Tag: көйгөй

Китеп чыгаруу статистикасы: Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн арасында акыркы орунду алды

Көз карандысыз мамлекеттердин Китеп таркатуучулар ассоциациясы (КТАС) жүргүзгөн изилдөө боюнча, Кыргызстан китеп чыгаруу иштери боюнча КМШ өлкөлөрүнүн арасында эң акыркы орунду алды. Мисалы, 2010-жылы (2011-жылдын жыйынтыктары али даяр эмес) Орусиянын ар бир жаранынын башына 4,61 китеп чыгарылса, Беларуста – 4,55, Украинада – 0,986, Казакстанда – 0,94, ал эми Кыргызстанда – болгону 0,161 китеп. Эгер Европада




Айлыгы аз артист театрды гүлдөтөбү?

«Искусство элге таандык» деген Ленин атабыздын урааны күчүндө кезде, тээ, 70-80-жылдары кыргыз маданияты дүркүрөп өнүгүп, Кыргызстандын булуң-бурчтарына чейин театрлар ачылып, эл батпай аншлаг менен спектаклдер коюлуп, кассаларда билет калбай калчу дешет. Ал убакта студенттер бир билет сатып алып, жыл бою театрларга бекер киришчү экен. Ошол убактагы театрдын таасири менен жаштардын руханий дүйнөсү мыкты тарбияланса керек




«Адам жандарынын инженерлери» 20 жылда эмне кылышты?

Бул аныктама качан, кайда, кандай шартта айтылса да, генсек Сталиндин жазуучуларга берген өтө жогорку баасы, чындыгында чыгармачыл адамдарга мындан артык баа берүү кыйын, андыктан бул сүйлөм канаттуу сөзгө айланып, күнү бүгүн күчүн жоготпой эл арасында жашап келет. Азыркы заманда, айрыкча эгемендүүлүк келгенден берки жыйырма жыл аралыгында, дүйнө адабиятын, орус адабиятын, күнчыгыш адабиятын (кытай, корей, индия,




Эгемберди Эрматов: Балдар адабиятына олуттуу көңүл буруу керек

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Эгемберди Эрматов балдар адабияты, тартыштыгы, маселени чечүү жолдору тууралуу «Азаттыкка» маек курду. — Бүгүн Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият, маалымат жана дин саясаты комитети балдар адабиятын өнүктүрүү маселелерин талкуулаганы жатат. Сиз балдар адабиятынын азыркы абалына кандай баа бересиз? Балдар үчүн чыгарма жазган акын-жазуучулар барбы?




Ачык асман алдындагы тарыхый мурастарды сактоо зарыл

Акыркы жылдарда маданий-тарыхый мурастарга кайдыгерлик күчѳѳдѳ. Маселен, облус аймагындагы 200дѳн ашуун тарыхый жайлардын 20 пайызга жакыны бүлүнгѳн.   «Он-он беш кылым ата-бабалар сактап келген мурастарыбызды акыркы 15-20 жылда талкалай баштадык. Бул абдан аябай ѳкүнүчтүу. Кѳздүн карегиндей сактай албай жатабыз»,- дейт археолог Чынарбек Жолдошев.




“Соңку кыргыз адабиятындагы проблемалар жана көз караштар”

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде мына ушундай аталыштагы республикалык илимий-теориялык конференция өтүп, анда окумуштуулар, акын-жазуучулар1990-2010-жылдардагы кыргыз адабиятынын акыбалы тууралуу ойлорун ортого салышты.




«Башкы мыйзам кыргыз тилине туура эмес которулган…»

КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын котормо, жарнама, терминалогия бөлүмүнүн башчысы Аалы Молдоканов менен маек. — Аалы агай, мамлекеттик терминдердин которулбай жаткандыгынын себеби эмнеде? — Туура, мисалы, орус тилиндеги «медсестра» деген сөз, «сестра» деген кыргызча эже биз муну «медайым», «эмчи айым» деп которгонбуз. Ага болбой эле кыргыз тилинде дагы медсестра деп жүрүшөт. Ушул




Жазуучу, котормочу Турусбек Малабай: «Жазуучуларды кыйын жолдон сууруп чыгуунун жакшы жолдору бар»

- Турусбек агай, Улуттук жазуучулар союзу акыркы учурларда иш алып барбай калышты деп көп айтышат, бул боюнча сиздин көз карашыңыз кандай? — Азыр жазуучулардын абалы оор болуп турат. Оор болгону — жалпы эле мамлекетте, коомдо бүт өзгөрүүлөр болуп атат, мурунку советтик доордон жаңы доорго өткөн маалда көп мекемелер, көп адамдар өз ордуларын таба албай калышты. Эскиден




Кыргыз адабиятынын тагдыры тууралуу

Баяс Турал (коомдук ишмер, акын, Кыргызстан Улуттук жазуучулар бирикмесинин төрагасы) менен маек — Баарыбызга белгилүү болгондой өткөн жыл Кыргызстандын коомдук жана саясий турмушунда татаал жыл болду. Сиздин оюңузча бул окуяны кыргыз жазуучулары кандай кабыл алып, кандай чагылдырды? — Менин оюмча кыргыз жазуучулары бул багытта кыйла пассивдүү, мунун да өзүнүн субьективдүү себеби бар. Айталы, көпчүлүк белгилүү




«Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты»…

Мурда көркөм адабиятты элге жеткирүү, түшүндүрүү милдеттерин мамлекеттик камкордукту, радиоберүү, телекөрсөтүүлөрдү айтпаган күндө да, аябай окумдуу “Кыргызстан маданияты” жумалыгы менен “Ала-Тоо” журналы эле чапчаң да, ыкчам да иштешкен, адабий чыгармаларды сыясы кургай электе, алеки саатта “жиликтей” салышкан, анан да кызыл-чеке болуп талашып, тартыша кетишкен азганактай улуу-кичүү сынчы-адабиятчылары менен эле аткарып коюшчу.




Жер-суу аттарын саясат эмес ономастика илими чечет

Мамлекеттик тилди өнүктүрөлү деген эле сөзүбүз көп. Учурда бу маселе боюнча жалгыз гана Мамлекеттик тил комиссиясы күйүп жаткандай таасир калтырат. Ушундан улам КРУИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору Абдылдажан АКМАТАЛИЕВге кайрылып, айрым суроолорго жооп алдык.




Жеңил-желпи чыгармалар каптап жатат

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик  Абдылдажан Акматалиев менен маек – Сиздин институтка улуу жазуучунун аты берилгенден бери кандай эмгектерди жараттыңыздар? Атактуунун ысымын алып жүрүү кыйын болсо керек? – Институтка  Чыңгыз Айтматовдун ысмы берилгенден бери, иштер алга жылып жатат. Өзүң күбө болчу, эки жылдын ичинде – 2009-2010- жылдары