар тууралуу Бакыт Карагуловду кепке тарттык.




«Нурборбор» курборбор эмес

23-ноябрда жаштардын республикалык «Нурборбор» чыгармачылык бирикмеси өзүнүн он жылдык мааракесин белгиледи. Бул бирикмени түзүү демилгеси 1999-2000-жылдары эч ким тарабынан көңүл бурулбай калган жаш жазмакерлер тарабынан көтөрүлүп, ошол кезде Кыргызстан Жазуучулар союзунда төраганын орун басары милдетин аткарып турган Абдымамбет Сариевдин аракети менен жолго салынган. Бирикменин негизги максаты — чыгармачыл жаштардын башын кошуп, алардын такшалуусуна шарт түзүү.




«Чулдур» тилибиз качан дулдул тил болот?

XVIII кылымда император Фридрих II адамдын «табигый» (баба) тили кайсы тил болгондугун аныктоого аракет кылат. Ал алты наристени тандап алып, аларды тамактандырууда, багууда, дегеле, алардын жанында сүйлөөгө, атүгүл, бир сөз айтууга тыюу салат. Фридрих наристелердин тили байыркы латын же грек тилинде (баба тилинде) чыгат деп ойлогон. Бирок бир да сөз укпаган наристелер ооруп, аягында чарчап




Төкмө акын Элмирбек ИМАНАЛИЕВ: «Кайран жаштык, кайрылбас арман жаштык, Азилдештик, сырдаштык, армандаштык…»

Кыргызды кыргыз кылып сактап келген негизги өзөк: эне тил, манасчылык анан төкмөлүк өнөр экени айтпаса да түшүнүктүү. Айрыкча байыртан эле чыгыш элинин жакшы чыкмалары «бизди эл, сизди Кудай шайлаган» деп оозунда кеби, жүрөгүндө деми бар сөз падышаларын төргө өткөрүп, сыйлап келген. Анүстүнө Саякбайдай манасчы, Жеңижоктой төкмө болуш ар бир эле адамдын колунан келе бербейт. Эгер




Кыргыздын жыл санагы үч ирет өзгөртүлгөн

Кыргыздын айрым жыл санакчылары жаңы жыл 17-ноябрда жаңырат десе, айрымдар күн-менен түн теңелген 17-мартта жаңы жыл келээрин айтышууда.




Жазуучу Мелис Абакировдун чыгармаларынын эки томдугу

Жазуучу Мелис Абакировдун тандалган прозалык чыгармаларынын эки томдугу басылып чыкты. Ага аңгемелери, повесттери жана тарыхый-эпикалык кеңдиктеги “Көкөй кести”, “О, опаасыз дүйнө” романдары кирди.




Айтматовго арналган эл аралык симпозуим

Москвада Чыңгыз Айтматовдун жылдыгы алкагында дагы бир эл аралык симпозиум өттү. Аны Кыргыз-орус Славян университети менен Москвадагы Горький атындагы адабий институт биргелешип өткөрүштү. «Чыңгыз Айтматовдун дүйнөсү: кызматташуу жана маданияттар алым сабагы» деп аталган жолугушууга аттуу-баштуу адабият таануучулар менен жазуучулар катышты. Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы боюнча негизги кеңири кепти академик Абдыганы Эркебаев айтты. Жазуучулар арасында көптү




DA журналынын кезектеги саны Чыңгыз Айтматовго арналды

Кыргызстан, Түркия, Россия, Казакстан, Азербайжан, Беларусь, Грузия, Монголия, Молдова, Тажикстан, Түркмөнстан, Украина мамлекеттеринде ар токсондукта бир жарык көрүүчү адабий, маданий “Диалог Евразия” (DA) журналынын Кыргызстандагы координатору Мустафа Башкурттун “Кабар” агенттигине билдирүүсү боюнча, аталган журналдын кезектеги саны кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовго арналган.