Category: Улуттук тамак-аш

Конок тосуу

Элибизде «конок айттырбай келет» деген сөз бар. Айт-кандай эле, ата-бабадан келаткандай, конок кайсы убакта келбесин, кыргыздар-дын дасторкону жайылып, үстүндө тамак-ашы толуп турат. Шашылыш баратып кайрылган Кудайы конокко үй ээси жок дегенде ат үстүнөн болсо да суусун жуткурбай койгон эмес. Илгертеден келаткан бул салтыбыз азыркы күнгө чейин өз нугун жоготпостон уланып келүүдө. Конок насиби Сыйлуу тамакты




Нооруз. Сүмөлөк. Көжө

21-март Нооруз майрамына аз эле күн калды. Эл буга карата камылгаларды көрө баштады. Жардамы тийип калабы деген ниетте буздин блогдо Ноорузга байланыштуу маалыматтарды бул макалага топтоп койдум. Ар кайсы жактан издеп убара болбогула. Бул, биринчи кезекте, Ноорузга карата жасалуучу улуттук тамак-аштар тууралуу маалыматтар. Интернет айдыңын дагы бир ирет тинтип чыгып, Сүмөлөк жана Көжөнү жасоо боюнча




Жаткан төө

Бул тамактын аталышы анын бышып жаткан учурдагы көрүнүшүнөн чыккан. Казандагы үстү камыр менен жабылган картошкалар төөнүн өркөчүн элестетет. Керектелүүчү азыктар: Картошка – 1 килограмм Эт – 300-600 грамм Жуурулган камыр – 1 чоң (же 2 кичине) жайым Пияз – 1-2 даана (орточо өлчөмдөгү) Болгар калемпири – 1-2 даана Сабиз – 1 даана Сары май –




Тончон эт

Керектелүүчү азыктар: Уйдун сулп эти – 400 грамм Камыр – 1 жайым Сабиз – 1 даана Пияз – 2 даана Сарымсак – 2 тишче Суу май – 100 грамм Туз, кара мурч – татымына жараша   Жасоо жолу: 1. Этти жалпагынан алакандай эки бөлүккө бөлүп, туздап жана жанчып алуу керек. 2. Сарымсак менен сабиз майда




Өрүк курут

Курут кыргыздын улуттук даамдарынын бири катары белгилүү. Ал эми Баткен жергесинде курутту өзгөчө сыйлуу тамак катары аздектеп келишет. Эгер дасторконго эзилген курут берилсе, анда келген мейман өтө сыйлуу. Адатта, куруттун өрүк курут, туздуу курут деген эки түрү жасалат. Өрүк курут өрүк бышкан маалда даярдалат. Керектелүүчү азыктар: Айран, жакшы бышкан өрүк, сары май Даярдоо ыкмасы: 1.




Кымыз менен дарылоо

Кымыз — көчмөн эл арасында эзелтен бери белгилүү суусундук. Ал негизинен бээнин сүтүнөн, андан сырткары, уйдун жана төөнүн сүтүнөн да жасалат. Кымыз тууралуу алгачкы маалымат байыркы грек тарыхчысынын (биздин заманга чейинки 484-424-жылдар) эмгегинен жолугат. Ал скифтердин турмушун баяндап жазып, берегилер бээнин сүтүн чаначка куюп, бышуу жолу менен өзгөчө бир суусундук алышат деп жазган. Дарылык касиети




Көбүрчөк

«Күндүзү кымыз, түндѳ кыз, Күпүлдѳгѳн эр кыргыз!» («Манастан») Кечээ жакында, мындан, жүз элүү-алтымыш жыл илгери кыргыз улутунда кеңири таркаган, (жайнаган десек да эң тѳп келишкен) чындыктын накта ѳзүн чагылдырган, бетке чиркѳѳ болбогон, тетирисинче Эрдин ( эркек танасынын) күч-кубатын  айгинелеген, сыймыгын тымызын даңазалаган адам аттары бар эле. «Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда – тамам» –




Көчө аш

Улуттук тамак-аштардан Кыргыздардагы көчө аш жеңил жана пайдалуу тамак-аш болгон. Буудайдан даярдалган. Даярдалышы: Буудайды жылуу сууга нымдайт. Ал көөп чыгып жумшак болуп калат. Мындан соң аны күнгө кургатыш керек. Кургаган буудайды соку менен майдалайт. Кабыктарынан тазалап, болжол менен эки саат кайнатат. Даяр көчө ашы коюу болушу керек. Ал берилердин алдында айран кошулат. «Көчмөн ашкана» китебинен




Жупка гүлазыгы

Курамдык бөлүктөрү: Ун 1кг. Туз ченеми менен  Сары май 50г. Тапталган жука калама жупка жолдо ыңгайлуу. Кургак жана калдырак келип, алар көпкө чейин бузулбайт, өзүнүн азыктуулук сапаттарын жоготпой сакталат, андыктан көчмөндөр менен жоокерлер жолго чыкканында азык катары дайым жупканы алышкан. Жупка оңой даярдалат. Жолоочу жупканы майдалап бөлүп, айранга, сүткө, чайга эзип, курсагын тойгузган. Эгер кырдаал-шарт




Кайберендердин ич эттеринен гүлазык

Рецепт Китайда жашаган кыргыздардан жазылып алынган. Кыргыздар дайыма жапайы малдын ич эттери (ичеги-карын) дарылык касиеттерге ээ деп эсептешкен. Кайберендердин ичеги-карынынан жасалган гүлазыкты пайдасы тиет деп даярдап алышкан жана ичеги-карын ооруларын дарылоодо пайдаланышкан. Бөтөнчө ашказан жарасына жакшы жардам берген. Гүлазык тамактын алдында берилген.




Кымыз идиштерин ийге келтирген Кайырбек ага

Бөкөнбаев айылынын тургуну Токтосунов Кайырбек кымыз идиштерди жасагандан тышкары, жыгачтан эмне жасалса, баарын жасайт. Ага бул өнөр тукумунан берилген. Тагыраак айтканда, чоң атасы Токтосун чоң уста болуп, баласына үйрөткөн. А баласы Асаналы өзүнүн баласы Кайырбекке… Азыр болсо Кайырбек ага балдарына үйрөтүп бүтүп, небере-чөбөрөлөрүнө өткөн. Өзүнүн 6 баласы бар. Үч кыз, үч эркек. Үч уулуна эмне




Курут менен таруудан гүлазык

Курамдык бөлүктөрү: Койдун эти 800-1000 гр Курут 300-500 гр Таруу 500 гр Даярдалышы Гүлазыкты даярдоо үчүн адатта койдун этинин арткы бөлүгүн (анын эти жумшагыраак жана тарамыштары аз болот) алышат жана аны жай отто кайнатышат. Эт жакшылап кайнатылгандан кийин аны шамал жакшы тийген жана караңгы жерде 2-3 күн кургатышат. Эт жакшы кургагандан кийин аны улпакка айланганга