Чүкө чертмей
- 29 Июнь, 2011
- / Category Жаңылыктар
- / Posted By kmb3
- / No Comments.
Оюнчулардын саны 2—5 киши.
Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча.
Оюнда чүкөлөр колдонулат.
Оюнга даярдануу. Катышуучулардын бирөөсү калгандарынан бирден чүкөлөрдү алып, колдоруна чогултуп, аларды бир канча жолу өйдө-ылдый кыймылдарды жасагандан кийин, жерге жайылтып таштайт. Андан кийин эки топ же ойноочу эки колун бирден чүкө өкчөйт. Кимдин чүкөсү «алчы» болуп түшсө ал оюнду биринчи баштайт, жердеги чүкөлөр таа экинчи, чик үчүнчү, «бөк» — «алчы» болуп жаткан болот.
Оюндун баяны. Көзектеги адам өз чүкөсүн чертет да же сөөмөйү менен бири бирин көздөй тийгизүүгө аракет кылып жылдырып башка оюнчунун чүкөсүнө тийгизүүгө аракет кылат. Эгерде жылдырган чертилген чүкө, башка оюнчунун чүкөсүнө тийсе, утуп алат, утулган чүкөнүн ээси, анын ордуна башка чүкө коёт. Андан кийин чүкөнү уткан оюнчу улантат. Эгерде чертилген чүкө, экинчи оюнчунун чүкөсүнө тийбесе көзек берки оюнчуга өтөт. Ошентип, оюн экөөң бири утмайынча созула берет. Чүкөлөрдү көп чертип алган оюнчу, жеңүүчүсү болот.
Оюндун ушул сыяктуу башка түрлөрү. Сака чертмек, жаңгак чертмек, данек чертмек ж. б.
Оюндун эрежеси. Бир бирине тоскоолдук кылууга, шартты бузууга, оюн башталгандан кийин чүкөлөрдү оңдоого болбойт.
Педагогикалык мааниси. Кол жана манжалар менен кыймылдарды так аткарууга, тартипти сактоого, чындыкка үйрөтөт.
«Кыргыз эл оюндары: /Анаркулов X. Н, Сурөтчүсү К. Молдоказиев», http://www.bizdin.kg
Башкаларга да сунуштагыла
Окшош макалалар
-
Дүйнөдөн биздикиндей салбуурун оюндарын көрө алган жокпуз…
Кушбегилердин эл аралык федерациясы түзүлдү Жакынкы Чыгышта жомоктогудай өнүгүп жаткан [...]
Башкаларга да сунуштагыла
-
Каны кызуу кыргыз күлүгү
АККУЛАНЫН ТУКУМУНАН АЖЫРАП КАЛУУГА АКЫБЫЗ ЖОК Кыргыз элин кылым кыйырынан, [...]
Башкаларга да сунуштагыла
-
Рамис Жунусалиев, «Суусамыр» командасынын оюнчусу: «Көк бөрү түрктөргө абдан жакты»
11-17-октябрга чейин Түркиянын Стамбул жана Деңизли шаарында дүйнөнүн жыйырма беш [...]
Башкаларга да сунуштагыла
-
Таалайбек Мырзакматов, саяпкер: «Чыгаан күлүк 1 чакырымды 1 мүнөттө багынтат»
«Ат адамдын канаты» демекчи, саяпкер Таалайбек Мырзакматов «Көк бөрү» боюнча [...]
Башкаларга да сунуштагыла
-
Кан таламай
Чүкөлөрдү көп кылып чогултуп алып, баары бирдей чүкө кылып, ортого [...]
Башкаларга да сунуштагыла
Акыркы жазуулар
- Шуулдабай калган теректер
- Акын Карбалас Бакиров: Баш оорум ыр жаза баштагандан тартып токтоду…
- Обондон Ыр сынак
- Бакпур-Ата: баралбас жердин мазары
- Айтматов калтырган кенч
- «Талантты сүйгөндөрдүн эсиндемин»
- Комузга жан, күүгө тил киргизген Атай
- Рахматулла Козукеев:«Төрт акындын эрке уулу болдум»
- Меңди Мамазаирова: «Карыганга убакыт жок»
- “КЫРГЫЗ КИНОСУ өз көрүүчүлөрүн тапты”
Рубрикалар
- Адабият (1302)
- Билим (399)
- Жаңылыктар (1098)
- Искусство (944)
- Накыл кептер (28)
- Тарых (663)
- Тил (533)
- Улуттук оюндар (126)
- Улуттук тамак-аш (75)
- Улуттук философия (340)
Пикирлер
- Күрүч | WWW.КАЛЕМГЕР.KG к записи Жомоктор
- куруч | WWW.КАЛЕМГЕР.KG к записи Жомоктор
- кирпи менен коён | WWW.КАЛЕМГЕР.KG к записи Жомоктор
- ак к записи Кыргыздар
- suimonkul к записи Нуркыз Рыскул кызы
- Ырыскыбыз ичтен, аброюбуз тыштан болсун! « ЖАНАЗЫК к записи Жеңижок (Өтө) Көкө уулу (1860 — 1918)
- Айтмырза Абылкасымов к записи Көңүл айтабыз
- guljaz к записи Нуркыз Рыскул кызы
- tumar09 к записи Көңүл айтабыз
- Чынара Акматова к записи Боз үй – ааламдын жана адамдын кѳрүнүшү






