Кыргыз адабиятынын алп чынары Түгөлбай Сыдыкбеков

Сүрөт Уикипедиядан алынды

Түгөлбай Сыдыкбеков… Бул ысым баарыбызга тааныш. Ал кишинин аты менен XX кылымдагы кыргыз маданияты көп жагынан байланышып, бири-бирин көтөрүп, бири-бирин тиреп тургансыйт. Эң көп романдарды жазган кишинин эмгегин азыр ойлоп отурсаң, ошонун баарын бир киши, али компьютер да, диктофон да жок кезде, кантип жазып бүтүрдү экен деп таң каласың. Бир жолу гана ал кишинин бир романын көчүрүп чыгыш эмне деген мээнетти талап кыларын ойлогондо эсиң оойт, Т.Сыдыкбеков айрым чыгармаларын бир нече вариантта жазып чыккан, кайра-кайра оңдогон.

Кезере отуруп карасөз жазган жазуучу, лөк романчы, акын-котормочу гана эмес Түгөлбай Сыдыкбеков эне тилибиздин, улуттук маданиятыбыздын опол тоодой тиреги, түндүгүн көтөргөн түркүгү, чынар тереги болуп келген. Бүгүн биз канчалык элдигибизди, улуттук жүзүбүздү, тил байлыгыбызды сактап тура алсак, эртеңки муундарга өткөрүп бере алсак, анын баарында кызыр даарыган аксакалыбыздын кызылдай мээнети, кылымдардын кыйырында кыргыз унутпай турган кымбат кызматы бар. Өнүгүп-өстүк, капитализмди аттап түз эле феодализмден социализмге ыргыдык деп отуруп, тил корубузду көрүнгөн сөздөргө тепсетип, маданиятыбыздын улуттук жүзүнө көө жаап, элдик кептеги көөнө сөздөрдү көөмп, «гезит-кишилерге» айланганыбыз жалган беле? Ураалаган жылдарда, улуттук маданияттан, эне тилден айрылып-айрылбай аткан чакта Түгөлбай Сыдыкбек уулу кыргыз тилинин тазалыгы үчүн, кыргыз улуту үчүн тикесинен тик туруп күрөшүп, тилди көрүнгөн дейди сөздөр, сүйлөм курулмалары менен бастырбоо, калк кебинин кунарын кетирбөө, накта элдик эски сөздөрдү «уйкудан ойготуу», кара сөз айдыңында Баба Дыйкандай түйшүктүү мээнет кылуунун камында жүрүп келиптир. «Жогору жактарга» боо-боо каттарды жазыптыр, көрүнгөн жерде айтып-дептир, маселе коюп, тили тешилиптир, уккандар угуптур, укпагандар «койчу, ушу улутчулду» деп кулагынын сыртынан кетириптир, кыскасы, бу киши кыргыз тилин жээригендер менен найза алып кадимки баатыр бабаларча салгылашыптыр. Ал гана эмес жаш жазуучулардын бир канчасына, айталык, К.Жусубалиевге, А.Саспаевге, К.Жусуповго, М.Гапаровго, С.Жетимишовго, А.Камаловго арка-бел болуп, тоталитардык бийликтин кан күсөгөн камчысынан калкалап турду, ал гана эмес ал жазуучулардын улуттук сүрөткер болушуна шыкак берди.

Кыргыз-казактын баары ал киши аксакал деген атка жеткен кезде да Түкө деп кадырлап, Кыргызстан өз алдынча мамлекет болгондо туңгуч ажонун башына ак калпак кийгизип, бакайлык милдет аткарды.

Түгөлбай Сыдыкбеков Ысык-Көл өрөөнүндөгү азыркы Түп районуна караган айтылуу Каркыра жайлоосуна өтө берердеги Кең-Суу айлында 1912-жылы төрөлгөн. Анын айылы карагайлуу төштөрдүн алдында, көлгө шашып аккан Түп суусунун танаптарында жайгашып, көл тараптан ары жайлоолорго, ал гана эмес казакка өткөн жолоочулар да бир байырлап кетчү. Болочок жазуучунун энеси Айымкан он жети бала төрөп, бирок алардын ичинен жети уул, төрт кызы — баары он бири чечек деген жугуштуу дарттан жан таслим болот. Ошондой кайгылуу, азалуу күндөрдө жарык дүйнөгө келген баланы ырымдап тигилер кеткендердин ордун түгөлдөп толтурсун деп Түгөлбай деген ат коюшуп, элде болгон ырымдын баарын колдонуп, оору көрбөсүн деп элдик ишенимдер менен тыйымдардын укканын түгөл аткарышат. Бала кыйналып, ооруп өсөт, эжелеп сүйлөй электе — экиге келгенде атасы келте оорусуна кабылып бу дүйнө менен коштошот.

Айымкан тың аял-эне гана эмес, жамакчы да болгон экен, аларды айылынан кууп, Чоң-Ташка башпааналап келишкенде жамактап отуруп жер алганы айтылат. 1916-жылдагы Улуу Үркүндө Айымкан да балдарын ээрчитип, Текеске барып жан сактайт, эл кайра кайтканда булар туулган жерине жете албай, казактар арасында туруп калып, Кең-Суусуна 1918-жылы гана кайтып келет. Эс- акылы кирип калган бала Коровин деген колунда анча-мынчасы бар адамга жалчылыкка жүрөт. Айылдык молдодон эскиче окуй да баштайт. Аңгыча айылда жаңы — советтик мектеп ачылып, ага кирет да, сабат алат. Баягы айылдашы Коровиндер Каракол шаарына көчүп кеткен эле, аларды эш кылып, эптеп шаарга жетип, А.П.Чехов атындагы мектепке кирет. Бул 1925-жыл, мектеп орус мектеп болчу. Ал жерден Пушкин, Гоголь, Тургенев сыяктуу жазуучулардын чыгармалары менен таанышат. Балким ошондо жазуучу болгусу, башынан өткөргөн оор күндөрдү башкаларга баяндап бергиси келгендир. Ошол кезде жалаң окуу менен жан багуу Түгөлбай сыяктуу балдар үчүн кыйын эле болгон, окуу менен гана чектелбей кимдир бирөөлөрдүн кызматын кылышы керек эле. Андай кыйынчылыктардан улам Караколдогу Крупская атындагы мектепке, анча өтпөй Ленин атындагы жети жылдык мектепке которулууга туура келет. Дал ошол кезде «чымыны» ойгонот, ал тууралуу өзүнүн минтип айтканы бар: Бир күнү А.С.Пушкиндин китебин окуп отурса, классташы Молдокасым: «Ушундай орус тилинде жазылган чоң китепке да сенин тилиң өтчү беле»,-деп мыскылдайт. Буга намыстанып Түгөлбай: «Мындай китепти өзүм да жазам», — деп, ошондон улам «Капкакбай» деген поэма-жомогун жазат, «Сөз ылгап, ырдын кооздугун, көркөмдүк касиеттерин териштириш кайда. Туш келди «соктура» берип, беш-алты күндүн ичинде эки дептерди жомокко толтурдум»,-дейт ал бул чыгармасынын жазылышы тууралуу. Мына ошентип ал акырындап адабий шыгын ойготот.

1928-1931-жылдары Фрунзедеги айыл чарба техникумунда окуп, ал жерден жакшы баага арзып, ошол эле адистиги боюнча 1931-жылы Ашхабад шаарындагы Орто Азия зооветеринардык институтуна кирип окуусун улантмак болот, бирок Түркмөнстандын аба ырайы, климаттык шарты өпкөсүнөн кагынып оорукчан болуп калган жаш жигитке азап берип, окуусун таштоого мажбурланат. Ал арада 1930-жылы «Ленинчил жаш» газетасынын 1-майдагы майрамдык санына «Булар кимдер» деген ыры басылган Түгөлбай чыгармачылыкка чындап киришүү алдында турган, аны үчүн ал поэзияны тандап алган. Ошол ырдын убайыбы, эбепке себеп болуп, окуусун таштап келген жигит ошол эле жылы жогорудагы «Ленинчил жаш» газетасына жумушка алынат. Эми анын тагдырына жазуучулар, журналисттер аралашат. Гезиттин жаңы сандарына үгүт-насаат мүнөзүндөгү ырлары биринин артынан бири басылат. 1932-жылы «Чабуул» журналына элдик оозеки чыгарманы кайра иштеп чыккан «Чал комузу» деген поэмасы жарыяланат.

Түгөлбай жаш акындын биринчи ырлар топтому «Күрөш» деген ат менен 1933-жылы чыккан. 1936-жылы «Баатырлар» деген ат менен ырлар жана поэмалар китеби жарык көрөт, 1938-жылы «Акын — булбул» деген ырлар жыйнагы басылды. Жогорудагы үч жыйнак акын катары аны таанытып, адабиятка астейдил аралаштырганы менен көпчүлүктөн бөлүп көрсөтпөдү, чыгармачылык жүзүн ачып берген жок. Бирок өз доорунун дурус жарчысы боло алды, анткени ал жаңы турмушту мактап, бай-манапты жамандап ырларды жазды.

Канткен менен Т.Сыдыкбековду ошол кездеги аз гана бөлүгү сабаттуу болгон өз элине «Кең-Суу» романы таанытты. Бул кыргыз адабиятындагы алгачкы романдардын бири болуу менен анда реалисттик, ошол кездин заманбап окуялары, тап күрөшү таамай сүрөттөлгөндүгү менен айырмаланган. «Кең-Суу» романынын биринчи китеби 1937-жылы, экинчи китеби 1938-жылы басылып чыкты. Кең-Суу — жазуучунун туулган айылы, демек, жазуучу бир айыл аркылуу жалпы кыргыз жерине Кеңеш бийлигинин келишин, ал саясый зор окуянын оош-кыйыш жактарын көркөм сүрөттөөгө алган. Каармандарынын бир тобунун образын жаратууда өзү жакшы билген айылдаштарынын бейнесине таянган. Сапарбай, Самтыр сыяктуу орбаздардын катарында Соке абышканын образы терең иштелген, чыгарма жалаң гана колхоз курулушун эмес, кыргыз адамынын мүнөзүн ачып берүү жагынан да ийгиликке жетишкен.

«Кең-Сууга» улай эле, ошол эле темада «Темир» романы чыкты. Аңгыча Улуу Ата мекендик согуш башталып, мезгил чоң романдарды эмес, тез бүтүүчү, үгүтчүлүк мүнөзү алдыңкы планга чыккан очерк, аңгемелерди жазууну жана аларды дароо эле бастырып элге жеткирип, элдин мекенчилдик рухун көтөрүүнү талап кылды. Дал ушундай багытта жазылган «Пайдага чечилген чатак», «Тарбия», «Замбирекчилер», «Күтүү», «Кайрат», «Эл оозунда» деген аңгеме, очерктеринен мезгилдин демин сезүүгө болот. 1943-жылы жарык көргөн «Согуш күндөрүндө» деген китеби жазуучунун фашизмге каршы күрөшү калем менен ишке ашып жаткандыгын айгинеледи. Канткен менен эл башынан өткөн эң оор күндөр жазуучунун ички дүйнөсүнө тынчтык бербей, ошол кездеги Ала-Тоо аймагынын ар түрдүү окуялары, каармандары анын «Биздин замандын кишилери» романынын (1948) өзөгүн түздү, бул чыгарма Сталин атындагы СССРдин Мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болуп, улуттук адабиятыбызда мурда болуп көрбөгөн улуу жеңишти алып келди. Роман көп чет тилдерине которулду, жазуучунун да аброю өстү.

Андан кийинки барандуу чыгармасы «Тоо балдары» (1953) романы болду. «Тоо балдары» — кыргыз балдар адабиятындагы жападан жалгыз роман. Анда согуштан кийинки кыргыз айлындагы турмуш, балдарды окутуу-тарбиялоо, бала менен эне-атанын, үй-бүлө менен мугалимдин, эски менен жаңынын ортосундагы байланыштар, карама-каршылыктар кеңири сүрөттөлгөн. Романдын жазылышы боюнча жазуучу өзү минтип айтат: «…Москвадагы «Балдар адабиятынын» башкы басмаканасы кыргыз мектептеринин турмушунан повесть жазыш үчүн менин алдыма өтө туруктуулук менен маселе коюшпаса, «Тоо балдары» жазылбас беле? Балким, «Тоо балдары» эмес, анын ордуна башка китеп жаралат беле? Айтор, басмакананын демилгеси бизге «Тоо балдарын» жазууга себепчи болду». Ырас эле ошол жылдары коммунисттик партия балдар адабиятын жакшыртууга өзгөчө мамиле кылган. Чыгарманын башкы каармандары Аскар, Динар. Алар үй-бүлөдө жакшы тарбия алып, мектепте эң жакшы окушат, Аскар илимпоз болууга дилгир. Динар өзүнчө эле бардык жагынан кыйын кыз, а түгүл чоң энесине да көп нерсени үйрөтүп коёт. Ошол эле учурда Орусбек деген тентек баланын образы бар. Анын атасы Соке абышка күлкү келтирерлик адам. Балдарды окуткусу келбейт, бала эскиче эле таяк кармап мал бакса деп ойлойт. Ушундай образдардын бири-бири менен татаал мамилелери, Сабыр сыяктуу мугалимдердин иш аракеттери менен Соке абышка менен Орусбектер оң жолго түшүп, булардын «Күрпүлдөк» айлына жаңы мектеп салышат, мөмө тоюн тойлошот.

Мурдагы «Кең-Суу» романын сындагандар ал бир гана айылдын — Кең-Суунун турмушун сүрөттөп калган деген сыяктуу дооматтарды коюшкан эле, ал чыгарманы кайра оңдоп «Тоо арасында» (1955) деген ат менен чыгарат.

60-жылдарда карасөздүн балбаны ырга ооп 1960-жылы «Күн кызы Нурайымга күйөөлөгөн Жанболот жөнүндө баян» жомок-поэмасын, 1969-жылы «Адамдарга кайрылуу» аттуу ырлар жана поэмалар жыйнагын тартуулады. «Адамдарга кайрылуу» катуу сынга кабылды. Ошол эле жылдарды романист катары дагы өжөрлүк менен көшөрө иштеп «Батийна» (1962), «Зайыптар» (1966), «Курбулар» (1977), «Ыманбай пейили» (1980) деген романдарын биринен сала бирин жазат.

Сүрөткердин турмушунда «Көк асаба» романы өзгөчө тагдырдагы чыгарма болгон, ал Орхон-Эне-Сай доорундагы түрк элдеринин тарыхый басып өткөн жолун көркөм жалпылаштырууга алган, бул дал ошол тарыхыйлыгы менен тоталитардык доордун «кара сандыгына» кабылып, көп жыл окурмандарына жетпей жатып, заман бир аз оңолгондо гана 1989-жылы окурман колуна тийди. Автобиографиялык жана тарыхый, өмүр баяндык мазмундагы «Жол» (1982), «Бел-белес» (1996) романдары кыргыз эли тарабынан жылуу кабыл алынды. «Мезгил сабактары», «Табылга» (1992), «Мен миң жыл жашадым» деген китептерине анын мезгил жана адам, коом жана инсан, тарых, тил, илим-билим, улуттук мурас, маданият ж.б. темалардагы атуулдук позициясын айкындаган макалалары жана маектешүүлөрү киргизилген.

Кыргыз адабиятына 70 жылга жакын ак кызмат кылган, элдик тилдин жана нарк-насилдин нускалуу билерманы Т.Сыдыкбеков 1997-жылы 19-июлда Бишкек шаарында каза болду. Анын сөөгүн эл зор урмат, ызат менен узатты.

Абдыкерим Муратов, “Заман-Кыргызстан” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 18.05.2012-ж.

Бөлүшкүлө

Опубликовать в Facebook
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>