Ысык-Көлдө кинематографисттер үчүн эркин экономикалык аймак түзүлүшү мүмкүн

Ысык-Көлдө кинематографисттер үчүн эркин экономикалык аймак түзүлүшү мүмкүн

Келечекте Ысык-Көл облусунун Тоң районунда кинематографисттер үчүн “Кинематография-Киностан” эркин экономикалык аймагы түзүлүшү мүмкүн. Бул багытта атайын мыйзам долбоору даярдалып, ал бүгүн Жогорку Кеңештин экономикалык стратегия, инвестициялык саясат жана туризм боюнча комитетинин жыйынында каралды. “Кинематография-Киностан” эркин экономикалык аймагын түзүү жөнүндө” мыйзам долбоорунун демилгечиси Каныбек Иманалиев Кыргызстанда кинематографияга жылына 24 миллион сом бөлүнөөрүн белгилеп: “Бул каражат өтө




Сарыгуловдон «Боз жоргонун» баяны

“Шырылдаң” берүүсүнүн мейманы — белгилүү коомдук ишмер Дастан Сарыгулов. Ал комузда кол ойнотуп, күү чыгарып, кыргыздын тарыхын изилдеп, каада-салттары, көчмөн элдин үрп-адаттары боюнча эмгектерди жазып келет. Күүнүн сырын билген коомдук ишмер Мамлекеттик концерндин мурдагы президенти, экс-мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов мамлекеттик, коомдук иштеринен бошой калганда комузда кол ойнотуп, күү чыгарып, он чакты обон жаратат. Ал «Карылык»,




Кыргыз тилиндеги Интернетти өнүктүрүү талкууланат

Азыркы учурда Интернет  Кыргызстанда жашоо турмушубуздун бир бѳлүгүнѳ айланды. Бирок,  Интернет булактарына жол ачылганы менен, кыргыз тилиндеги онлайн-маалыматтар жана веб-сайттар өтө жай ѳнүгүүдѳ. Жогоруда көтөрүлгөн маселени кеңири талкулоо учун  «Айсок Кыргыз Интернет Коому»  Коомдук Фонду 30 март 2011 жылы «Кыргыз тилиндеги Интернеттин өнүгүүсү: азыркы абалы жана келечеги» аттуу тегерек стол ѳткѳрүүдѳ.




“Жомок болуп эл эсинде сакталар”

Агартуучу, ойчул, калемгер, аалым Салижан Жигитов өзү тууралуу: «Атам үч кичинекей айыл болгон колхоздун раиси болуп, 1937-жылга чейин жети жыл иштеген. Анан «эл душманы» деген жалган жалаа менен камалып, эки жыл түрмөдө олтурган. Кайра эки жыл түрмөдөн кийин согуш башталганда кайрадан раис болуп, 1950-жылга чейин өлгөнгө чейин иштеген», — деп эскергени бар. Тагдыр аны башка




Талантка бай, бакытка жарды залкар…

Аттиң! Турмуш кандай татаал, кандай катаал. Жашоо күтүлбөстүгү, татаалдыгы, табышмактуулугу менен кызык тура. Адам баласы жарым сааттан кийин эмне болорун билбей, үмүт, алдыга умутулуу менен күн кечирип, жашоо өткөрөт экен. Ошол үчүн адам баласы алсыз тура. «Пенде» деген сөз да, адамдарга тегин жерден берилбесе керек. А чынында, кимдин канча өмүр сүрөрүн, алдыда эмне күтүп турганын




Аман Саспаев, жазуучу: «Сарала иттин иттигин кечире албайм»

- Агай, сиз Кытай жерине кандайча барып калдыңыз эле? — Ал кезде мен 5-6 жашта элем. Миң жылкылуу Сарыбай дегендин тукумдарынан экенбиз. Кийин 1933-жылдары коллективдештирүү, колхоз, совхоз уюштурулуп башталганда күрөшүү күч алды. Байдын балдарын колхоз, совхозго кабыл албай калышты. Ачарчылык башталды. Ошондон улам Кытайга кетүүгө мажбур болдук. — Эң алгачкы чыгармаңыз кайсы тилде жазылган жана




Төкмө акын Жеңишбек ЖУМАКАДЫР: «Мен күндүзү жылмайып, түнкүсүн ыйлаган адаммын»

- Сиз мурун Жеңиш-бек Токтобеков элеңиз, кийинчерээк Жеңишбек Жумакадыр болуп алдыңыз. Анын себеби эмне? — Токтобек менин чоң атам. Мени ошол киши тарбиялады. Жумакадыр менин өз атам. Ал киши мен алтыга чыкканда каза болгон экен. Өз атамдын атын өчүрбөйүн деп Жумакадыр болуп алдым. Кээ бир нааразы болгон туугандарыма буга чейин элге Токтобек чоң атамды түзүк




Кызыктуу маалыматтар

- Эң көп китеп жазган акын — Муса Жангазиев. Ал 81 жашында 73 китептин автору болуптур. — Эң көп обон чыгарылган ыр — Эл акыны Сооронбай Жусуевдин «Унутпаймын» деген ыры. Ал ырга 5 автор — Р. Абдыкадыров, Б.Тургунбаев, Э.Мааданбеков, Б.Усубалиев, Ж.Жумагулов обон чыгарган. — Эң көп псевдоними (жашырын аты) бар акын Рамис Рыскулов, өзүнүн айтуусу




Рамис Рыскулов




ЖЕТИМ БОЛУП, ЖЕТИЛГЕН ТӨЛӨГӨН КАСЫМБЕКОВ

Төлөгөн Касымбеков 80 жашта Өз өмүрүнүн дээрлик теңинен көбүн чыгармачылыкка арнаган таланттуу инсан, жазуучу Төлөгөн Касымбеков туурасында жазгым келип, мындан үч жыл мурун агайдын үйүнө барган болчумун. 80 жаштын белесин аттап турган кезинде быйыл да бир барып, агайдын ал-абалын сурап кайттым. Анын үстүнө Төкөмү жакындан көрүп, баарлашып, жакшы сөздөрүнө кулак төшөө менин арзыган тилектеримдин бири




Манас, Семетейдин колума тийбей калган кол жазмаларын табуу керек

«Эл шайырлары», «Жомоктор жана жомокчулар» китептеринин автору, фольклор жыйноочу Буудайбек Сабыр уулу 40 жыл ичинде чогултуп, жыйнак кылып чыгарган жогорудагы эки томдугу тууралуу «Баракелдеге» маек куруп, иликтөө учурундагы бир катар кызыктуу окуялар жөнүндө саймедиреп берди. — Буудайбек ага, учурда ден соолугуңуз жакшыбы, өзүңүздү кандай сезип калдыңыз? — Абалым жакшы, эки жылда эки жолу операция болдум.




Мен билген Дарика

Дариканын башкы сапаты анын кубулжуган үнү миңдеген үндөрдүн ичинен мен жазбай таануучу, менин жүрөгүмө жашоонун улам жаңы шоокумдарын сээп, тирүүлүктүн түгөн­бөгөн шаңын элестеткенинен сырткары анын Кудай Таала ыроологон татынакай өң-түсүнө, акыл парасатына кыргыз аялдарынын бийик касиетин, назик мүнөзүн, жөнөкөйлүгүн, боорукердигин, кең пейилдигин сиңиргендиги деп ойлойм. Муну айтып жаткан себебим, 2007-жыл жаңырар алдында КТРдин биринчи каналынан




Бала кыялындай бактылуу өмүр

Улуттук адабиятыбызда 50-60-жылдардын муунундагы агалардын бири, Кыргыз Республикасынын Эл акыны Муса Жангазиев бизге балдар акыны катары белгилүү. Анын алгачкы китеби да «Балалык» деген ат менен 1950-жылы жарык көргөн. Чындыгында акын катары башка ырларды жазганга караганда балдар үчүн ырларды жазуу татаалыраак. Анткени балдардын психологиясына терең кирип, баланын тили менен ыр саптарын жаратуу үчүн баланын ордуна акын




Элден алып элге

Алыкул элдик фольклорду уланткан акын экендигин көп мисалдар менен көрсөтүүгө болот дедик. Мына ошолордун бири катары оозеки поэзиянын жанрларынан пайдалангандыгын айтуу керек. Бул маселеде акын чыныгы новатор катарында көрүндү. Узак өмүр сүрүп келе жаткан кыргыздын оозеки поэ­зиясы  өзүнүн  эволюциялык жол менен формалдык жактан өсүү жолунда жанрлардын бир кыйла түрлөрүн иштеп чыкты. Кыргыздын оозеки поэзиясындагы лирикалык




Өткөн жылдын кары кайда?

Жазуучу Мурза Гапаровдун адамдык жана сүрөткерлик ажарына айрым бир сүртүмдөр Редакциядан: 1936-жылы 22-мартта Ноокатта жарык дүйнөгө келген жазуучу жана драматург Мурза Гапаров кыргыз адабиятын мыкты чыгармалары менен байытып кетти. Анын аңгеме, повесттери кайсыл заман болбосун кызыгуу менен окула берет. Биз жазуучунун 75 жылдыгына карата адабиятчы Абдыкерим Муратовдун бир шиңгил эсселеринен окурмандарыбызга сунуш кылабыз.




Сагынбек Абдрахманов, «Сүймөнкул Чокморов» атындагы фонддун жетекчиси, Чүй облусунун мурдагы губернатору: «Сүймөнкул Чокморов биринчи, Гойко Митич экинчи орунда…»

- Алгач «Сүймөнкул Чокморов» атындагы фондду түзүүгө эмне түрткү болду, ошого токтоло кетсеңиз? — Мына, Сүймөнкул Чокморовдун көзү өткөнүнө 20 жылга жакын убакыт болуп калды. Бирок Сүймөнкул Чокморовдун өзүнүн ысымына, кадыр-баркына жараша Кыргызстанда бир дагы алгылыктуу иш кылынган эмес. Жанагы «Жетинчи ок» деген атактуу советтик тасманы тарткан өзбектердин белгилүү кинорежиссери Али Хамраев: «Эгер кыргыздар Сүймөнкул




Токтобүбү ЧЕРИКЧИЕВА, комузчу, ырчы: «Залкар аталар «тууралуу телеберүү «ачсам…»

Уркаш агайга жолуккан маньяк Уркаш Мамбеталиевдин элге белгилүү болуп калган маньяк менен таанышкан окуясына мен бирден бир күбөмүн. Бир күнү филармониядан чыгып баратып Уркаш агайга жолугуп калдым. Ал мени көрө калып эле, «Токо, маньяк деген эмне кызмат?» деп сурады. Мен маньяк деген киши жегич дедим. Байкуш киши колдорун сереңдетип, «кокуй» деп катуу чочуп кеткени күнү




Айзада Ибраимова: «Элнур» 100 000 сом баш байгени чечип берди»

- Айзада, «Тогуз кайрык» өнөрпоздордун республикалык телесынагын колго алып, элибиздин көөнөргүс комуз күүлөрүн жандандырууга чоң салым коштуңуз десек жарашат. Бул сынак быйыл да өткөрүлөт экен, ушул тууралуу айтып өтсөңүз? — Акыркы учурларда комузду эч ким чертпей, бул өнөргө эмнегедир кызыгуу солгундап калган мезгил болгон. Кыргыз телевидениесинде комуз өнөрүн тартуулаган бир да көрсөтүү жок болчу, мен жаштар




Улуттук баалуулук мамлекеттик саясаттын өзөгү болушу маанилүүбү?

Катышуучулар: Турат Акимов, «Деньги и власть» гезитинин башкы редактору Жыргалбек Касаболотов, көз карандысыз серепчи Жылдыз Ишеналиева, ЖК нын «Жаштар иштери боюнча» комитетинин төрайымынын орун басары Рысбай Исаков, манасчы Дүйшөн Сейтеков, жаштар кыймылынын мүчөсү Адисбек Бейшенбаев, Нарын облустук администрациясынын башкы адиси Модератор: Айзада Абазова, «Кыргыз Руху» коомдук-саясий жана маданий гезитинин башкы редактору Модератор: — Нооруз майрамынын




Хэйлунцзян провинциясындагы Фуюй кыргыздары

Назарыңыздарга кытайлык окумуштуу Ху Чженьхуанын 1981-жылы жарык көргөн “Хэйлунцзян провинциясындагы Фуюй кыргыздары” аттуу эмгегин сунуштайбыз. Аны кыргызчалаган Жыргал Султанбеков. Аталган эмгекти “Элбилге” блогунан алдык.