Category Archives: Накыл кептер

Адам адам болуп…

Адам адам болуп, акыл – эс заманы башталгандан берки аң – сезимдик өнүгүүнүн өзөгү – ой жана сөз. Сөздү сөз, ойду ой козгойт. Айткан сөзүң – ал сенин өзүн. Сөз – ички дүйнөнүн күзгүсү. Дили тазанын сөзүндө амалкөйлүк болбойт. Ак пейил адамдар ар нерсени болгонун болгондой ачык айтат. Арамзанын сөзү да арамза.дили бузуктун сөзү да [...]

Read More

Эр жигитке бата

«Жүзүң нурлуу болсун, Жүрөгүң сырлуу болсун, Тилиң ырлуу болсун. Жигиттин сырттаны атанын, Өнөрүң сегиз кырлуу болсун. Бир үйдүн баласы болбо, Миң үйдүн санасы бол! Бир элдин атасы болбо. Миң элдин атасы бол! Бир тонго жака болбо, Көп көлдүн агасы бол! Акты ак деп баала, Караны кара деп сана. Өзөгүң талса өзөн боюн жала, Башыңа иш [...]

Read More

Ырыскыбыз ичтен, аброюбуз тыштан болсун!

Кенжалы САРЫМСАКОВ, карыя журналист Дүйнө жүзүндө канча эл болсо, алардын ар биринде өзүнө гана таандык өзгөчөлүк жана бири-биринен айырмаланган жактарын эске алып, өзүбүздүн кыргыз эли жөнүндө эмнелерди айтууга болот? Журт которгондо коломтосун, таштандыларын көөмп, мизилдете тазалап, табиятка таазим кылып, аны ыйык туткандык – элибиздин жан дүйнөсүндө уюган табигый тазалык; Сөз кадырын кастарлагандык, сөзгө жыгыла билгендик, [...]

Read More

Дагы бир жолу сөз жөнүндө сөз

Эмне көп, азан – казан жыйын көп. Бүйүр кызытма сөздөр көп. Арасында жүйөлүү айтылгандарын, сунуш пикирлерди иргеп, эске алып, ойлонуштурган эч ким жок. Жыйынды башкаргандар, азыркыча айтылып жүргөндөй, алып баруучулар жакшылыктуу тескей алышпай, жыйын кайым айтыш чыр – чатакка айланган учурлар көп. Көбүрүп – жабырган көчө кыйкырыктарды “көчө демократиясы” деп жүрүшөт. Бул деген – демократиянын [...]

Read More

Кыргыз мамлекетинин тагдырындагы улуу муун, орто муун, жаш муун

РЕДАКЦИЯДАН: Ушул акыркы жылдары улуу муун, орто муун жана жаш муун, тактап айтканда кыргыз интеллигенциясы улут тагдырын чечүүдѳ кандай жоопкерчилик ала алды, кандай чечкиндүү кадамдарды жасай алды жана эмнени жасай албады? Ѳлкѳнүн азыркы абалы үчүн ѳздѳрүн күнѳѳлүү сезе алышабы? – мына ушундай суроо менен «Кѳк асабанын» баяндамчыларына кайрылдык. Гезитибиздин бетинде коомдук ар кандай кѳйгѳйлѳрдү кѳтѳрүп [...]

Read More

Чыңгыз хандын кайгысын угузган Бука ырчы

Тарыхтын узак жолунда ошол жолдун орчундуу ордун ээлеп, тарых кыймылын түп тамырынан бери башка нукка бурган инсандардын бири бул, албетте, Чыңгыз (Жеңгиз) хан. Анын өмүрү, жеңиштери жана жеңилиштери ушул күнгө чейин ар түрдүү көз караштар менен айтылып келет. Кетбука ырчынын жашаган доору, чыгармачылыгы түздөн-түз ошол каардуу Чыңгыз хан менен байланыштырылат, б.а., ал XIII кылымда жашаган [...]

Read More

Түрк тилдерин өтө кылдат жат кылган Махмуд Кашкарлык-Барсканий

Кашкарлык Махмуд (толук ысымы – Махмуд ибн Хусейин ибн Мухамед) «Дивани лугат — ат — түрк» («Түрк сөздөрүнүн жыйнагы») деген эмгеги менен дүйнөлүк маданиятка чоң салым кошту. Махмуд түрколог тилчи-лексикограф, этнограф, фольклорчу, тарыхчы, географ катары жогорудагы эмгегинде өзүнүн талантын ар тараптуу көрсөтө алган.

Read More

Александр Македонскийдин мугалими Аристотель болсо, Шер Манастын биринчи тарбиячысы ким болгон?

Же улуу эпостогу баланы эркин тарбиялоо даанышмандыгы (Башы өткөн санда) Ал көзүн чоң ачып, айлана-тегерегине салкын кандуулук менен карап, алды-артын ойлоп, бардыгына сары эсеп салып турган киши. Мына ушундай эсепчил мүнөзүнөн улам ал Алтайда 40 миң жылкы күтүүгө жетишип, бай Жакып атанып отурат. Өзгөчө ал Алтай аймагындагы күнкор кыргыз менен «кара курттай кайнаган» үстөмчүл калмак-манжуунун [...]

Read More

Самсак Станалиев: Көркөм чыгарма окугандар көбөйүп калды

Адабиятчы жана публицист Самсак Станалиев улуттук маданияттын кризиси, массалык маданияттын үстөмдүк таасири жана адабиятка болгон коомдук керектөөнүн деңгээли жөнүндө Би-Би-Си менен ой-пикир бөлүштү.

Read More

Салижан Жигитовдун сабактары

(Башы) — Демек, коркунуч сырттан келбейт экен, өзүбүздүн ичибизде экен да. — Албетте. Ыраматылык совет өкмөтү элибиздин үчтөн бирин интеллигент кылып салды: бирок билимди чала берди, өз алдынча чачыратып ойлонгонго көндүргөн жок. Ошон үчүн биздин интеллигенция айылдык аң-сезимдин рамкасынан чыгалбай жатат. Оруска каршы ой айткандан, орус тилин сөккөндөн башка эчтемеси жоктор көп. Дүйнөнүн бардыгынан коркконго, [...]

Read More