Кыргыздар түрктөрдөн келип чыкканбы же түрктөр кыргыздарданбы?

turkutКийинки мезгилдерде жалпыга маалымат каражаттары, кээ бир окумуштуулар жана жогорку баскычтагы коомдук ишмерлер Түркия мамлекети менен мындан ары өз ара дипломатиялык байланыштарды дагы жогорку баскычтарга көтөрүү максаттарында «Түрк жана кыргыз эли бир тууган, бардыгыбыз түрк атанын балдарыбыз»- деген түшүнүктөрдү байма-бай таратышчу болду. Бул саясат, албетте азыркы кездеги кыргыз элинин жана кыргыз мамлекетинин абалына жана суроо-талабына толук жана иштиктүү жардам берет.

Бирок, биз кыргыз эли, убактылуу ыңгайлуулукту жана мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууда өзүбүздүн түпкү тарыхыбызды унутпай, тарыхый чындыкты эстен чыгарбоого дагы милдеттүүбүз.

Чынында да, түрк жана кыргыз эли бир Түрк атанын балдарыбызбы? Жо-ок, түрк жана кыргыз эли бир түрк атанын балдарыбыз деген түшүнүк чындыкка жатпайт. Бул суроого жоопту, түрк элинин тарыхына, эң абройлуу, дүйнөлүк атак даңкка ээ болгон окумуштуулардын эмгектерине кайрылуу менен тактай алабыз.

Тобостор түндүк Кытайды каратып алганда, андагы уруулардын арасында «Беш жүз түтүн Ашиналар» бар болгон. (Беш жүз түтүн — деген «аз эле» деген өлчөмдү көрсөткөн түшүнүк болгон. «Бул беш жүз түтүн» IV кылымда кытайлар хунндарды жана сяньбийлерди жеңип алганда Шэнсинин батыш тарабында жашаган ар кайсы уруулардын аралашып кетишинен келип чыккан. (30.т.с. 221) Ашиналар Хэсинин Ордос-тун батышы, Хуанхэ суусу жана Нань-Шань тоосунун ортосундагы ийримге жайгашкан чөлкөмдө болгон, князь Мугана болгон бийликке баш ийишкен. 439-жылы тобостор хунндарды жеңип, Хэсини ВЭЙ падышалыгына кошкондо, Ашина өзүнүн беш жүз түтүн эли менен жужандарды көздөй качып, Алтай тоосунун түштүгүнө конушуп, жужандар үчүн темир казып беришкен.
Кытайлар хунндарда баш ийген Ашина эмин «Ту-кю» деп аташкан. Ашиналардын тили мурда кандай экендигине карабай, V кылымда алар тарыхый аренага чыкканда, аларга ошол кездеги уруу аралык тил болгон сяньби башкача айтканда байыркы монгол тили түшүнүктүү болуп, ошол тилде сүйлөшкөн. Бул тил көрсөтмө берүүнүн, базардын жана дипломатиянын тили эле. Бул тили менен Ашиналар 439-жылы Гобинин түндүк тарабына келишкен. «Ашина» деген сөз «карышкыр» деген түшүнүктү билдирет. Түрк тилинде карышкыр «бури» же «кас-кыр» деп, ал эми монгол тилинде шоно/чино деп аталат. «Ашина» деген сөз «салабаттуу, жылдыздуу карышкыр» дегенди түшүндүрөт. (62.с.104-103). Кытайлашып кетпеген бул сөз арабдардын Шанэ (241.р.289) деген жазуусунда жазылып калган.

Качкындар көчүп барган Монгол Алтайынын чөлкөмүндө түрк тилинде сүйлөгөн, хунн уруусунан тараган уруулар жашоочу экен. Князь Ашинанын эли ушул жергиликтүү эл менен кошулуп, алардын аталышы менен «түрк» же «түрк+уют» деп аталып калышат. «Түрк» деген сөз катуу, күчтүү дегенди түшүндүрөт.

Арабдар Орто жана Борбордук Азиядагы бардык көчмөн элдерди, алардын тилине карабас-тан түрктөр деп аташкан. Дагы түшүнүктүү айтканда: арабдар Согдиянанын түндүгүндө жашаган бардык көчмөндөрдү — түрктөр деп аташкан. Ал эми Согдиянанын түндүгүндө жашаган көчмөндөр бул аталышты каршылыксыз кабыл алышкан. Андан ары бул термин андан ары терең жайылып, үй-бүлөнүн тили болуп калган. Ошентип, VI-VII кылымдарда мурда түрк каганатына кирбеген көп эл «түрк» болуп калышкан. Алардын кээ бирлери мурда монголоиддерге да киришкен эмес. Мисалы: түркмөндөр, осмондор, азербайжандар. Кээ бирлери каганаттын элдешкис душмандары болушкан. Алар: курукандар — азыркы якуттардын ата-бабалары, кыргыздар — азыркы хакастардын ата-бабалары. Ал эми үчүнчү топтогулар байыркы түрктөргө караганда алардан алда канча мурда эл катары пайда болушкан. Мисалы — балкарлар, чубаштар… (Л.Н.Гумилев «Древние тюрки» М.2004г. с. 24-28, 78).

Түрктөрдүн келип чыгышы жөнүндөгү маселени, байыркы түрк тилдүү элдердин келип чыгыш тарыхын изилдеген академик Р.Рахманалиев Л.Н.Гумилевдун жазгандарын толугу менен колдоп, өзүнүн «Империя тюрков» (М.2002 с.143-145) деген китебинде ушул эле мазмундагы түшүнүктөрдү жазыптыр. Ошентип, түрк эли биздин замандын V кылымында эл катары түзүлгөн экен.

Эми кайсы мезгилден бери кыргыз эли белгилүү? Изилдеп, карап көрөлү.

Кыргыздар жөнүндөгү алгачкы маалыматтар Сыма-Цяндын «Ши-цзы» (тарыхый жазуулар сост.б.з.ч.т.к) деген байыркы кытай тарыхый булактарында кездешет. Анда, болжол менен биздин заманга чейинки 201-жылы хунндардын шаньгюу Маодун өзүнүн мамлекетинин чек арасын чыгышта Кореяга, батышта болсо азыркы мезгилдеги Сыньцзянга чейин кеңейтүү жөнүндө айтылат. Цзянгундардын (кыргыздардын) жери Шаньгюдун турагынан 7 миң ли батышта, Чешинин (Турпан) жеринен 5000 ли түндүктө жайланышкан. Алардын арасында Чжички жашап калды. (Сюни тарыхынын материалдарынан Вып. II 1973 37-бет).

«Хакянсы-Хагасы — Кыргыз» Хагас Гяньгундардын байыркы мамлекети. Ал Хаминин батышында Харашардын түндүгүндө, Ак-Тоонун этегинде жатат. Кээ бирлери бул мамлекетти жана Гюйву жана Гйегу деп аташат. Эли динлиндер менен аралашып кеткен. Хагостын (кыргыздардын) ээлиги байыртадан бери хунндардын батышында орун алган. Хунндар кытайдын полководецин жеңип алгандан кийин аны батыштагы Чжики княздыгын башкарууга, андан башка кытай полководеци Вей Людини динлиндердин башкаруусу кылып дайындашты. Чжики Шаньюй Гяньгундарды (кыргыздарды) жеңип алып, чыгыштагы Шаньюдун ордосунан 7000 ли батыштагы, Чешиден түндүктөгү чөлкөмгө өз бийлигин орнотту. Ошондуктан, бул өлкөнүн эли Хагастарды Гйегу же Гйегисы деп туура эмес атап калышкан. Гяньгундар (кыргыздар) бир нече жүз миң ли чөлкөмдү ээлеп турушкан. Түштүк хойхуйлардын (уйгурлардын) ордосуна 3000 ли, а түштүгүндө Таньмань тоосу жатчу. Жеринин кыртышы жайында саздак, кышында калың кар жатат. Эли негизинен бою бийик, сары чачтуу, жүзү ажарлуу, көздөрү көгүш болушат. Кара чачтуу адамдарды жакшы эмес белги деп эсептеп, кой көздүү адамдарды Ли Линдин тукумдары деп эсептешет. (И.Я.Бичурин. собрание сведений о народах, обитавших в средней Азии в древние времена. Т.г.М.Л. 1950).

Түндүк Монголияга жана түштүк Сибирге, буга чейин Отюкен чөлкөмүнө отурукташып алган жана жашаган хунндардын жана жужандардын жерине курукандар, кыргыздар, тардуштар жана уйгурлар көчүп келишкен. Булардын биринчи эки тобун ачыктап берүү кыйын эмес. Курукандар азыр Иркутск шаары турган Байкалдын батышында туруп, уйгур конфедерациясына кирген. Кыргыздар Енисей дарыясынын башталышында, башкача айтканда азыркы Минусинск жана Абакан райондорунан Тувага чейин турушкан. Кыргыздар жогоруда айтылгандай байыркы түрк элдерине кирген эң байыркы эл болгону менен аларда түрк расасына тиешелүү болгон антропологиялык белгилер жок. Эреже катары кыргыздарды түрктөшүп кеткен индоевропалыктар деп эсептешет. Кытайлыктар кыргыздарды узун бойлуу, сары чачтуу, көзү көк адамдар катары сүрөттөөсү, Гардизи деген араб коомдук ишмери жана тарыхчысы кыргыздар славяндардан келип чыгып, өздөрүнө тиешелүү узун бойлуулугун, сары чачтарын, агыш жүзүн, көгүш көздөрүн сактап калышкан деген легенданы айткан.

«Кыргыз» деген сөздүн өзү, алардын башка көп сөздөрүндөй эле, таза түрк сөзү. Бул элдин атын «кырк» деген сөздүн уңгусу менен жана «из»-эки, «икиз»-эгиз деген суффикс менен так түшүндүрүүгө болот. Экинчи этимологиялык варианты — кырк кыз, башкача айтканда «кырк кыз»- деген кыргыздардын жомогунда айтылат. Кыргыздар кырк такыячан кыздардын жапайы тайган менен байланышынан келип чыккан. Ошентип кыргыздар «кырк кыз» менен жапайы тайгандан келип чыккан адамдардан турган федерациянын уюмунан турган. Ушундай эле татарлар жана огуздардын сан менен түшүндүрүлгөн бирикмелери айтылган. (Р.Рахманалиев «Империя тюрков» Москва2002, стр139).

Биз кыргыздардын келип чыгышы жөнүндөгү легендага кайрылдык. Эми түрк элинин келип чыгышы жөнүндөгү легендаларга кайрылып көрөлү. Балким түрктөрдүн келип чыгышы жөнүндөгү легендаларда кыргыздар менен түрктөрдүн тууган экендиги тууралуу маалымат айтылып жүрбөсүн?

Биринчи легенда, хунндардын үй-бүлөсүнүн батыштагы бөлүгү батышка бара жаткандыгы жөнүндө болот. Аттиланын мамлекети жөнүндө айтылат. Аттиланын аскерлери жолдо жолуккан айылдын элин бүт кырат. Душмандар колу-бутун кесип, өзүн сазга ыргытып жиберген, тогуз жаштагы бир гана бала тирүү калат. Бул баланы канчык карышкыр багып, андан боозуп калат. Бирок душмандар баланы дагы өлтүрүп салышкан. Ал эми канчык карышкыр Алтайга качып барып, ал жерде он эркек бала тууйт. Алар көбөйгөндөн көбөйө берип, бир нече мезгил өткөндө, Асянь-ши деген бирөө бүткүл эли менен үңкүрдөн чыгып, алар Жужан ханынын букаралары экендигин мойнуна алган..

Экинчи легендада түрктөр жергиликтүү Со деген элден тарап, анда дагы алардын энеси да карышкыр болгон. Со уруусунун баары өздөрүнүн акылсыздыгынан (ал кандай акылсыздык экендиги айтылбайт) бүт кырылып калышат. Бул уруудан карышкырдын төрт небереси тирүү калат. Алардын бири ак куу болуп кетет, экинчиси Абун жана Гянь сууларынын ортосуна Цигу деген элдин башталышы болот, үчүнчү жана төртүнчүсү түштүк Алтайдагы Чуси (Чүй) суусунун боюндагы элдин ата-энеси болуп калышат. (Л.И.Гумелев «Древние тюрки» Москва 2004 стр24-26).

Ал эми кээ бир журналисттер, окумуштуулар жана айрым коомдук ишмерлер айтып жүргөн түрктөрдүн биринчи президенти Мустафа Кемаль Ататүрктү көпчүлүк эл бүткүл түрк тилдүү элдердин атасы болсо керек деп түшүнүп алышы мүмкүн. Анткени, азыркы мезгилде элибиздин басымдуу көпчүлүгү гезит-журнал, китеп окубайт, өсүп келе жаткан жаштар өткөн тарыхыбызга кызыгышпайт. Мустафа Кемаль Ататүрк 1881-жылы Солоникада туулуп, 1938-жылы Стамбулда каза болгон. Түркия Республикасынын биринчи президенти (1923-1938-жж) көрүнүктүү аскер ишмери, буржуазиялык помещиктик элдик республикалык партиянын башчысы болгон. 1923-жылы Түркия — Республика болуп жарыяланып, Мустафа Кемалга маршал, газы (жеңүүчү) деген наам берилип, ал Түркиянын биринчи президенти болуп шайланган. Мустафа Кемаль Түркияда мамлекеттик жана административдик мыйзамдарды чыгарып, маданий жана турмуш жагында буржуазиялык мүнөздөгү бир катар реформаларды жүргүзүп, Түркиянын капиталисттик жол менен көз карандысыз өсүшүн камсыз кылууга көп эмгек жумшаган. 1934-жылы Түркиянын улуттук улуу чогулушу Мустафа Кемалга «түрктөрдүн атасы» деген ат берип, анын аталышы Газы Мустафа Кемаль Ататүрк болуп калган.

Газы Мустафа Кемаль Ататүрк бул жакында эле жашап, Түркия элине ак эмгек кылып, түрк элине ата болгон. Бирок Газы Мустафа Кемаль Ататүрктүн кыргыз элине башка түрк элдерге ата катары эч кандай тиешеси жок. Түрктөр менен кыргыздарды, ошондой эле башка түрк тилдүү элдерди Борбордук жана Чыгыш Азияда байыркы заманда бирдей шартта жашаган көчмөндүү эл экенибиз, тилибиздин жакырдыгы, ислам динин тутунганыбыз, салтыбыз, маданиятыбыз жана башка окшош экендиги жакындаштырат. Анын үстүнө түрк жана кыргыз элинин өсүп-өнүгүшүнө байыркы замандагы хунн элинин чоң таасири бар экендигин баса белгилеп кетишибиз өтө зарыл.

1991-жылы Кыргызстан өзүнчө көз карандысыз мамлекет болуп жарыялангандан кийин Түркия Республикасы Кыргызстанды биринчилерден болуп, эгемендүү республика катары таанып, эки тараптуу дипломатиялык мамилелер түзүлүп, кыргыз элине чоң өлчөмдөгү гуманитардык, финансылык жана техникалык кредиттерди жеңилдетилген шарттарда берип, кыргыз мамлекетинин өсүп-өнүгүшүнө чоң салым кошту.
Азыркы мезгилде Кыргызстанда төрт жүздөн ашык түрк мамлекеттик жана жеке менчик фирмалары жылына 400 миллионго жакын суммадагы америка долларын рынок катары жүгүртүшүүдө. Ошондой эле Кыргызстанда Түркиянын колдоосу жана жардамы менен уюштурулган Кыргыз-Түрк «Манас» университети менен эл аралык «Ататүрк — Ала-Тоо» университети баш болгон жогорку жана орто окуу жайларда 1500дөн ашык түрк жана миңдеген кыргыз жаштары билим алууда. Түркияда ушул мезгилде жүздөгөн кыргыз окумуштуулары жана адистери иштеп, Түркиянын ар кайсы жогорку окуу жайларында он миңден ашык кыргыз улан-кыздар билим алышууда.

Кыргызстан өз алдынча эгемендүү өлкө болуп жарыялангандан бери Россия, Кытай, АКШ, Япония жана башка ири өнүккөн өлкөлөр Түркия сыяктуу эле ири суммадагы гуманитардык, финансылык жана техникалык жардамдарды берип келе жатат. Анткени, бул мамлекеттердин ар биринин кыргыз элине жана кыргыз жерине болгон өз кызыкчылыктары бар.

Ушундай татаал эл аралык мезгилде Кыргызстандын башкаруучулары калың карапайым элдин жашоо-турмуш талабын эске алып, жогорудагы ири өнүккөн өлкөлөрдүн бирөөнү туруктуу өнөктөш кылып тандап, мамлекетибиздин алдыга карай өнүгүп-өсүшүнө жетишип, элибиздин турмуш деңгээлин жаңы жогорку бас-кычка көтөрсө деген ойдобуз.

Алымбай КЫЗАЕВ, КР эмгек сиңирген мугалим,
«Алиби» («Кыргыз гезиттер айылы»), 04.03.2013-ж.

Сүрөт www.gumilev-center.ru сайтынан алынды

Бөлүшкүлө

Опубликовать в Facebook
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>