Улуттук тамак-аш унутта калбасын

Кыргыздын улуттук тамак ашынын бир бөлүгүн сүт азыктары түзөөрү баарыбызга маалым. Сүт азыктарынан жуурат, айран, быштак, сүзмө, бээнин сүтү ачытылып кымыз жасалат. Ошондой эле буга төөнүн, топоздун сүтү да колдонулуп келет. Кыргыздардын салттуу ашканасында сүт азыктары катыкталган көптөгөн ар түрдүү тамак аштар болгон. Илгери кыргыздар үйүнө конок келгенде шорпого кымыз, айран кошуп, «аксерке», «чыгыр» жасашкан.

Алардын дагы бир сүйүп ичкен тамагы таруудан, буудайдан, жүгөрүдөн жасалган бозо болгон. Эми элибиз анын баарын унутта калтырып сары чайды шимигенге өтүштү. Көчмөн кыргыздар мал багышкандыктан алардын тамакаш рационунда эт жана сүт азыктары көбүрөөк орун алган. Өзгөчө койдун жана жылкынын этин баалашкан. Эл көп чогулган аш-тойлордо негизинен жылкынын эти колдонулат. Нан азыктарына кайрыла турган болсок «токоч» же нан төмөнкүдөй түрлөрдөн турат.

Жакшы ачытылган камырдан көмөч нан, сүт-май кошулса, жука катталып каттама, нык камырдан «чабаты»ж.б. жа сашкан. Ал эми Кыргызстандын түш тү гүн дө нанды тандырга жабуу кеңи ри таралган.

Кыргыздарда тамак-аштарды даярдоодо бир кыйла үрп-адаттар да кездешет. Алардын бири казанга эт салаарда эң биринчи сууга «каржиликти», андан кийин калгандарын салышат. Шорпону канчалык көп сапырса ошончолук таттуу болот дешет. Ар бир мейманга анын коомдогу даражасына, туугандык абалына жараша табак тартылат. Аялдарга эч убакта койдун башы тартылбайт. Конокторду тейлегендерге же үй ээсинин баласына «устукан» берүү, ошондой эле табактын түбүнө тейлеген кыз-келиндерге бир аз табак түп калтыруу салты илгеритеден бери келатат. Эгерде бул эрежени меймандар сактабаса, эл кеп кылып, коомдо кадыр-баркын жоготкон менен барабар.

Кыштын күнү жарма, көжө, бозо ичип, шорпого күлчөтай салып жешкен. Кесмени билишкен эмес, этти жалаң жеген учурда чай ичпестен шорпого суу аралаштырып, «кара дөң» кылып ичишкен. Эгер суук тийип сыркоолоп калышса сууга курут эзип кайнатып, сары май салып сапырып ичип тердеген. Кышында сорпого, жайында сүткө боорсок кылышкан, анын калыңдыгы бир эли болуп, камырдан күлчө кылып жеген. Муну «кекиртек» деп аташкан.

Калыңдыгы бир эли болгон боорсокту сүткө бышырып «үзмө» деп аташкан. Жайдын күнү малдын сүтүнөн башкасына анча маани беришкен эмес. Сүттөн бүткүл дээрлик тамагын жазашкан. Дан жок болгон учурда ышкындын башындагы уругун сүткө салып ичишкен. Уйдун, эчкинин көбүнчөсү койдун сүтүнөн жуу рат, сүзмө, курут, эжигей быштак нече түрдүү тамак жасашкан.

Кундуз ИСМАИЛОВА, “Айыл ажары”, №2, 02.2009-ж.

Бөлүшкүлө

Опубликовать в Facebook
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>