Т.Акеров, тарых илимдеринин кандидаты: ДНК изилдөөлөрү кыргыздардын канында 63% европеоиддик ген бар экендигин аныктады

Т.Акеров, тарых илимдеринин кандидаты: ДНК изилдөөлөрү кыргыздардын канында 63% европеоиддик ген бар экендигин аныктады

Табылды Акеров тарых илимдеринин кандидаты, ага окуутучу, учурда Кыргызстандагы Эл аралык университетинин Этнология институтунун директору болуп эмгектенет. «Адам баласы бир ата, бир энеден жаралып, дүйнө жүзүнө тараган» деген санжыра бүгүнкү күндө илимий изилдөөнүн жыйынтыгы менен аныкталууда. Албетте, бул аныктаманы окумуштуулар тарых илимине көмөкчү илим катары жаны пайда болуп, өнүгүп келе жаткан ДНК изилдөөлөрдүн натыйжасына таянып




«Сен сүйгөн кыргыз макалы» жаштардын эссе сынагы жарыяланды

«Кыргыз улутунун руханий кайра жаралуусу үчүн» жаштар кыймылы, «Тынчтыкты коргоо борбору» коомдук фонду, республикалык «Манас» жаштар ордосу, Руханий биригүү демилгеси жана «Акипресс» маалымат агенттиги менен биргеликте «Сен сүйгөн кыргыз макалы» жаштардын эссе сынагын жарыялайт. Конкурстун максаты – кыргыздын салттуу баалуулуктарын коомчулукка популяризациялоо, коомдо бул баалуулуктарды терең түшүнүү жана аларды жаштардын күндѳлүк турмушунда колдонуу.




Кыргызстанда кыргыз тилиндеги биринчи электрондук китепкана ишке киргизилди

“Сорос Кыргызстан” фондунун маалыматтык долбоорунун негизинде “Биздин мурас” коомдук фонду менен кыргыз тилиндеги биринчи электрондук китепкананы ишке киргизди. Анда А4 көлөмүндөгү 20 миң беттик 100дөн ашуун китептер кийирилген.




“Алтын такта” адабий сынагы жарыяланды

Кыргызстандын жана КМШ өлкөлөрүнүн студенттери үчүн “Көп тил – бир дүйнө” урааны алдында “Золотая табуретка” (“Алтын такта”) адабий сынагы жарыяланды, чыгармаларды тапшыруу мөөнөтү 2012-жылдын 1-апрелине чейин КР Жаштар министрлиги, “Кыргызстандын жаңы адабияты” (“Новая литература Кыргызстана”) интернет-сайты жана Борбордук Азиядагы Америкалык университетинин “Золотая табуретка” адабий клубу Кыргызстандын жана КМШ мамлекеттеринин студенттери арасында адабий сынагын өткөрүп жатат.




Улуу кыргыз каганаты

РЕДАКЦИЯДАН. Үстүбүздөгү  жылдын 27-январында  Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаев “Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүүнү тереңдетүү жана жарандык атуулдукту калыптандыруу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду. Анда: “Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүү боюнча мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун системалуу иши элдин биримдигин чыңдоого жана мамлекеттүүлүктү өнүктүрүүгө олуттуу салым кошо алат”, – деп баса




Жалил Абдыкадыров – нукура залкар талант

Кыргыздын европалык типтеги улуттук драма театрынын залкар режиссёру, Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жалил Абдыкадыровдун даңазалуу чыгармачылык өмүр жолу Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театры менен  ажырагыс байланышта. Анткени, бул театрдын профессионалдык искусствосунун реалисттик жогорку көркөм бийиктикке көтөрүлүп, дүркүрөп өнүгүшү, чыгармачылык ийгилиги жана көркөм багыты Жалил Абдыкадыровдун ысымы




Рахат Жуманазарова

КЕЗДЕШҮҮГӨ БАРАТАМ Мен өзүмдү таппай келдим, таппай издеп, бир изимди кайра-кайра таптай бердим. Кайда жүргөм? Жокмун күтсөм, жүдөп бүткөм, аргасыздан арсыз күлгөм. Түтөп күйгөм, чүнчүп жүргөм, мен өзүмө толук кайтчу күндү күткөм. Мен өзүмдөн алыс жүргөм, ойгоно албай, “ойгон” деген алсыз үндөн. Көрчү оюмдун чаташканын, мен өзүмдөн адашкамын. Ким бирөөнүн кейпин кийип, өзүм менен кездешүүгө




Интернеттин кыргыз тилдүү сегменти. Абалы, маселелери, өнүгүү жолдору

(Уландысы. Башы өткөн санда) Кыргыз тилдүү Интернеттин өнүгүүсүнө жолтоо болгон нерселер Интернетти колдонуу мүмкүнчүлүгүнүн чектелиши Элдин Интернетти колдонуу мүмкүнчүлүгү али да чектелүү болууда. Аны шарттаган нерселердин бири – Интернет түйүнүнүн Кыргызстандын баардык аймактарына жакшы жете электигинде. Ал негизинен аймактагы шаарларга чейин гана жетип, айыл жергесинде жашагандар үчүн Интернет баягы эле “уккам, көргөм, бирок кармай элекмин”




Маданият, адабиятты жазган басылмалар кантип жашап жатат?

Азыркы кыргыз тилдүү басылмаларга баам сала келгенде дээрлик бардыгы саясатка,  анан жеңил-желпи темаларга, эстрада ырчыларына – шоу дүйнөсүнө басым жасап келет. Ал эми кыргыз адабияты, маданияты дегеле, улуттук мурастар  тууралуу жазган гезиттер саналуу жана аз нускада болгондуктан, калың окурман журтуна жетпей калууда. Атаандаштык күч болуп турган азыркы шартта мындай багытта чыгып жаткан гезиттердин кантип жашап




«Кар» темасына арналган бир ырдын сынагы аяктады. Сурамжылоо

25-февралда «Кар» темасына арналган бир ырдын сынагы аягына чыкты. Жыргалбек Касаболотов, Олжобай Шакир, Марат Токоев жана Жумадин Кадыров курамына кирген жюри бул сынактын жеңүүчүлөрдүн аттарын жакында атайт. Ага чейин блогубуздун сыйлыгынын ээсин аныктоо үчүн сурамжылоо жүргүзөбүз — айрым учурда жюри менен окурмандардын тандоосу дал боло бербегендиктен,  «Кыргыз маданият борбору» окурмандарынын атайын сыйлыгын да жарыялаганбыз. Бул сыйлык эң көп




Тил табияты

• Сөз кыргыз тилинин табияты жөнүндө. Башкача айтканда Манас дүйнөсү баш болгон дастандарда уюган, нечен миң-миңдеген жылдар бою оозэкилеп эленип өнүккөн эне тилибиздин табияты. Көкөтөйдүн ашында чабылчу күлүктөр минтип сыпатталыптыр: Саяпкерге көп түлүк. Өркөчү бийик, зээри бас Өкүм күлүк бир канча Өөдө жерден ноюбас Токсон күн минсе жорубас, Тобурчак бар бир канча… Кара байыр, казанат,




Айтматовдун драматургиядагы жаңычылдыгы

Моралдык-нравалык теманын азыркы кыргыз драматургиясында өзгөчө социалдык-философиялык жалпылоолорго алынып, новатордук жанрдык-стилдик формада чечмелениши Ч.Айтматовдун казак драматургу К.Мухамеджанов менен биргелешип жазган «Фудзиямада кадыр түн» аттуу жанры боюнча социалдык-психологиялык драмасынан даана көрүндү. Драма нравалуулук проблемасынын кыргыз драматургиясында терең көрүнүшү гана эмес, дүйнөлүк масштабда глобалдуу проблеманы, «канткенде адам улуу адам болот?» маселесин жалпы адамзат алдына курч жана конкреттүү




Кытайдагы кыргыз тилдүү кол-фондун тагдыры

Өткөн жылдын башында Кытайдын Кызыл-Суу аптоном обуласында “Кыргыз үнү” аттуу кол-фон сатыкка түшкөн эле. Алгач дүбүртү катуу чыгып, кийин дымы чыкпай калган бул иш боюнча суу башындагылардын бири, “Ташкын” өнөрканасынын ээси Төлөнтур Ыбырайды сөзгө тарттым.




Муса Мураталиев 70 жашта

Муса Мураталиев чыгармалары Ч.Айтматовдон кийинки эле чет тилдерге көп которулган кыргыз жазуучу. Москвалык жазуучунун көп кырдуу чыгармачылыгы тууралуу адабиятчы, Бишкектеги Чүй университетинин профессору Бекташ Шамшиев «Азаттыкка» буларды айтты: — Кыргыз коому Муса Мураталиевге чыныгы талант катары мамиле жасашы керек эле. Анын чыгармачылыгы кыргыздарга албетте, таанымал. Ал Мырза Гапаров, Асанбек Стамов, Мелис Абакиров, Кеңеш Жусупов өңдөнгөн таланттардын катарында




«Кар» сынагы: Жылдызбек Турсунбаев

Кар бүртүк Көңүлүмдү көркөмдүгү ачып жай, Көктөн жерге кулап бирден ашыкпай. Аяр, назик жаап жатат аппак кар, Адамзатты аруулаган бакыттай. Эх, айрымы балмуздактай туюлуп, Эриниме даам берет урунуп. Эртең эрип жок болорун билсе да, Ээ-жаа бербей үймөктөшөт жыйылып. Жүзүм тоссом арнап жанга жыргалын, Жумшактыгы термейт жүрөк кылдарын. Жарып алып жатабы дейм каккылап, Жаратканым жаздыгынын пырларын.




Арбактарды бири-бирине каршы койбойлучу

Кымбаттуу окурман, менин колума калем алып бул макаланы жазууга «Кыргыз Туусу» гезитинин 17-январдагы №3 санына чыккан Самсак Станалиевдин «Кыргыз маданиятынын күн нуру» деген макаласы түрткү болду. Мындай жүрөктүн тереңинен чыгып, сезимди толкуткан, жогорку деңгээлде жазылган макаланы көптөн бери окуй элек элем. Бирок, С.Станалиевдин «К.Тыныстанов кыргыз маданиятынын күн нуру» – дегени ашыгыраак сезилди мага. Анткени, калган




Макала толукталды

“Айланайындар, Кыргызстанга көчүрүп кеткилечи!” деген макала толукталды.




“Кар” сынагы: Айжан Ибирайым кызы

Февралдагы толгон ай Жолуктум сага… жолумду уладым, Жолоочу сымал жолтоо кыла албадым, Жоодурап карап, көздөрдө турса айтылбай, Жомогун курап, жолдорун улай албадым. Жаштыгым жаркын жазын же жайын тандабай, Жаап жаткан кар – февралдагы толгон ай. Көр тирлик, көп түйшүк барын унутууга, Көзүңө тигилем, көңүлүм жылытууга. Каректен тамган тамчы кар менен жуурулушуп Кагымы мүнөттөрүм жылдарга улутуна.




Сынактын аяктаарына аз эле калды

25-февралда «Кар» темасына арналган бир ырдын сынагына ырларды кабыл алуу токтойт. Аз эле калды! Дагы көп бар деп чыгынбай жүргөндөр, шашылгыла! Эскерте кетсек, бул сынак аяктаары менен «Көктөм», «Аптап», «Күз» жана «Кар» темасы боюнча сынактарга катышкан мыкты ырлар кирген альманахты басып чыгаруу пландаштырлууда. Ал китеп, сынагыбыздын негизги демөөрчүсү «Бийиктик» басмасында басылып чыгарылат. Учурда сынакка төмөнкү




Улуттук оюндарыбыздын учугу узарар бекен?!

Кыргызстанда спорттун бир нече түрү боюнча мелдештер өткөрүлүп келет. Айрыкча чыгыш элинин спорту өнүгүп, ага кызыкдар болгон балдардын саны арбыды. Спорттун кайсы гана түрүнөн мелдеш болбосун эл жык-жыйма келбесе да залдын ичи толуп, орун жетпей калган учурлар көп эле кездешет. Тилекке каршы, кыргыздын улуттук оюндары боюнча мелдештер көп өткөзүлө бербегени өкүнүчтүү. Болгону күрөш, тогуз коргоол,