Таяк менен тегеректен чүкөлөрдү уруп чыгаруу
- 26 Июль, 2011
- / Category Улуттук оюндар
- / Posted By kmb3
- / No Comments.
Оюнчулардын саны 2—5 киши.
Оюн аянтчада өткөрүлөт.
Оюнда таяктар, ашыктар колдонулат.
Оюнга даярдануу. Диаметри 1—2 метрдей тегерек сызылат, тегеректин ортосуна оюнчулар бирден Чүкөлөрүн бир катар кылып тизишет, тегеректен 4—5 м. аралыкка таяк ыргытчу сызык сызылат. Андан кийин оюнчулар, оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат.
Оюндун баяны. Оюнчулар кезектери келгенде, бирден сызыкта турушуп, таяктарын ыргытышып, тегеректин ортосундагы чүкөлөрдү урушуп, тегеректен чыгарууга аракеттенишет. Эгерде көзектеги оюнчу, чүкөнү тегеректен уруп чыгарса, чыгарган чүкөнү утуп алып оюнду, кайрадан жаңылгыча улантат. Эгерде жаңылып калса же таяк ашыктарга тийбесе же чүкөлөр жана ыргытылган таяк тегеректен сырткары чыкпаса, оюндун кезеги көзектеги оюнчуга өтөт. Тегеректеги чүкөлөрдүн бардыгы урулуп чыгарылса, оюнчулар кайрадан бирден чүкөлөрдү чогултушуп, оюнду кайрадан башташат. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Тегеректен көп чүкөлөрдү уруп чыгарып утуп алган оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.
Оюндун башка түрлөрү. Таяк менен таякчаларды уруп тегеректен чыгаруу, таш менен таштарды тегеректен уруп чыгаруу, узун камчы менен таштарды тегеректен уруп чыгаруу, узун камчы менен таякчаларды тегеректен уруп чыгаруу.
Оюндун эрежеси. Бир бирине жакындоого, турууга, тоскоолдук кылууга, тегеректе турууга, оюндун шартын бузууга болбойт.
Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, ийилчээктикке тарбияланат, мээлерге, чамалоого, кыймылдарды так аткарууга, ыргытуунун ыкмаларын үйрөтөт.
«Кыргыз эл оюндары: /Анаркулов X. Н, Сурөтчүсү К. Молдоказиев», http://www.bizdin.kg
Башкаларга да сунуштагыла
Окшош макалалар
-
Дүйнөдөн биздикиндей салбуурун оюндарын көрө алган жокпуз…
Кушбегилердин эл аралык федерациясы түзүлдү Жакынкы Чыгышта жомоктогудай өнүгүп жаткан [...]
Башкаларга да сунуштагыла
-
Каны кызуу кыргыз күлүгү
АККУЛАНЫН ТУКУМУНАН АЖЫРАП КАЛУУГА АКЫБЫЗ ЖОК Кыргыз элин кылым кыйырынан, [...]
Башкаларга да сунуштагыла
-
Рамис Жунусалиев, «Суусамыр» командасынын оюнчусу: «Көк бөрү түрктөргө абдан жакты»
11-17-октябрга чейин Түркиянын Стамбул жана Деңизли шаарында дүйнөнүн жыйырма беш [...]
Башкаларга да сунуштагыла
-
Таалайбек Мырзакматов, саяпкер: «Чыгаан күлүк 1 чакырымды 1 мүнөттө багынтат»
«Ат адамдын канаты» демекчи, саяпкер Таалайбек Мырзакматов «Көк бөрү» боюнча [...]
Башкаларга да сунуштагыла
-
Кан таламай
Чүкөлөрдү көп кылып чогултуп алып, баары бирдей чүкө кылып, ортого [...]
Башкаларга да сунуштагыла
Акыркы жазуулар
- “КЫРГЫЗ КИНОСУ өз көрүүчүлөрүн тапты”
- Ысык-Көлдү сагынуу
- Рысбай Исаков, манасчы: «Манасчылык — бул өзгөчө өнөр, кайталангыс талант»
- Кароосуз калган кыргыз киносу
- МАКЕЛЕК АКЕГЕ АЧЫК КАТ
- Кыргызча аудиокитептер
- Аялдар поэзиясы: кечээ жана бүгүн
- Кыргыз тилин кыргыздар бузууда…
- Кыргыздын Гиннес китебинен
- Жазгүл Жамангулованын адабий кечеси өтөт
Рубрикалар
- Адабият (1295)
- Билим (399)
- Жаңылыктар (1096)
- Искусство (942)
- Накыл кептер (28)
- Тарых (659)
- Тил (533)
- Улуттук оюндар (126)
- Улуттук тамак-аш (75)
- Улуттук философия (340)
| Пн | Вт | Ср | Чт | Пт | Сб | Вс |
|---|---|---|---|---|---|---|
| « Июн | Авг » | |||||
| 1 | 2 | 3 | ||||
| 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 |
| 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 |
| 18 | 19 | 20 | 21 | 22 | 23 | 24 |
| 25 | 26 | 27 | 28 | 29 | 30 | 31 |
Пикирлер
- Күрүч | WWW.КАЛЕМГЕР.KG к записи Жомоктор
- куруч | WWW.КАЛЕМГЕР.KG к записи Жомоктор
- кирпи менен коён | WWW.КАЛЕМГЕР.KG к записи Жомоктор
- ак к записи Кыргыздар
- suimonkul к записи Нуркыз Рыскул кызы
- Ырыскыбыз ичтен, аброюбуз тыштан болсун! « ЖАНАЗЫК к записи Жеңижок (Өтө) Көкө уулу (1860 — 1918)
- Айтмырза Абылкасымов к записи Көңүл айтабыз
- guljaz к записи Нуркыз Рыскул кызы
- tumar09 к записи Көңүл айтабыз
- Чынара Акматова к записи Боз үй – ааламдын жана адамдын кѳрүнүшү






