Category: Искусство

Степ-чечетканы катырган Бергали жана Аскар аксакал

Чач агарган жашта чапчаң жигиттердей тарсылдата чечетка бийлеген каармандарыбыз жөн адамдар эмес. 73 жаштагы Аскар Жумагулов жооптуу кызматтарда иштеп олуттуу мүнөз күткөн менен, комузда кол ойнотот, укмуш пейзаждарды тарткан фотосүрөтчү, жогорку билимди Москвада тээ советтик коомдук илимдер академиясынан, кийин Кыргыз улуттук университетинен алган экономист. Учурда Чүй облусунун согуш жана эмгек ардагерлери кеңешинин төрагасы. Ал эми




Далбаевдердин даңазасы

Ушул жылы Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, кыргыз театрынын азыркы учурдагы бирден-бир корифейи Сатыбалды Далбаев 80 жашка, өмүрлүк жубайы – Кыргыз Республикасынын эл артисти Мираида Далбаева 75 жашка толду. Чыгармачылыкта жана үй-бүлөдө кош жылдыздай бул эки залкар 40 жыл бирге жашап, легендарлуу тагдырдын ээси болушту. Кыргыз искусствосунун өсүп-өнүгүшүнө чоң салым кошушту.




“Устатты көргөн бактылуу, көрбөгөндөргө боор ооруйт”

Балалыктын көркөм дүйнөсү Кампанын төркү бөлмөсүн айланта казылган ороолордо буудай, таруу же жүгөрү дан азыктары сакталчу. Мезгил жазды ортолоп, ороолор бошой баштаганда ичинен күнү-түнү чычкандын чыйпылдаган үндөрү угулуп турчу. Улуу Ата Мекендик согуш башталганда Назаралы элүүдөн ашып калган чагы экен. Ал абдан чарбакер дыйкан болуп, бала-чакасы согуштун каатчылыгын анча көрбөгөн. Ал жылдары кенжеси Медербек ойноок




Жамила Сыдыкбаева: Боздоп ыйлап жатып ушул кесипти сурап алгам

Театрды, сахнаны аялуу ыйык нерсесиндей туткан актрисанын чыгармачылыкка болгон алгачкы кадамы оңой башталган эмес. КРдин эмгек сиңирген артисти, театрдын актрисасы Жамила Сыдыкбаева искусство үчүн көп эмгек жумшаганы айтпаса да белгилүү. Эгер убагында тагдырдын бурулушуна туш болбогондо Жамила Сыдыкбаева азыр театрда эмес, тилмечтик кесипти аркалап жүрмөк экен. — Көпчүлүк сизди «Апамдын махабаты» сериалы аркылуу жакшы таанып




«Кыргыз эл бийи» сынак-фестивалы жыйынтыкталды

Эл аралык «Кыргыз эл бийи» сынагынын иш-чарасы Кыргызстанда алгачкы жолу болуп ѳттү. Коомдук ишмер, меценат Рустам Мамановдун демилгеси жана демөөрчүлүгү менен негизделип,  аталган иш-чара Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосунда «Улут Жүзү» коомдук фонду уюштурду. Бул бий сынагы кыргыз элдик бийин жандандырып өнүктүрүү, элдик өнөрлөрдүн үлгүсүн сактап калуу, муундан-муунга өткөрүп берүү жана кыргыз бий өнөрүнүн




Улуу Британияда “Манас” айткан

Касмамбетов Сапарбек 1934-жылдын 30-майында кереметтүү Ысык-Көлдүн Корумду айылында туулган. Атасы Тынаев Касмамбет өз учурундагы билимдүү, комузду мукам черткен, өнөр адамдарын сыйлаган, нарктуу адамдардын бири болгон. Энеси Сайраке Сыдык кызы жомок, дастан айткан, тилге, сөзгө маани берген, макал-лакаптарды куюлуштура айткан, кыргыздын каада-салттарын урматтаган, түшүнүгү кенен адам болгон. Сапарбек кичинекей, 7-8 жаш кезинде эле алп манасчы Саякбай




Боектордогу жан дүйнө жана махабат

Сүрөтчү Асатилла Тешебаевдин бир нече эмгеги чет мамлекеттердин жеке коллекциясында экени белгилүү. Ал Австриянын жана Орусиянын сүрөтчүлөр бирикмесинин мүчөсү. Бүгүн Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинде анын ар кайсы жылдары жараткан 50дөн ашуун чыгармасы коюлду. Сүрөткер өзү картиналарында адамдын бул тирүүлүктөгү ордун, өз махабаты үчүн умтулуусун, ички дүйнөсүн ачып берүүгө аракет кылам дейт. Сүрөттөрдү толугу менен




Алмашуу баштан башталат…

«Калпак унутта калып бараткандай…» Диналиана: Келиңиздер алгач эле сиздердин коомчулукту таң калтырып жаткан калпагыңыздар тууралуу сөз кылсак… Ушундай идея кантип жаралды, эмне болуп кыргыздын калпагын өзгөчөлөнтүп жасайын деп чечтиңиздер?     Төлөбөк мырза: Биринчиден өзүбүз жана дүйнөгө көз карашыбыз жөнүндө айтып кетсек туурараак болушу мүмкүн. Анткени эң биринчиден биздин компания “CCG” – Кыргызстандын азыркыга чейин




9 — Эл аралык айтыш сынагы жыйынтыкталды

Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата 9 — Эл аралык айтыш сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Анда финалга казак тараптан 8 акын, кыргыздардан 8 акын баш байге үчүн ат салышты. Улуу акын Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата Бишкек шаарында 9 — Эл аралык айтыш сынагы кечээ жыйынтыкталды. Эки күндөн бери уланып жаткан айтышка Казакстандык жана жергиликтүү кыргыз акындары




Токтогулдун комузчулук өнөрү

Албетте, Токтогулдун комузчулук өнөрүнө эч кандай көңүл бурулган жок, ал жөнүндө сөз болгон эмес деп айта албайбыз. Андайлар болгон. Бирок, алардын кыргыз тилинде жазылгандарынын бири да музыка таануу илимине тиешеси жок экендиги өкүндүрөт. Ал эми орус тилинде жазылган А.В.Затаевичтин, В.С.Виноградовдун эмгектери – негизинен нота жыйнактары. Комуз чертүүнүн корифейлери М.Күрөңкеев, К.Орозов, кийинки комузчулар Ө.Рысбеков, Б.Мадазимов ж.б.




Ташбек КУДАЙБЕРДИЕВ, Кыргыз эл артисти: «Үзүлбөгөн үмүт»

Чебер актер деген өзү менен кошо айланасындагылардын көңүлүн көкөлөткөнгө же көздөн жашын агыза мөгдөтө алууга тийиш. Ошондо гана актер актердук чеберчиликке ээ боло алат. Комедия жанрында көптөгөн образдары менен бирде айласыз элди күлдүрсө, бирде трагедияда көрүүчүлөрүн күйүнтө алган адам арабызда. Театр дүйнөсүнө элүү жылдан ашык кызмат өтөп кыргыз маданиятына зор салым кошкон Кыргыз эл артисти




Классикалык музыканын классиги

Кыргыз классикалык музыкасынын негиздөөчүлөрүнүн бири, СССРдин эл артисти, СССР Мамлекеттик сыйлыгынын ээси, Социалисттик Эмгектин Баатыры, композитор, дирижер, профессор Калый Молдобасановдун үстүбүздөгү жылы 85 жылдык мааракеси мамлекеттик деңгээлде белгилениши үчүн Кыргыз Өкмөтүнөн атайын чечим чыгып, уюштуруу комитетинин курамы бекитилген. Учурда мааракелик иш-чаралар кызуу даярдалып жатат. Маданий очоктордо эскерүү кечелери, китеп көргөзмөлөрү, илимий-практикалык конференциялар жыл бою өтүлмөкчү.




Таланттарды таарынткан Токтогул сыйлыгы

Коомчулукта акыркы жылдарда мамлекеттик сыйлыктар туура эмес бөлүштүрүлүп келе жатканы айтылып жүрөт. Быйыл Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын тегерегинде ушуну менен экинчи жолу чыр чыкты. Мындан эки жыл мурун өзүнүн чыгармасы Токтогул сыйлыгына көрсөтүлүп, бирок комиссиянын кароосунан өтпөй калган сүрөтчү Асан Турсункулов маалымат жыйынын өткөрүп, Токтогул сыйлыгы бир гана кишинин жеке менчиги болуп калганын, ал




Карамолдо Орозов

Кыргыздын алп комузчусу Комузчулардан таптакыр башкача. Башкачалыгы-ар бир күүсү өзүнчө бир тең эч бир комузчу жетпейт, тең келбейт. Күүлөрүндө кыргыз элинин өткөндөгү турмушу, кайгысы, күйүтү, кубанычы, меймандостугу жана башка жактары баяндалган. Биз поэзиядагы турмушка терең кирүү жагынан Токтогулга жете албай жаткан сыяктуу эле, композиторлор дагы азыркы турмушка музыкасы менен терең кирүү жагынан али Карамолдого жетише




Арабы килем

Килемдин бир түрү. Ал түксүз килем деп аталат. Чеберлер жүл (түк) килемдей эле муну да арбын токууда. Бул түктүү килемден токулуш ыкмасы жагынан кескин айырмаланат. Буга жүн абдан аз чыгымдалып, жиптен таштанды чыкпайт. Таар сымал согулуп, килемдикиндей аркак салынбайт. Чеберлер жумасына бир орто аянттагы арабы килемди бүткөрүп коюшат. Буюм жерге төшөөгө шартташып, анда эришине аркакты




Т.Бакчиев: “7 күнү-түнү манас айтуу мааракесинде 300 карга бир жол менен 3 топ болуп келишти”

Ушул жылдын 18-сентябрынан 25-сентябрга чейин залкар манасчы Саякбай Каралаевдин 120 жылдыгына арналган маараке болуп өттү. Ал ысык-көлдүк манасчылардын демилгеси жана Тоң районунун Ак-Өлөң, Кара-Шаар, Оттук айылдарынын тургундарынын жардамы менен “Алп манасчы Саякбай” аттуу 7 күнү-түнү тынбай манас айтуу иш-чарасы менен коштолгон.Аталган 7 күндүк мааракеде ар кандай кубулуштар болгондугун манасчылар айтып чыгышты. Иш-чараны башынан аягына чейин




Өмүралы Тойчиев: ”Досторумдун баары тозокко кетти, мен деле тозокко барам”

- Өмүраалы мырза, эмне үчүн сүрөтчүлүк кесипти тандап алдыңыз? — Республикалык эл чыгармачылыгы үйүндө айылдык сүрөтчүлөрдүн 1 жылдык курсу бар экен, ошого тапшырып окуп калдым. Атам, чоң атам да чабан болгон. Кой баккандан көңүлүм үч көчкөндөй калыптыр. Кой баккым келбей эле окуп алдым. Анын үстүнө колум бошосо эле сүрөт тарта берчүмүн, китептин актай барагы, дубалдын




Асылбек Бегалиев, балетмейстер: «Тойлордо өзбектин, грузиндин бийлерин шакылдатып бийлегенче «Кара жоргону” бийлегенибиз жакшы»

Биз маектеше турган балерон Асылбек Бегалиев, убагында кыргыздын Бүбүсара Бейшеналиева, Айсулуу Токомбаева, Рейна Чокоева сыяктуу ж.б. корифейлери менен иштешип, кыргыздын маданиятын өстүрүүгө салымын кошкон. Ал 1934-жылы Сокулук районундагы Бос-Бөлтөктүн алдындагы Орок айылында Бегалы байдын уулу Рахманбектин үйүндө жарык дүйнөгө келет. Бирок, чоң атасы Бегалыны Октябрь ыңкылабы кыйгап өтүп кулакка тартылат. Анын кесепетинен Рахманбек бай-кулактын тукуму




Аркан

«Кыл аркандын селкинчек, кыздар ойнойт эркиндеп» (Эл ыры). Жылкынын жал-куйругунан, эчки-топоздун кылтагынан эшмечилик өнөрү менен бүткөрүлгөн жүк жүктөөчү, кайтарылган малга тагылуучу жоон жип. Анын узуну 12 кулачка жетет. Аны эшүү чылбырды, бел кырчоону, желени эшүү менен окшошот. Даана кыл аркан жылкынын куйрук-жалынан болот да, ал урунууга өтө бышык келет. Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу, «Кыргыздын кол




Аркак

«Эришке жараша аркагы» (Макал) Бул өрмөк согууда эриштин (эркеги үстүңкү жиптери) менен ургаачысынын (астыңкы жиптери) ортосунда каршы- терши жүрө турган жоон шоона. Аркак эриштен тез өтүп турушу үчүн ал, адатта, сүйрүлөнө түрүлөт. Өрмөктүн «адыргы» менен «кылычы» жана «үч марасы» (үч буттуу жыгачы) өрмөктү өйдө көтөргөндө, мунун күзүгүнүн бирөө өйдө чыгып, бирөө ылдый түшүп турат. Бул