Айкөл Манастын элеси — сүрөттө

Айкөл Манастын элеси — сүрөттө

Бишкектеги тарых музейинде “Улуу дастандагы өчпөс элестер” деген аталыштагы сүрөт көргөзмөсү ачылды. Анда Жайсаң Үмөт уулунун варианты боюнча жазылган «Айкөл Манас» эпосундагы каармандардын 92 сүрөтү коюлду.







Эрнис Асек уулу. «Записки от скуки»

Сагыныч Киши сагынат экен. Жыргалбек досумду сагындым. Чоюн байкени сагындым. Шайлообек байкени сагындым. Түгөлбай байкени сагындым. Алым байкени сагындым. Төлөгөндү сагындым. Жолдошбек Зарлыкбековду сагындым. Асланды сагындым. Кенжебек Алдаярды сагындым. Анан, анан Мелис байкени сагындым. Маңдайымда олтурган Сурат байкени сагындым. Сагыныч ушундай экен. Сагын эжени сагындым. Сагынчу кишилер өтө эле көп экен. Салтанатты сагындым. Анан бир




Кызганчаак, түнт, согушка барбай калганына кейиген Алыкул

Аз жашаган өмүрүндө артына өлбөс-өчпөс атын калтырып кеткен алп акын Алыкул Осмоновду кимдер билбейт. Жазуучу Чыңгыз Айтматов дүйнөгө келген күнү Алыкул Осмоновдун өмүрдөн кеткени кандайдыр бир мистикадай таасир калтырат. Азыр да классик акындын сырлуу ыр дүйнөсү, жеке жашоосу жөнүндө жазылып бүтпөй келет. Мисалы, жазуучу, журналист замандашыбыз Мундузбек Тентимишов акындын арзып алган ак никелүү жары болуп,




Ак жаан же Болот Бейшеналиевдин сүйүүсү, кайгысы, өлүмү тууралуу

Дөө-шаа актерлордун бири Болот Бейшеналиев. Бу дүйнөгө бир келди да, бир кетти. Бир жанды да, бир өчтү. Жөн кетпей ар бир кыргыздын жүрөгүнөн орун алып кетти. Болот Бейшеналиев десе көзүбүзгө өзү эмес «Ак Мөөрдөгү» Болот, «Биринчи мугалимдеги» Дүйшөн элестейт. Талант, тагдыр, арман. Бул үчилтиктин коштоосу менен бир өмүр кечирип, атагы дүңгүрөп, жүрөгү күңгүрөп жүрүп көзү




Кубанычбек Маликов менен кеткен кыргыздын бүтүндөй доору

Акын, драматург, котормочу, эл акыны Кубанычбек Маликов кыргыз адабиятынын бир өңүтүн алып жүргөн адам болгон. Калемдештери, кыргыз адабиятынын өкүлдөрү К.Маликовдун ат көтөргүс эмгегинин бири — «Манас» эпосун убагында коргоп, кыргызга тиешелүү улуу руханий дүйнө экендигин талашкандыгын айтып келишет. Азыркы муундар мындай өңүттөгү маалыматтарды, улуулардын эмгектери туурасында аз билишет, бир даарынын кабары жок. Андыктан бул кенемтени




Кубатбек Жусубалиев: «Өмүргө келгенден кийин өлүм жок»

Рухий изденүүнүн улуу жолу. Улуу сапары. Жалгыз адам баратат. Түбөлүктүү адамдай. Турган турпаты, келбети туура түбөлүктүүлүктүн элесин көрсөтөт. Жолдор көп. Кыйма-чийме түшөт тимеле. Бирок ал жолдордо ошончолук түркүн адамдар да көп. Ал эми Кубат акенин өзүнүн жолу бар. Ал жол менен батынып эч ким баса албайт. Жакындай албайт. Ал жолдо Кубат аке жалгыз баратат.




Табылды Эгембердиев, ордо федерациясынын президенти: «Ордо оюну абалак менен кайра жанданды»

Кыргыздын улуттук оюндарынын бири болгон ордо акыркы жылдары такыр унутта калган. Жылына бир жолу «Алтын томпой» деген аталышта республикалык турнир формалдуу гана түрдө өткөнү болбосо. Союз учурунда өлкөнүн Түштүк тарабы томпой менен Түндүк тарабы абалак менен ойноп турушчу. Эгемендик алган жылдары ордону жалаң гана томпой менен ойноо эрежеси киргизилип, анын өтөөсүнө эч ким чыккан эмес.




Райхан Бейшеналиева, композитор: «Мүнөзүм шайыр болсо да, негедир муңдуу ырларды жаратам»

Бизде аялзатынан чыккан саналуу гана композиторлор бар. Алардын арасында эл аралык конкурстардын лауреаты, Великобританияда өткөн бүткүл дүйнөлүк «Мастер-прайз» композиторлор конкурсунун катышуучусу Райхан Бейшеналиеванын ысымы да өзгөчө баага татыйт. Анын бири-бирине окшошпогон, ар биринин өзүнчө тагдыры, мазмуну бар «Келем дедиң», «Жолукпай калсам эгер», «Мен сага жолугушум керек эле», «Угуп кой», «Асман», ж.б. ырлары Гүлнур Сатылганованын аткаруусунда




Түлөө берүү

Бул — ар кандай кырсыктардан аман калганы же алыска аман-эсен барып келгени үчүн жаратканга ыраазы болуп мал союп, этин бышырып, элге таратуу, бата алуу. Түлөө көбүнчө катуу ооруп айыкканда, кыйналып аман-эсен көз жарып алганда, бийик жерден жыгылганда, оор кырсыктан башы кутулганда берилет. Түлөөгө, адатта, кой-эчки, козу-улак, тай-торпок өңдүүлөр союлуп жүрөт. “Көк Асаба” (“Кыргыз гезиттер айылы”),




Бертик суроо

Бул — бели нооказдап (мертинип) калган адамды эмдөө аракети. Илгери элибиз көбүнчө боз үйдө тургандыктан бала-бакыра өзү көрүнбөй туруп, сузгуну эшиктен үйгө сунчу. Үйдүн адамдары аны дароо түшүнөт, өзүлөрүн көргөзбөй сузгуга колунда барын салуу. Көбүнчө ага ун, май, эгин, туз, эт, сүт өңдүүлөр түшөт. Бели мертинген аны ошол турушу боюнча бышырып ичет, жейт. Мындан ооруга




Аксарбашыл айтуу

Жүрөк сезген кырсыкты алдын ала болтурбай коюуга жасалган далбас. Кудайдан шыбага күтүү үчүн айтылган өтүнүч. «Ээ, кудай аксарбашыл» деген сөздүн артында, ушул кырсыктан аман калса, кой соем, кан чыгарам, түлөө өткөрөм (аксарбашыл — башы сары ак кой соем) деген маанини билдирет. Албетте, «сактансаң сактайм» деген Кудайдын шерти бар. “Көк Асаба” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 20.12.2011-ж.