Tag Archives: Ч. Айтматов

Ысык-Көлдү сагынуу

Кыргыз журтчулугу гана эмес, дүйнөлүк адабият сүйүүчүлөрү сүйүп окуган керемет чыгармаларды жараткан залкарыбыз Чыңгыз Айтматов 2008-жылы 10-июнда бул өмүр менен кош айтышкан. Чыңгыз ага тирүү болсо, быйыл 85 жашка чыкмак. Анын Гүлнур Сатылганова ырдап жүргөн «Ысык-Көлдү сагынуу» аттуу ырдын сөзүн Чыңгыз Айтматов жазганын көпчүлүк биле бербес чыгар. Обону композитор Муратбек Бегалиевге таандык. Мына ошол ыр [...]

Read More

Мухтар Ауэзов – эки өлкөнүн орток жазуучусу

“Мен башка элдердин босогосун эки улуттук ыйык нерсе менен аттайм, бул “Манас” жана Мухтар Ауэзов” – бул сөздөр Чыңгыз Айтматовго таандык. Казактын классик жазуучусу Мухтар Ауэзов кыргыз адабиятына опол тоодой салым кошкон. Айрыкча, “Манас” эпосун иликтеп, жайылтуудагы эмгеги ат көтөргүс. 8-апрелде Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетте Мухтар Ауэзовду эскерүү кечеси өттү. Кыргыз жана казак. Кылымдар [...]

Read More

Гүзел Айтматова: Жазуучунун переделкинодогу үйү боюнча сот иши жылдырылды

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун Переделкино (Москва) жазуучулар айылындагы үйү боюнча сот иши кайтадан кийинкиге калтырылды. Бул тууралуу жазуучунун келини Гүзел Айтматова «ВБ»га билдирди. Декабрь айынын акырына белгиленген сот иши үстүбүздөгү жылдын январь айынын аягына жылдырылган. Москва шаарында жашаган Айтматовдун жакындары менен Эл аралык адабият фонду соттошууда. Айтматовдун жакындары жазуучунун керезин аткаруу үчүн аталган жердеги үйүн [...]

Post Tagged with
Read More

“Айтматовдун буту басып кирген жерге жакшылык кошо кирчү”

(Башталышы өткөн сандарда) Сооронбай Дыйканов менен маек. -Москвада Айтматовду коштоп жүргөнүңүздө ал кишинин келип-кетиши, жайгашы жагынан проблема деле болбосо керек? -Чыңгыз Айтматовдой улуу инсандын Москвага келиши эч байкалбай калчу эмес. Москва дүйнөдөгү ири илимий жана маданий борборлордун бири. Аны ким болбосун тосуп алып, сыйын көрсөтүүгө даяр болчу. Бирок, кайрадан эле баягы кыргыздар Айтматовду барктап-баалабаганын мындан [...]

Read More

Айтматовдун акыркы адашуусу

(Уландысы. Башы) Айтмакчы, айтматовдук пафостуу баш сөздөн соң айрым жергиликтүү адабиятчылар Сейталиевдин каарманын «Жамийланын сиңдиси» деп аташып, комплиментардуу пикирлер толуп кетти эле. Бирок көп өтпөй ал повесть такыр унутулду да, калды. Башкача айтканда, «эжеси» Жамийла алиге чейин «жаш» бойдон калып, ал эми анын «сиңдиси» дароо эле туулбай жатып, аркы дүйнөгө кеткен сыяктанып калды!

Read More

Айтматовдун махабат тууралуу чыгармасы табылды

Айтматовдун жарык көрө элек романы табылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” жазуучунун кызы Ширин Айтматова билдирди. “Жер жана флейта” романынын кол жазмасын Айтматовдун үй-бүлөсү жазуучунун иш бөлмөсүндөгү кагаздарды ирээттеп жаткан учурда табышкан. — Ширин, адегенде кол жазма кандай жагдайда табылганын айтып берсеңиз. — Мен Айтматовдун буга чейин белгисиз кол жазмасы табылганы тууралуу июнь айында эле, өлгөн күнүнүн [...]

Read More

Айтматовго болгон сагыныч же анын кусалыкты жазган асыл ойлору

Айтматов ааламынан баарын тапса болот. Мага Айтматовдун чыгармачылыгы турган турушу менен поэзия катары туюлат. Карапайымдык, жөнөкөйлүк, дирилдеген сезимдер, ошол эле учурда даанышмандык, бийик интеллект бири-бирине ширелишип кеткен. «Ак жаан» повестинен баштап «Тоолор кулаганда» романынан ар бир айылдык кыргыз өз балалыгын, жүрөгүн кытыгылаган сезимдерди, шайыр жеңелерди, өкүнүчкө айланган аселдерди көз алдына тартып, ал күндөрдү сагынып, кусаланып [...]

Read More

Айтматовдун акыркы адашуусу же түбөлүктүүлүк фонундагы портретке штрихтер

Ошентип, Чыңгыз Айтматовдун дүйнөдөн кайтышы менен бирге кыргыз улуттук адабиятынын тарыхындагы «кыргыз совет адабияты» деп аталган (ал эгемендик доорунда да жашагандыгына, соңку эки романын: «Тавро Кассандры», (1994), «Вечная невеста» (2006) жаңы социалдык-саясий шарттарда жаратканына карабастан) артта зор из калтырган бир глобалдуу доор аяктап, адабияттын өнүгүү тарыхындагы жаңы барак ачылды.  Жазуучунун чыгармачылыгы мурдатан эле дайыма коомдук [...]

Read More

Дөө-шаалар эрөөлү: Касым-Аалы-Чыңгыз

Кыргыз тарыхындагы идеологиялык кармаштардын эң чоңу — ХХ кылымдын башында Касым Тыныстанов менен Аалы Токомбаевдин, андан соң ошол эле Аалы Токомбаев менен Чыңгыз Айтматовдун ортосунда болгон. Ар бир доордун өзүнө жараша логикасы, кан кызыткан талаш-талаштары, конфликттери болот тура. Маселен, байыркы Грекияда Сократ менен Платон философиянын өзөктүү маселелери боюнча талашып-тартышканы жакшы белгилүү. Ѳз оюнан, ишениминен эч качан [...]

Read More

Академик Абдылдажан Акматалиев: “Айтматов жөнүндө роман жазылышы керек..?”

– Абдылдажан агай, Айтматов тууралуу көп жазылса да, дагы эле Сизге  кайрылууга туура келет. Жазуучунун кандай ойлору бар эле, кандай чыгарма жазайын деген планы бар эле, билчү белеңиз? – “Тоолор кулаганда” романынан кийин чыгармачылыктан бир аз эле эс алган окшоду. Роман жазуучунун чыгармачылыгындагы жыйынтыктуу этабы катары байкалды. Чыңгыз агай бул романга өзүнүн бүткүл чыгармачылык потенциалын [...]

Read More