Жамал Сейдакматова: «Жан дүйнөмдү эзген ойлорумду көркөм тасмага түшүрдүм»

Жамал Сейдакматова: «Жан дүйнөмдү эзген ойлорумду көркөм тасмага түшүрдүм»

Кыргызстанда “Тагдырдын өгөй балдары” аттуу жаңы көркөм тасма тартылып бүттү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине тасманын жаратуучусу, Кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматова билдирди. “Бүгүнкү күндөгү өспүрүм, жаштардын татаал тагдырларын көрүп-билип жүрүп, түтпөй кеткенде көркөм тасмага түшүрдүм”,-дейт актриса. Ал өзү тарбиялап жаткан балдардын өмүр таржымалын угуп көрүп, акырында ыйлагандыгын, ушундан кийин кино тартууга белсенгендигин айтты. “Бул фильмди




Үрүмчү шаарында 2-7-сентябрда Кыргызстандын маданиятынын күндөрү өткөрүлөт

Үстүбүздөгү жылдын 2-7-сентябрында Үрүмчү шаарында Кыргызстандын Кытай Элдик Республикасындагы күндөрү өткөрүлөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде болгон маалымат жыйынында Эгемендиктин 20 жылдыгын жана Курманжан Датканын 200 жылдыгын белгилөө боюнча мамлекеттик дирекциянын башчысы Султан Раев билдирди.




Ай-санат

“Календарь” деген түшүнүктү “ай-санат” деп айтууну сунуш кылам. Колдонулуп жүргөн кыргыз календары “кыргызмын” деген жаранды иренжите турган абдан чаржайыт жана келишимсиз! Баамдап көрүңүздөрчү – “Баш оона, көчүк оона, бут чалын” жана башка, абдан жарашыксыз жана максатсыз. Бештин үчүнчү айы, үчтүн төртүнчү айы, жетинин үч-жарымынчы айы ж.б., ушундай да болобу? Эч ылайыксыз, баш аламан.




22-август – эгиз эл элдешкен күн

1847-жылы 22-августта Казакстандагы Копал коргонунда (азыркы Талды-Коргон шаары) казактардын Улуу жана Орто жүзүнүн бийлик  өкүлдөрү болгон султандары жана бийлери, ошондой эле кыргыздардын манаптары менен бийлеринин ортосунда расмий түрдө  достошуу аземи болуп  өткөн. Бул күн  кыргыз жана казак элдеринин карым-катнаш тарыхындагы маанилүү окуялардан болгон десек жаңылбайбыз. Анткени, бул достук жөнүндөгү келишимдин түзүлүшү Казак хандыгын кайра калыбына




Улуттун акылкарачачтары

Бий өнөрүнүн таң чолпону – Бүбүсайра Бейшеналиева Балет өнөрү бизге совет доорунда келди. Ошентсе дагы дүйнөлүк классика болуп таанылган бул касиеттүү өнөрдөн  биздин элдин уучу кур эмес. Кыргыз улуттук сахналык хореографиясына алгачкы ак жарыгы менен негиз салган улуу бийчи-балерина Бүбүсайра Бейшеналиева. Ал 1941-жылы Ленинграддагы мамлекеттик хореографиялык окуу жайын бүтүрүп, Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында




Жусуп жана 1916-жыл

Мындан туура 95 жыл илгери, боорунда дан орулуп, мөмө жемиштердин берекеси төгүлүп келберсиген өрүштөрдө төрт түлүк мал бетеге, шыбак шимүүргө ныксырап семирип турган август айында падышалык Россиянын жазалоочу отряддарынын мылтыктары, замбректери атылып, кылычтар шилтенип бей-күнөө кыргыздын каны төгүлүп турган бейм. Кеминдин, Токмоктун эли селейди, эл буркурады, боздоду. Дал ушул кезде Кочкор менен Жумгал эли Чүй




Жусуп Абдыракманов: «Бир жуп көлөч үчүн кыргыз тайлактуу төө, жылкы берген»

Кыргыз мамлекетинин негиздөөчүсү, бүгүнкү күнгө чейин теңдеши жок чыгаан мамлекеттик ишмер Жусуп Абдыракмановдун карааны күн өткөн сайын Кан-Теңирдей калдайып алыстан көрүнөт. Ал өзү түптөгөн Кара-Кыргыз автономиялуу республикасынын туңгуч өкмөт башчысы болуп дайындалганда 26 гана жашта болчу. Кайран киши каракалпактарды кошуп Аралга чейин мамлекет түзүп, андан ары Орусияга түз чыгуу идеясын көтөргөн экен. Аныгында каракалпактар тили-дили




«Окумуштууларыбыз Орусия, Япония, АКШга иштеп атат»

Бир кезде адам баласынын жашоосун телевизор, радиосуз элестетүү мүмкүн болбой калса, азыр интернет, компьютерсиз элестетүү болбой баратат. Албетте заманбап компьютер менен иштөөгө, дүйнөнүн булуң-бурчундагылар менен интернет түйүнү аркылуу байланышууга не жетсин. Анан да кыргыз тилинде иштеген компьютер болсо улуу-кичүү дебей компьютерде иштей билип, маалымат алып турса жаманбы? Бул боюнча белгилүү программист Эмил Асановдун командасында жүргөн,




«Аптап» сынагы: Бакыт Жунусалиев

Теректен кар жаап Короодо түндү качырып, Корозго таңды чакырып. Башкача келди ушул жай, Басыгы чаңды сапырып. Кыналып өскөн жаздагы, Кызгалдак гүлүн таштады Кыздардын чыгып чырайы, Кыскарды көйнөк, чач дагы. Таманда баскан чаң ысып, Тамырда соккон кан ысып. Талыкшып жатат шаар ичи, Табына күндүн баары ысып. Тердетип турса ысык жай, Теректен кар жаайт кызыктай. Күн сүйгөн




Бийлибаев: Комуздун күүсү касиеттүү

Тарыхчы Кайнарбек Бийлибаев кол ойнотуп комуз чертип, онго чукул күү, отуздан ашуун обон чыгарып, ырларын белгилүү ырчылар аткарып жүрүшөт. Тарыхчы, Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Кайнарбек Бийлибаев «Тай кожо», «Жоргонун салынышы», «Жаштарга», «Салтанат», «Тоо арасында», «Беш таш кайрыктары» деген күүлөрдү чыгарып, Кыргыз радиосунун «Алтын фондуна» жаздырган.