ЖАА ТАРТМАЙ
- 18 Февраль, 2010
- / Category Тарых, Улуттук оюндар
- / Posted By kmb3
- / No Comments.
Кыргыз эли өз тарыхында ички, тышкы душмандарына каршы күрөш жүргүзүп, элин, жерин туруктуулук, баатырдык менен коргоп келген. Кыргыз эли өз эркиндигин коргоодо аскер куралдарын, анын ичинде жааны да колдонгондугу белгилүү. Бул жөнүндө «Манас» эпосунда да айтылат:
Жамгырдай кылып жаа тартып,
Мөндүр кылып ок атып…
Камыштый найза кылкылдап,
Кылыч, мылтык жылтылдап.
Очогор огу жаңырып,
Жаа- жебе огу жабылып…
Мылтык менен урушуп.
Маңдай-тескей турушуп
Мылтык атып, жаа тартып,
Карсылдашып урушуп.
Жаанын огу чыркырап,
Тийген жери быркырап,…
Жаа байыртадан эле мергенчилик куралы болгон. Аскер куралдарынын бири катары да пайдаланышкан. Атчан чаап бара жатып жаа тартышкан. Азыркы кезде спрортук оюн катары кеңири колдонулат. Жаа тартмай аралыкты көз болжол менен өлчөй билүүгө, бутаны түз мээлөөгө, шамдагайлыкка көндүрөт. Азыркы кезде бул оюндун ат минбей жөө туруп жаа тартышкан жөнөкөй түрү кеңири тараган. Оюн тегиз жерде ойнолот.
Оюн сыртта ойнолсо, кокусунан жебе жаңылбас үчүн бута коюлуучу жакка эч кимди жолотпоо керек. Оюнду 15-20 оюнчу ойнойт. Жаа, бир нече жебе, узундугу 50 сантиметр келген таякча даярдалат. Оюнга калыс шайланат. Калыс оюнчуларды эки жаатка бөлөт. Жаат башчыларын дайындайт. Оюнчулардын жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша жаа тартылуучу чек жана бута атуучу жер (аралыгы 20-25 метр) белгиленет. Ал жерге бута коюлат. Жаат башчылары же өкүлдөрү таяк кармашып же чүкө калчашып, бири оюнду баштоо укугун алат. Оюнду баштаган жааттын оюнчулары жаа тартып бүтүшкөндөн кийин кезек экинчи жааттын оюнчуларына барилет. Ушул жол менен оюн белгилүү убакытка чейин ойнолот. Оюнчулар кезек менен тике туруп, бутаны бир жолу гана атышат. Жаанын жебеси бутага канча жолу тийсе, жаа тарткан жаатка ошончо упай берилет. Жебе бутага тийбесе упай берилбейт. Калыс упайларды санап. Оюндун акырында жаат башчылары менен бирдикте жалпы санын чыгарат. Кайсы жааттын упайлары көп болсо, ошол жаат утат.
«Кутман» блогунан алынды
Башкаларга да сунуштагыла
Окшош макалалар
-
Дүйнөдөн биздикиндей салбуурун оюндарын көрө алган жокпуз…
Кушбегилердин эл аралык федерациясы түзүлдү Жакынкы Чыгышта жомоктогудай өнүгүп жаткан [...]
Башкаларга да сунуштагыла
-
Каны кызуу кыргыз күлүгү
АККУЛАНЫН ТУКУМУНАН АЖЫРАП КАЛУУГА АКЫБЫЗ ЖОК Кыргыз элин кылым кыйырынан, [...]
Башкаларга да сунуштагыла
-
Рамис Жунусалиев, «Суусамыр» командасынын оюнчусу: «Көк бөрү түрктөргө абдан жакты»
11-17-октябрга чейин Түркиянын Стамбул жана Деңизли шаарында дүйнөнүн жыйырма беш [...]
Башкаларга да сунуштагыла
-
Таалайбек Мырзакматов, саяпкер: «Чыгаан күлүк 1 чакырымды 1 мүнөттө багынтат»
«Ат адамдын канаты» демекчи, саяпкер Таалайбек Мырзакматов «Көк бөрү» боюнча [...]
Башкаларга да сунуштагыла
-
Кан таламай
Чүкөлөрдү көп кылып чогултуп алып, баары бирдей чүкө кылып, ортого [...]
Башкаларга да сунуштагыла
Акыркы жазуулар
- Жазгүл Жамангулованын адабий кечеси өтөт
- Олжас Сулейменов: «Бир миң бир сөз» болот
- Кубатбек Табалдиев: «Байыркы айкелдер — 60-бабаларыбыздын эстеликтери»
- Кымыз менен дарылоо
- Жетиген жергебизде кайрадан шаңшый баштады
- Садык Алахан: АДАБИЯТЧЫЛАРДЫН АГАЙЫ
- «Байыркы дүбүрттүн күлүгү, азыркы түйүндүн учугу»
- Эрнис Турсунов: «Кыргызстан өнүкпөйт десе өлгүм келет»
- Жусуп Мамайдын жай ташы
- Айбек Жангазиев, Д.Садырбаев атындагы Кыргызтелефильми студиясынын жетекчиси: «Имаратыбыз жыйырма жылдан бери оңдоло элек…»
Рубрикалар
- Адабият (1291)
- Билим (397)
- Жаңылыктар (1096)
- Искусство (940)
- Накыл кептер (28)
- Тарых (655)
- Тил (529)
- Улуттук оюндар (126)
- Улуттук тамак-аш (75)
- Улуттук философия (339)
Пикирлер
- Күрүч | WWW.КАЛЕМГЕР.KG к записи Жомоктор
- куруч | WWW.КАЛЕМГЕР.KG к записи Жомоктор
- кирпи менен коён | WWW.КАЛЕМГЕР.KG к записи Жомоктор
- ак к записи Кыргыздар
- suimonkul к записи Нуркыз Рыскул кызы
- Ырыскыбыз ичтен, аброюбуз тыштан болсун! « ЖАНАЗЫК к записи Жеңижок (Өтө) Көкө уулу (1860 — 1918)
- Айтмырза Абылкасымов к записи Көңүл айтабыз
- guljaz к записи Нуркыз Рыскул кызы
- tumar09 к записи Көңүл айтабыз
- Чынара Акматова к записи Боз үй – ааламдын жана адамдын кѳрүнүшү






