“Сабля багыра” Кыргызстанда

“Сабля багыра” Кыргызстанда

«Кыргыз эл» коомдук бирикмеси белгилүү орус тарыхчысы Ю.С.Худяковдун «Сабля Багыра. Вооружение и военное искусство средневековых кыргызов» (“Багырдын кылычы. Орто кылымда жашаган кыргыздардын курал-жарагы жана аскердик өнөрү”) деген китебин эми Кыргызстанда да сатып алуу мүмкүн экендигин билдирет. Китептин аталышы эле көрсөтүп тургандай, анда кыргыздардын аскердик тарыхы баяндалат – бул кыргыздардын аскердик өнөрү, курал жарактары, кошуна көчмөн




БУУнун Башкы ассамблеясы 21-мартты Эл аралык Нооруз күнү деп тааныды

2010-жылдын 23-февралында Бириккен Улуттар Уюмунун  (БУУ)  Башкы ассамблеясынын 64-жыйынында  21-март  Эл аралык Нооруз күнү деп  белгиленди. Бул тууралуу REGNUM Новости булагы маалымдайт.




Бишкекте Кыргызстан Кинематографисттер союзунун кезексиз съезди болот

Бишкекте 27-мартта Кыргызстан Кинематографисттер союзунун кезексиз съезди болот. Мындай чечим союздун башкармасында 2010-жылдын 24-февралында кабыл алынды.




Эмил Бокошев: «Такымдагы улакты жулуп кетем…»

Улуттук ат оюндардын эл арасында кеңири тараганы, кызыктуулугу жагынан көк бөрү өзүнчө бөлүнүп тураарына шек жок. Эмил бала чактан бери айыл жергесинде улак тартып такшалган. Өлкөбүз эгемендикти алган алгачкы жылдардан тарта көк бөрүнүн көркүн чыгарып келгени келген. Чабандес менен ат жалына казан асып, азыноолак маек курдук.




Нуркан Калназарова: «Менин мүнөзүм заманбап жашоого шайкеш келбеди»

Чоро Кожомжаров түзгөн чыныгы кыргыз эстрадасынын алгачкы карлыгачтары кимдер эле? -деген суроого билгендер дароо Алтынбек Сапаралиев менен Нуркан Калназарованы айтышат. Алтынбек ага го азыркыга чейин үнүн созуп, элдин эсинде. Ал эми «Арча бешик», «Каркыралар», «Жигитке», «Шаардык жигит», «Жигит ай», «Кызгалдак гүлүм ай» ж.б. ырларды созгондо зал толо көрүүчү келген Нуркан эжекебиз 15 жылдан бери сахнадан




МАНАСТЫН КЕНЧ КАЗЫНАСЫ

Парапсихолог Карыбеков Мелис Асан теги менен маек Ала — Тоодон кар кетет, Эркектерден ал кетет, Үч никелүү кыз чыгат, Тоо титиреп муз жылат, Алаамат болуп басылат, Кыш артынан жай болот, Эли тынчып бай болот, Эли журтун байыткан, Жерден чыккан май болот.




А.Кыязов: “Эл руханий кризисте”

М.Рыскулов атындагы Нарын музыкалык театрынын музыка бөлүмүнүн жетекчиси, белгилүү обончу Адылбек Кыязов кыргыз театрларынын учурдагы абалы, мамлекет тарабынан маданият тармагына көңүл бурулбай калганын “Азаттыкка” берген маегинде кеп салып берди.




Кыргызстанда “XXI кылымдын манасчысы” эл аралык өнөр сынагын өткөрүү пландаштырылууда

Кыргызстанда “XXI кылымдын манасчысы” эл аралык өнөр сынагын өткөрүү пландаштырылууда. Бул туурасында 25-февралда “Айтыш” коомдук фондунун негиздөөчүсү, коомдук ишмер жана кинорежиссер Садык Шер-Нияз билдирди. Анын айтуусунда, аталган эл аралык сынакты өткөрүү демилгесин жалпы коомчулук колдоого алышы керек. “Акыркы учурда коомбуз маданий баалуулуктарга кайдыгер карап, бизде бийлик менен байлык руханий баалуулуктан жогору болууда. Ушундан улам мындай




Акын, журналист Бактыгүл Чотурова: «Алтын-күмүш тагынган колумдан келбей койду»

Эженин көзүнөн суу астында калган шаарды, андагы суу баскан балалыкты, жаштыкты көрүп, сөзүнөн айтылып айтылбаган дил кайрыктарын уктум. Мен уккан ошол дил кайрыктары сиздин назарыңызда окурман.




«Акындар акты сүйлөсө?» кечесинде акындар акты сүйлөдүбү?

«Бакдөөлөт» коомдук фондунун демилгеси менен «Акындар акты сүйлөсө…» аттуу маданий кече 18, 19-февраль күндөрү улуттук Филармониянын чоң залында өткөрүлдү. Эки күн катар акындар төгүп ырдаса, манасчылар улуу бабабыздын баянын көл-шал тердей айтышты. Эки күн бирдей пресс-конференция уюштурулуп, акын-манасчылар журналисттердин түркүн суроолоруна жооп берип жатты.




Баары сөздө уюган, сөздө сыр болуп катылган

Кыргызды кылымдар бою кыргыз бойдон сактап келаткан сырдуу, касиеттүү улуу күч, бул — Сөз. Сөз баарынан улуу. Баары өлөт, өзгөрөт. Таамай сөз, таасирдүү сөз, акыл сөз Асман, Жер, Ай, Күн, Аалам сыяктуу түбөлүк. Андай сөзгө өлүм жок. Айталы дегенибиз — сөз жөнүндө, кыргыз сөзү жөнүндө сөз.




Сагымбай Орозбаковдун “Манасы”

Улуу манасчы Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча «Манас» эпосу толук түрдө (1750 бет) 20-февралда жарык көрдү. Жазылуу баасы 1600 сом. Жазылуу боюнча КР УИАнын Тил жана адабият институтуна кайрылыңыздар. Тел.: 64-26-11, 64-26-59 Моб. тел.: 0705 30-08-82




К. Исаев: Кыргызга кыргызчылык, улутчулдук жетпей жатат

Философия илимдеринин доктору, профессор Кусейин Исаев Кыргызстанда кыргыз тилин мамлекеттик тил катары өнүктүрүүгө кыргызчылык, улутчулдук, мекенчилдик сезимдери жетишпей жатат деп эсептейт. — Бүгүнкү күндө Кыргызстанда мамлекеттин тил саясатын сындагандар да болууда, кыргыз тили коркунучта, абалы начар деп. Сиз буга кошуласызбы?




Тил жоголсо — эл жоголот

21-февраль – ЮНЕСКО тарабынан эл аралык эне тил күнү катары белгиленген. Окумуштуулардын белгилешинче, дүйнөдө ар бир 14 күндө бир тил жоголуп кетүүдө. Бул күн 1999-жылы Бириккен Улуттар уюмунун агартуу, илим жана маданият маселелери боюнча уюму – ЮНЕСКО тарабынан жарыяланып, ошондон бери жыл сайын маданий жана тил байлыгын өркүндөтүү максатында белгиленип келе жатат.




Улуттун жүрөгүнө «Манасты» түнөткөн Саякбай ата

(Башталышы өткөн сандарда) Ошентип, үч жылдан ашык убакыт бою, 1958-жылдын аягынан баштап, 1961-жылдын кеч күзүндө 45 миң метр тасма толгон «Манасты» жазып (Семетей, Сейтекти кошуп) бүттүк. Сакем көп өтпөй: «Бүркүтүм шаңшып, тынчымды алды», — деп, Ысык-Көлгө шашылыш жүрүп кетти.




Буруттун сөзүн «буудайдай» терген Буудайбек

Буудайбек Сабыр уулу деген ак чалган муруту балтадай, кудум коен күлгөндөй күлкүсү да бир сонун, дайыма басмырт жүргөн карапайым аксакалыбыз бар. Азыр 77де. Өкүнүчтүүсү «колдо бар алтындын баркы жок» дегендей бул кутман карыябыздын кыргыз фольклорун, элдик музыкасын жыйноодогу бүт өмүрлүк эмгегин баалабай келүүдөбүз. Болбосо, Кыргызстанды түгөл кыдырып, эл ичинен не бир таланты ташкындаган манасчы, төкмө,




Отуз тил билген орошон талант

«Аккан арыктан суу агат» демекчи Ч.Айтматовдон кийин жетимсирей түшкөн кыргыз адабиятын дагы жаңы бийиктиктерге көтөргөн таланттарыбыздын чыгып жатышы көркөм сөз өнөрүбүздүн көөнөргүс көрөңгөсүнөн кабар берип тургансыйт. Төмөндө бир катар эл аралык сыйлыктардын ээси, бир нече тилдерде эркин сүйлөгөн жазуучу Турусбек Мадылбаев менен болгон аңгеме-дүкөнүбүздү окурмандарга сунуш кылабыз.




Нуржамал Табалдиева: «Жаштар эски ырларды бузуп жатканын сезишсе…»

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Нуржамал Табалдиева 41 жылдан бери Улуттук филармонияда талыкпай эмгектенип келет. Кыргыз элине бийик үнү менен белгилүү, таланттуу ырчы айымды кезинде, Мыскал Өмүрканованын кызыбы деп сурагандар да болгон. Учурда эжебиз «Эл ырчысы Эстебес» тобунун солисткасы.




Кыргыз баласынын үч журту

«Береке, байлыкка мол, Ата Мекен, Жүрөккө баардыгынан жакын экен. Тянь-Шань — деген бир сөз эске түшсө, Мээ сергип, медер кылып, толкуп кетем». (Мидин)




Муну билип алуу зарыл. Манас тууралуу.

1. Манастын абалары: Көкөтай — Ташкенден. Бай — Таластан, Бакайдын атасы. Жакып — Манастын атасы (Ороздухандын кенжеси). Кошой — Катагандын кан Кошой, Ат-Башыдан. Улаккан — Сыргактын атасы. Акбалта — Чубактын атасы, Алайдан. Бакай — Бай уулу, Жакып менен бир тууган. Элеман — Чоң-Алайдан, Төштүктүн атасы.