Tag Archives: Инсан

Абдыкерим Муратов. «Ажы Сахыб Рахманкул хан — кыл чокудагы эң соңку кыргыз ханы»

(Уландысы. Башы бул жерде) ЭКИНЧИ БӨЛҮМ: КИЛГИТТЕГИ КИРГИЛТ КҮНДӨР Кыямат күндөгү кыргыз көчү Пакистанга бараткандагы ал күндөр сөздүн түз маанисинде тозок болгон. Андагы азаптуу кездер тууралуу он беш жылдан кийин ошондогу 4-5 жаштагы бала Аятолла Кочак минтип эскерип атпайбы: «Көчүп бараткандагы жолдо жүргөнүбүз элес-булас эсимде бар. Атчан, жүгүбүздү артынып, тоо-таш аралап күн-түнү эле жол тартып [...]

Read More

Кыргыздарга кымбат тарыхчы Ю. Худяков

Юлий Сергеевич Худяков байыркы жана орто кылым доорлорундагы кыргыздардын археологиясы, курал-жарак тарыхы, Ички Азия, Сибирь, Борбордук Азия археологиясы боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп келет. Юлийдин илимдеги алгачкы кадамдары анын студент кезинде эле башталган. Новосибирскте өткөн XI илимий студенттик конференцияда Ю.С.Худяков “Кыргыз жоокеринин чаап кесүүчү куралы” деген темадагы доклады менен катышкан. Ал эми XII илимий конференцияда “IX-XII кк. [...]

Read More

“Айтматовдун буту басып кирген жерге жакшылык кошо кирчү”

(Башталышы өткөн сандарда) Сооронбай Дыйканов менен маек. -Москвада Айтматовду коштоп жүргөнүңүздө ал кишинин келип-кетиши, жайгашы жагынан проблема деле болбосо керек? -Чыңгыз Айтматовдой улуу инсандын Москвага келиши эч байкалбай калчу эмес. Москва дүйнөдөгү ири илимий жана маданий борборлордун бири. Аны ким болбосун тосуп алып, сыйын көрсөтүүгө даяр болчу. Бирок, кайрадан эле баягы кыргыздар Айтматовду барктап-баалабаганын мындан [...]

Read More

Лев Гумилев 100 жашта

Бишкекте Улуттук китепканада атактуу тарыхчы жана ойчул Лев Гумилевдин 100 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды. Борбор Азиядагы чыгыш элдердин тарыхын изилдеген окумуштуу көчмөндөр тууралуу мурдатан калыптанган ой-пикирди жокко чыгарганы менен дүйнөгө таанылган. Илим чөйрөсү Лев Гумилев тууралуу 20-кылымдын 60-жылдары кабардар болгон. Дал ушул мезгилде жаш окумуштуунун көчмөн элдердин тарыхын изилдеген “Хунну” жана “Байыркы түрктөр” монографиялары жарык [...]

Read More

Салижан Жигитовдун сабактары

(Башы) — Демек, коркунуч сырттан келбейт экен, өзүбүздүн ичибизде экен да. — Албетте. Ыраматылык совет өкмөтү элибиздин үчтөн бирин интеллигент кылып салды: бирок билимди чала берди, өз алдынча чачыратып ойлонгонго көндүргөн жок. Ошон үчүн биздин интеллигенция айылдык аң-сезимдин рамкасынан чыгалбай жатат. Оруска каршы ой айткандан, орус тилин сөккөндөн башка эчтемеси жоктор көп. Дүйнөнүн бардыгынан коркконго, [...]

Read More

ХХI кылымдын тирүү Гомери

Мендеги маалыматтар боюнча “Манас” эпосунун баалуулугун билишкен чек аранын аркы тарабындагы Жүнгө (Кытай) өлкөсүнүн компартиясынын үгүт жана пропаганда бөлүмүнүн тапшыруусу менен 1959-1964-жылдары “Манас” жыйноо боюнча атайын адабиятчылардан турган топтор Жүнгөдөгү кыргыз райондорун кээде ат менен, кээде жөө-жалаңдап дегендей, баш-аягы эки жолу эл ооздорунан чогултушкан. Албетте, эки жолкусунда тең алар баарысынан көп билген Жусуп Мамайдын оозунан [...]

Read More

«Биздиз Акбар агай окуткан!»

29-октябрда ОшМУда А.Сыдыковду эскерүү кечеси жана республикалык илимий-практикалык конференция өтүү белгиленүүдө. Мына ошого карата төмөндөгү макаланы жарыялайбыз. Ош мамлекеттик педагогикалык институтун өткөн кылымдын 70-80-жылдары бүткөндөр ушул сөздү сыймык менен айтып жүрөбүз. Мен жумушума байланыштуу өлкөнүн көптөгөн мектептерин кыдырдым – болбогон районум, болбогон мектебим жокко эсе, ошолордун баарында бизден мурда-кийин бүткөн «ОГПИчилер» менен кездеше калганда сөзсүз [...]

Read More

Замандаштар жүздүн кырында

«Тарыхты эл жаратат»,- деген кеп бар кыргыз элинде. Ушул  кептин төгүнү жок. Анткени тарыхты айрыкча элден чыккан эрендер, акылдуулар курушат эмеспи. Элдин, өлкөнүн келечегин жакшы жакка бурууда, анын жер менен жексен кылып жок кылууда да, ошол эрендердин ролу чоң болот тура. Бактыга жараша кыргыз элинин маңдайына биздин тарыхты жараткандар мыкты чыгышыптыр. Алсак, мындан туура бир [...]

Read More

“Манас” эпосуна жан тарткан жетекчи

Совет доорунда, Коммунисттик партия өкүм сүрүп турган мезгилде Кыргызстандын партиялык уюмун 13 адам башкарган. Алардын улуту да, эмгекке болгон жөндөмү да, элге, мамлекетке сиңирген эмгеги да, келечекке болгон көз карашы, ой-чабыты да ар кандай болгон. Арасынан якут элинин легендарлуу уулу Максим Кирович Аммосовдун өзгөчө орду бар. Анын кылган ак кызматын, жазыксыз жерден күнөөгө кириптер болуп [...]

Read More

“Катаал күндөгү ак куулар”

Коомдук ишмер, жазуучу Салима Шарипованын “Катаал күндөгү ак куулар” аттуу китеби коомчулукта татыктуу орун тапты. Бул китептин авторунун ар дайым изденүүдө болгону кубандырат, – дейт филология илимдеринин кандидаты, Ош мамлекеттик университетинин  доценти Николай Мурадылов. Эмесе,  Ш.Шариповага чыгармачылык зор  ийгиликтерди  каалап, китептеги Султан  Ибраимов тууралуу  аны  менен  бирге  иштешкен замандаштарынын  ой-пикирлери- нен үзүндүлөрдү окурмандарга тартуулайбыз. “Колхоздун [...]

Read More