Category: Адабият

Байдын эрке баласы

(жомок) Илгери, илгери бир байдын жалгыз эрке баласы болгон экен. Ал бала: “О атамдын ушунча малы, дүнүйө-мүлкү, өзүмдүн сулуу аялым бар. Атам өлсө да мен эчтемеден кор болбойм”, деп ойлочу экен. Баланын колуктусу акылдуу болот. Күндөрдүн биринде атасы өлүп, энеси, аялы үчөө калат. Атасынын жыйган мүлкү, малы түгөнөт. Эч кандай оокат кылар нерсеси жок калганда,




“Саяк наме” – саяк уруусунан чыккан билгилерди баяндайт

Республикабыздын социалдык өзөгү – кыргыз эли. Баары өзөктөн жанат. Бул өзү табигый мыйзам. Ушул эске алынбаган шартта абал чийеленишет, ички байланышуулар сакталбайт. Дүйнөдөгү ар бир элдин өзүнө гана таандык тарыхый калыптанган, өнүгүүсүнө, өз алдынчалыгына өбөлгө болуп турган өзгөчөлүк жактары бар. Салыштырмалуу аз кыргыз, далай башка элдерге окшоп жок болуп кетпей, ошол аз бойдон нечен миңдеген




Абдылда Карасартов. «Казак жеңем»

(аңгеме) Менин бир жеңем казак болчу. Аты – Күлпаш, орто бойлуу, чымыр денелүү, жайдары мүнөз, сөз кезеги келгенде айтар сөзүн бетке айтып, тайманбай сүйлөгөн чечкиндүү келин болчу. Жеңемдин башка абысындары негедир андан айбыгып турушчу. Ал келин болуп келген күндөн тартып, мени «молда жигит» деп айтчу болду. Ичимен: «Мен молдо болбосом, эмне үчүн мени молдо дейт,




Токтогулдун белгисиз жактары

Быйылкы 2014-жылы Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгын майрамдоо алдында турабыз. Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жыл түрк мамлекеттеринде «Токтогул Сатылганов жылы» деп жарыяланды. Мына ушул датага карата мамлекеттик деңгээлде бир катар иш-чаралар өтүлөрү, «той да болору, тойдун эртеси да болору» белгилүү. Бирок, биздин мектеп окуучуларыбыз, студенттерибиз али да болсо советтик мезгилдеги окуу китептеринде жазылган маалыматтар менен улуу акындын




Таштан ЧАКИЕВ, акын, жазуучу котормочу: «Чыгармачылык бокстай, машыкпасаң ногдаунга кетесиң»

- Таштан ага, бир кезде «Күн дидары», «Алтын жебе» деген жыйнактарыңыз чыкты эле. Кийин көп көрүнбөй кеттиңиз. Чыгармачылык кантип атат? — Жакында кырк экиге чыгам. Менин курагымда жупкадай үч китеп жазыштын өзү уят. Биздин курагыбызда улуу акын-жазуучуларыбыз том-томдорду жазып коюшкан экен. Муну кээде замандын шартына байласам, кээде саптай албаган ийнеден көрөт болуп кызматыбызга шылтап атабызбы




Мирлан Самыйкожо

Ырлар КҮЛГҮН ЖООЛУКЧАН Көсөп жанды көңүл ооруткан, Көйгөйлөрдөн жаңы соолуксам… Күүгүм күнгө кошуп узатты, Күлгүн көйнөк, күлгүн жоолукчан. Кусалыктын күбүп кунарын, Көзүмдү албай карап турамын. Куп жарашат экен өзүңө, Көйнөгүңдөй күлгүн курагың. Такыр болбойт эми жолугуум, Талкаландым, кайра соолудум. Татынакай жарашат экен, Турмушуңдай жаңы жоолугуң. Көчө бойлоп басып буралдың, Караанымды катып туралдым… Көөдөндү өрт каптап




Жээренче чечен

(жомок) Мурунку өткөн заманда өзү чечен, сөзү бекем Жээренче аттуу киши болду. Анын Төлемырза делчү уулу бар экен. «Өмүрүндө чын айтпаган калпычы бала» деп уулу жөнүндө элдин айткан сөзүн Жээренче күн сайын угуп жүрдү. Бир күнү уулун сынамак үчүн, караңгы түндө ээрчитип келатып атасы — Балам менден көрө көзүң курч эмеспи, асты жагыңды карачы: мага




Жаңы китеп. Жети атаңды тааныткан чыгарма

“Турар” басмасынан боёгу кургай элек, жаңыдан жарык көргөн “Саяк намэ” (баян) аталышындагы китепти колуна алган окурман, белгилүү журналист, публицист Жолдошбек Токоевдин көп жылдар бою жыйып жүргөн тарыхый инсандарга арналган айрыкча изилдөөлөрүнө ортоктош болот. Китептин өзөгүн түзгөн темаларды сыдыра караганда эле кыргыз санжырасынан, комуз күүлөрүнөн тарта кыргыз элинин нускалуу салт-санаасы, үрп-адаты, улуттун наркы, тарыхы жана башка




Сирень Сарбалаева

Ырлар ТАПТЫРБА Кутудагы кулпуланган бактысың, Кусалыктын таптырбаган ачкычын. Жеткин деген жеңиштерге чакырып, Жеткирбеген үчүн мага жакшысың. Күлгүн кездин гүлдөргө окшош көктөмү, Күнөө делбейт, күтүп көңүл чөккөнү. Мекениме жалын чачып, нур чачып, Мен жетпеген жылдыз болчу көктөгү. Тирүулүктө болчу жолдун жашылы, Тилегимди ажаарлантсын асылы. Май айындай жаз жашатып дүйнөмө, Махабаттын кубалатсын закымы. Жалын чачып жазыла элек




Үч кыз

(жомок) Илгери-илгери бир кишинин үч кызы болуптур. Улуусу күзгүгө каранып отурганды жакшы көрсө, ортончусу таранганды сүйөт. Кичүү кызы куурчагына кийим тигүү, менен алек болот. Күндөрдүн бир күнү энеси кыздарды карагат терип келүүгө жиберет. Үчөө үч баштык алып, карагат терүүгө женөйт. Карагат калың өскөн жерге келишип, а дегенде кызыгып жешет. Бир аздан кийин тиштери камалып, карагат




Эл аралык Пен-клубунун 80-мааракелик конгресси

2014-жылдын 29-сентябрнан 2-октябрына чейинБишкек шаарында бүткүл маданият дүйнөсүүчүн өтө маанилүү болгон, бүткүл дүйнөдөгү жазуучулардын жана акындардын башын бириктиргенЭл аралык Пен-клубунун 80-мааракелик конгрессининөткөрүлүүсү күтүлүүдө. Эл аралык Пен-клубу адабият жана өз оюн айтуу эркиндигин колдоп келет. Бул максаттын ишке ашырылуусун Эл аралык Пен-клубдун Кеӊеши жетектеп, аны менен бирге ойдун өлкө ичинде жана бардык өлкөлөрдүн арасында тоскоолдуксуз тарашына




Сулуу келин

(жомок) Бир жигиттин түшүнө ай десе аркы жок, күн десе көркү жок сулуу кыз кирет. Ошо сулууну табам деп ал жигит: Медийнанын беш бурчун, Беш айланып кыдырат. Төгөрөктүн төрт бурчун, Төрт айланып кыдырат. Баягы ойдогу сулуусу табынбайт. Жалдырап жигит жолго салат. Келе жатса бир булактын башында тамагынан ай көрүнгөн бир сулуу келин олтурат. Жигит ойлоно




Эки талант баш кошсо…

“Жазуучу Нурбүбү Бөдөшова 55 жашка келип калыптыр”… дегендерин калемдештерден укканымда, бул мезгилдин адам баласы үчүн ушунчалык тез, атылган октой болуп өтүп жатканына ого бетер ичим кайыша түшкөнсүдү. Ичимден: бизди мезгил өзү эле көк желкебизден ныгыра басып жүрүп отуруп, анан эле жөргөмүштүн желесиндей болгон карылыкка алып барып, матап салат турбайбы… деген да ойго кеттим. Так ушул




Аалам. Акын. Кыргыздар!

Ооба, кубанычтуу күн. Биз көптөн күткөн, эңсеген күн. Эмнеге? Шайлообек агай айтпадыбы, «биздин убакта мындай жыйнактарга кошула албай кала берчүбүз» – деди го?. Ушул жерде отурган акындарга аралашып мен да бир саамга такшалып калган акын боло калдым, кыялымда. Анткени, менин да эки ырым бул жыйнактын бетинен орун алып отурат. Чынында акын болуш кайда? Поэзия түпкүрү




Нурлан Калыбеков

Нурлан Калыбеков жана анын чыгармачылыгы тууралуу Аксы районунун Аркыт айылында 1973-жылы 21-сентябрда туулган. 1988-жылы Аркыт 8 жылдык мектебин, 1990-жылы Таш-Көмүр шаарына караштуу №6 И.В.Панфилов атындагы орто мектебин бүтүргөн. 1990–1992-жж. “Бишкек почтампта” слесарь оңдоочу, “Кыргызсоодакурулушмонтаж” башкармасында, Кыргызавтомаш заводунда жумушчу болуп эмгектенген. 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин Журналистика факультетин, 1998-жылы “философия” багыты боюнча магистратурасын бүтүргөн соң, Кыргыз мамлекеттик




Манасчы Шапак Ырысменде уулу

Шапак Ырысменде уулу 1863-жылы Кочкор өрөөнүндөгү Шамшы айылында жарык дүйнөгө келген. Насили Сарыбагыш уруусундагы Чоңчарык уругунан. Атасы Ырысменде сөзмөр, жомокчу, комузчу, ыңгайы келгенде жамактатып ырдап койчу жайы бар, өз мезгилиндеги өнөр адамдарына жакын адам болуптур. Казан аштуу, өз оокатына тың, мал-жандуу адам болгондуктан үйүнөн комузчулар, төкмө акындар, ошол мезгилдеги өнөрлүү адамдар көп келишчү экен. Комуз




Кулактан жан дүйнөгө

* * * Акылдуу адамды тапкысы келген адамдын өзү акылдуу болуусу зарыл.   * * * Эки адамдын күчү бирдей болсо, кимисинин оюу чындыкка жакын болсо, ошонусу күчтүү болот.   * * * Билгендер сүйлөбөйт, сүйлөгөндөр билбейт.   * * * Өзүңө каалабаган нерсени башка адамга да жасаба.   * * * Көп сүйлөөчүлөр менен




Тунуктукка умтул

(икая) Бир күнү Даанышманга өтө маданияттуу, өтө билимдүү-илимдүү окумуштуу келет да, суроо узатат. Бирок Даанышман: – Кечиресиз, сиздин сурооңузга азыр дароо жооп бере албайм, — дейт. Тигил адам таң калат: – Неге жооп бере албайсыз? Бош эмессизби, же башка себеп барбы? Окумуштуу эл урматында жүргөн, мамлекетке таанымал, атак-даңкы бар адам болгондуктан, Даанышмандын дароо жооп бере




Алданган бүркүт

(жомок) Куу түлкү жойлоп жүрүп, акыры бир айылдын четиндеги дөбөгө туш келет. Ал дөбөнүн күн батыш тарабында момолой чычкандардын бир нече ийини бар экен, аны көрүп түлкү кубанычка батып, ылайыктуу жер таап ошого жашынып жатат. Бир маалда күнгө кактанганы чыккан чычкандар бири бирине кабар бергенсип чыйылдашып жатып сыртка чыгышат. Ушуну эле күтүп турган куу түлкү




Дөөтү уста менен ителги

(жомок) Илгери өткөн заманда колунан көөрү төгүлгөн зергер уста Дөөтү жашаптыр. Ал кызыл чокко колун салса да күйүүчү эмес экен. Темирди камырдай жууруп, түркүн буюм жасачу, алтын күмүштөн оймо-чийме чегүүчү. Баатырларга соот-чопкут, жоо-жарак жасаса, элге алтындан баалуу буюмдар жасады, шаарга чеп курду, желге жел тегирмен, сууга суу тегирмен чуркатты. Калкы кадырлап, атагы алыска жайыла баштады.