Monthly Archives: Январь 2011

«Колуңдан түшпөй таңшыган, комузуң турат үн катпай…»

СССРдин Эл артисти, ак таңдай залкар акыныбыз Эстебес Турсуналиевдин көзү тирүү болгондо быйыл 80ге чыкмак. 2005-жылы 10-октябрда 74 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Эстебес агабыз өмүрүнүн акырына чейин төкмө акындык өнөрдү аркалап, улуу муундун узун сабагын улап, аны кийинки муунга калтырып, кыргыз маданиятына ат көтөргүс зор эмгек өтөдү. Анын чыгармачылыгы, улутубуздун көөнөрбөс элдик мурасына айланган десек [...]

Read More

Дастан Сарыгулов: «Тогоол — бир гана кыргыз элине таандык!»

Кыргыз элинин улуулугун салты, үрп-адаты, нарк-насили менен баалап жүрөбүз. Дегеле, кыргыз элинин билимдүүлүгү, олуялыгы турмуш-тиричиликте колдонулган буюмдарынан баштап, жыл сүрүү, ай-күн санагы менен далилденип келет. Эмесе, окурмандарыбыздын суроо-талабын орундатуу максатында Тогоол календарынын түзүүчүсү, кыргызды Улуу Эл деп даңазалап, тарых барактары менен тастыктаган Сарыгулов Дастан Исламович менен болгон маекти тартуулайбыз.

Read More

Турар сүйгөн Нуржамал

30-январь – Турар Кожомбердиевдин каза болгон күнү Бүгүн биз акын Турар Кожомбердиевди эскерүү иретинде акындын өзү жөнүндө жана анын жаш чагындагы сүйгөн кызы Нуржамал Иманалиева тууралуу сөз кылалы дедик. Т.Кожомбердиев өзүнүн кыска өмүрүндө махабат темасындагы нечендеген ыр саптарды жаратса, ага бирден-бир себепчи болуп, түрткү берген бул –  Н.Иманалиева болгон экен. Көрсө, акындын калеминен биздин Нуржамал [...]

Read More

Зааминден окуган Шүкүров

Мен дос үчүн таза жүрөгү менен күйгөн бир адамды көрдүм. Ал – Шерназар Шүкүров. Таланттуу акын, бир сырдуу жазуу­чу Абдыманап Жапаркуловдун көзү өткөндөн кийин 68 басма табак көлөмүндөгү эки томдукка барабар ырлар, поэмалар жана прозалык чыгармалар жыйнагын уктабай даярдап, чуркап жүрүп басмадан чыгарды. Ал эмгектер эртедир-кечтир өз баасын алып, адабиятыбыздан өз ордун табар күн алдыда. [...]

Read More

12-декабрь Кыргызстандын улуттук адабият күнү

Жогорку Кеңеш 12-декабрь мындан ары Кыргызстандын улуттук адабият күнү болсун деген чечимин чыгарды. Бул тууралуу жобонун долбоору 27-январда кабыл алынды. Бул дата кыргыздын атактуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө туураланган. Аталган кадам кыргыз акын-жазуучуларынын учурдагы армандуу абалына тийиштүү көңүл буруунун башталышы катары кабыл алынууда. Ылайым эле ушундай болсо экен. Анткени, канча жолу ушуга окшош катуу [...]

Post Tagged with
Read More

Таркатмага жазылуу

Учурда «Кыргыз маданият борбору» блогунун таркатмасын уюштуруу иши жүрүп жатат. Жума ичиндеги блогго чыккан макалалар, блогдогу башка жаңылыктар тууралуу маалыматтар жөнөтүлүп турмакчы. Кимге ушундай таризде блогдогу жаңылыктар менен таанышып туруу ыңгайлуу болсо бизге kmborboru (@) gmail.com дареги боюнча билдирип койсоңор болот. Дарегиңерди таркатманын даректер топтомуна киргизип коебуз. Бир жумада блогго жарыяланган материалдар көп болгондуктан биз [...]

Read More

Ооганстандагы кыргыздар жардамга муктаж

Ооган парламентинин мурдагы депутаты Турди Ахун Атабек уулу «Азаттыктын» Бишкектеги студиясында. Ооганстандын Памир өрөөнүндө бир жарым миңден ашуун кыргыз жашайт. Ооган парламентинин төмөнкү палатасынын мурдагы депутаты Турди Ахун Атабек уулу «Азаттыкка» Анкара шаарынан телефон аркылуу курган маегинде Памир жергесиндеги кыргыздардын жашоо турмушунун оордугун айтып, Кыргызстан менен алакалар кеңейсе деген тилегин билдирди.

Read More

Шабданбай акенин көркөм ааламы

Элүүнчү жылдары Шабданбай Абдырамановдун «Каркыра» (1955), «Май түнүндө» (1957) поэма, ырлар жыйнагы жарык көргөн. Адабиятка ынтызар, а кездеги айылдык мектеп директору ошол эки поэтикалык жыйнагынын аркасы менен жазуучулардын катарына кошулуп, Москвадан адабият окуусун улантуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Аты чыга баштаган жаш акындын айылдаштарынын көңүлүн кушубак кылган иш өздөрү күндө көрүп, жанынан өтүп жүргөн Кызкөл тууралуу [...]

Read More

Маңдай тер, ак эмгектин үзүрү

Мен дайыма Мырзабек байкеме жолуккан сайын, 1965-1966-жылдар, мектепте окуп жүргөн кезим эсиме түшөт. О, андагы Фрунзе шаары, азыркы Бишкек бөтөнчө жашыл, күнү-түнү жап-жарык, элдин жашоосу да бөлөкчө сезилчү. Мырзабек байке жапжаш, күлгүндөй кези эле. Мен анда республикалык театр коомундагы «Актерлор үйүндө» Кыргыз ССРинин эл артисти А.Көбөгөнов атабыздын жетекчилиги менен 2 жылдык студияда окучумун. Артисттик биринчи [...]

Read More

Бирөөгө зар, бирөөгө кор таланттар

Өткөн жыл Кыргызстан үчүн кубанычтуу жылдардан болду. Гуанчжоу шаарында өткөн 16-Азиялык чемпионаттан спортсмендерибиз алтын, күмүш, коло медалдарын алып келип, кубанычыбыз коюнга батпай, чечекейибиз чеч болуп, абдан сүйүндүк. Мамлекет башчысы убада кылгандай эле, алтын медаль алган Данияр Көбөновго 15 миң АКШ долларын, күмүш байге ээлерине 10 миң АКШ долларын, коло байге алгандарга 5 миң АКШ долларын [...]

Read More