Tag: Музыка

Классикалык музыканын классиги

Кыргыз классикалык музыкасынын негиздөөчүлөрүнүн бири, СССРдин эл артисти, СССР Мамлекеттик сыйлыгынын ээси, Социалисттик Эмгектин Баатыры, композитор, дирижер, профессор Калый Молдобасановдун үстүбүздөгү жылы 85 жылдык мааракеси мамлекеттик деңгээлде белгилениши үчүн Кыргыз Өкмөтүнөн атайын чечим чыгып, уюштуруу комитетинин курамы бекитилген. Учурда мааракелик иш-чаралар кызуу даярдалып жатат. Маданий очоктордо эскерүү кечелери, китеп көргөзмөлөрү, илимий-практикалык конференциялар жыл бою өтүлмөкчү.




Мугалим сыры

Бардыгы тез эле өтүп кетти: октябрят болгон бейкапар балалык, суктандырган пионердик күндөр, романтикалуу жаштык. Андан ары болсо… Союздун урашы, кайра куруу, аткарылбаган милдеттемелер. Биздин тарбияга негизделген билим, аң- сезим жана дүйнө таануубуз жокко чыгарылды! Теңдик, тууганчылык баалуулуктарбыз жерде тебеленди. Лениндин: «Окуу, окуу жана окуу!» деген чакырыктары: «Акчаны акча жасайт!» дегенге алмаштырылды. «Биз эң жакшы, эң




«Ак булутка» айланган Асанкалый

Кыргыз эл артисти Асанкалый Керимбаевдин жүрөктү дирилдеткен обондорун сөз менен жеткирип айтып берүүгө мүмкүн эместей. Анын ыргактарында бирде жээкке урунууга келаткан деңиз толкуну элестесе, бирде өзүнө татыктуу аруу дүйнөнү издеп, кайдадыр учуп бараткан ак булут элестейт. Быйыл анын акын Омор Султановдун сөзүнө жазган “Ак булуттар” деген ыры ырдалып келатканына кырк жылдан ашыптыр. «Ак булуттарды» мүрзөмө




“Бир күн оору, — бир күн соо тыңдайсыңбы Алымкан?»

Арзуунун илебиндей калын элдин көкүрөгүнө орноп калган айтылуу Алымкандын айланасында ар кыл талаш – тартыш айтылып жүрөт. Токтогул акын менен Бектемир Эгенчиевдин кимисине ыйгараарын биле албай, Алымкан ырды ар башка жоруп обону менен сөзүнүн авторлорун таппай жүргөндөр мындан көп. Ушул талашты тактоо иретинде окурмандардын талдоосуна төмөнку иликтөөнү сунуш кылууну ылайык таптык. Токтогул Сатылганов 19-кылымдын аягында




«Экинчи Рыспай»

Учурда аккордеондун коштоосунда аткарган ырлары менен таанылып келаткан жаш обончу Түмөнбай Колдошевди улуу муун өкүлдөрү Рыспай Абдыкадыровдун үзүлүп бараткан мектебинин улантуучусу деп эсептейт. «Сөздү да мыкты тандайт, кемелине келтире да ырдайт» Жаштардын басымдуу бөлүгү эстрадага ооп турган мезгилде Түмөнбай салмактуу обондору менен угармандарын таап калды. Азырынча бүтүндөй республикага тааныла элек обончуну өзү жашаган Ош шаарында күйөрмандары




«Кайрылчы, тагдыр…»

Кыргыз эл артисти, белгилүү обончу Токон Эшпаев 64 жаш курагында дүйнө салды. Ал «Чаткалым», «Акманым», « Керме тоонун кыздары» «Жаштык, жаштык», «Тагдыр», «Ай, эжеке» сыяктуу бир топ ырлары менен кыргыз музыкасына чоң салым кошкон. — Жаштык, жаштык, жалынга баттык. Кайрылчы, тагдыр, кылбачы кастык… Ушинтип ай-ааламды жаңырта безеленген мукамдуу үн азыр да көпчүлүктүн эсинде. Токон Эшбаев




Арстанбектин “Тар заман” обону

Кыргыз элинин байыртан берки улуттук рухий маданиятынын өсүп-өнүгүүсүнө, калыптануусуна, өркүндөөсүнө өтө баалуу жана зор салымды кошуп келе жаткан инсандардын катарынан, чындыгында, эң маанилүү жана көрүнүктүү орунду элибиздин атам — заманында ойлоп тапкан оозеки синкреттүү — синтездешкен формасындагы салттык музыкалуу-поэтикалык көркөм чыгармачылыгын көөнөртпөй улаган, аны көп кырдуу, жандуу чыгармачыл мүнөзүндө муундан муунга өткөрүп берген өнөрпоздору ээлерин




«Мажүрүм тал» белгисиз кызга арналган

Ырда жаштыкка суктануу, аны мажүрүм талга салыштыруу, анын кайрылбас сапарга узашына өкүнүү камтылган. «Мажүрүм талга» бир нече ырчы кайрылган. Гүлбү Орозкул кызы менен Айчүрөк Султанова дуэт аткарышса, Кенже Көбөкованын жана Санжар Төрөгуловдун жеке аткаруусунда уксаңыз болот. Жаштыкты эстеткен ыр кантип жаралды? Тарыхына токтоло кетели. Жаз жаңыдан жаркып келген, Сирень гүлүн ача элек. Мажүрүм тал жапжаш




“Беш ыргайды” белгилүү кылган ким?

Кыргыз искусствосу жаңыдан телчиге баштаган тээ отузунчу жылдарда Жумгал жергесинен Абдыкалый Темиров аттуу өнөр адамы өзүнүн мөлтүр булактай таланты менен жалпы элге таанымал болгон. Ал 1939-жылы Кыргыз искусствосунун Москвада өткөн декадасынан кийин жыйырма сегиз жашында «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» наамын алган. Ажалга айла жок, таланты гүлдөп турганда, 1952-жылы 41 жашында кайтыш болгон эле. Абдыкалый




Кайра ачылган «Гүлдесте»

1970-80-жылдары аты чыккан «Гүлдесте» тобу кайра түзүлүп, концерт бере баштады. 1970-80-жылдардагы искусство агымын  аваз ансамблсиз элестетүү кыйын. Кичинекей Кыргызстандын ар тарабынан чыккан “Наристе”, “Гүлдесте” “Арашан”, “Күлгүн жаш”, “Досум Үсөн”, “Кыз Бурак”, “Назик”, “Гүлкайыр” жана башка ансамблдер райондук, облустук, шаардык маданият үйлөрүнөн, айылдык клубдардан чыгып элет жеринин маданиятына зор салым кошуу менен сыймыгына айланган эле. Республикалык,




Кыргызымдын дагы бир зоосу урады

Нурак агай жок арабызда. Бул сөздөрдү айтуу мен үчүн азыркыга чейин оор. Агай менен тааныш эмес элем. Бирок агайды көрүп, кылып жаткан иштерин байкап, чыгармаларын угуп кыргызда мындай адамдын бардыгына ичимен ыраазы болуп коет элем. Агай мен үчүн тээ алыста көрүнгөн көк мөңгүлүү тоолордой эле. Ал тоолор барда кыргыз да бар сыяктуу, агай барда кыргыздын




Өчпөс из калтырган Насыр Дөөлөсов

Насыр аганын арабыздан узаганына үч жылга аяк басыптыр. Соңку жылдары инсульт алып, кант диабетинин азабын тартып, 55 жыл турмуштун ысык-суугун бөлүшкөн байбичеси Сабира апанын жанында өмүр карыткан агабыздан 2011-жылдын 12-июнунда айрылганбыз. А быйыл 85 жашка чыкмак экен. Аман турса, куттук айтып белгилемекпиз… Анын ордуна Композиторлор союзунда эскерүү кечеси өттү… Агайсыз өттү… Чакан чөйрөдө музыкалык баалуу




Токон Эшбаев: Ал ырды биринчи жолу Чаткалда ырдагам

Ала-Тоонун бейиштей кооз, чалкыган кең Чаткалды даңазалаган «Чакырат жашты Чаткалым» аттуу ыр улуу муундун өкүлдөрүнүн эсинен чыга элек. Ала-Тоонун бейиштей бир кооз бурчу болгон, чалкыган кең Чаткалды даңазалаган «Чакырат жашты Чаткалым» аттуу ыр улуу муундун өкүлдөрүнүн эсинен чыга элек. Бул ыр тээ 70-80-жылдары республиканын булуң-бурчунда жаңырып, ошол кездин духуна төп келген ажайып чыгарма катары кабыл




“Жылкычы бозой” селкисиз калды

“Жылкычы бозойду” боздоткон Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, 91 жашында дүйнө салган Гүлчехра Валиулинанын сөөгү жекшембиде жерге берилди. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Гүлчехра Валиулина 1940-жылы 17 жашында ата-энеси менен Кыргызстанга көчүп келген. Кичинекей чагынан ыр-бийге жакын, табийгатынан таланттуу кыз көп өтпөй филармонияга кызматка орношот. Карамолдо Орозов атындагыт эл аспаптар оркестринин коштоосунда Гүлчехра Валиулина кыргыз,




Керим Турапов: Сексендеги атамдын үнүнө менин үнүм жетпей калган

- Керим агай, сиздин «Туулган жерди сагынуу» деген ырыңыз мага алыста жүргөндөрдүн гимниндей эле сезиле берет. «Бал жыттанган таттуу кымыздай, тууган жердин суусун сагынам» же «жүрсөм дагы алыс араңан, Ата Журтум кетпей санаамдан» дейсиз… -Бул ыр алыс жактарда же тээ Сибирде жүрүп жазылган эмес. Ушул шаардан туруп эле туулган айылыңды, корооңду, балалыгыңды эстеп сагынасың. Ырдын




Каныкей: “Жашоонун боекторун чыгарып жашайлы”

Көпчүлүгүбүз билген ырчы Каныкейдин – көпчүлүгүбүз билбеген ой толгоолору менен баарлаштык. Көкүрөккө уюп, акылга сыйып айтылган сырларын, чындап айткан пикирлерин кунт коюп тыңдап отуруп, ар бир ирмемдеги ыргакка ыраазы болдум. Каныкейде чын эле жашоо бар экенин туйдум… — Сиздин маектерди окуганда ар бир жообуңузда өзүнчө салмак, тереңдик сезилет. Сөз касиетине өзгөчө маани берериңиз байкалып турат…




Густав Малердин тогузунчу симфониясы

Музыка, айрыкча жай сыбызгыган кайгылуу музыка жан-дүйнөңдү эс алдырат. Көр-тирилик көйгөйүнө толгон көкүрөгүңдү тазалайт. Густав Малердин тогузунчу симфониясы Музыка, айрыкча жай сыбызгыган кайгылуу музыка жан-дүйнөңдү эс алдырат. Көр-тирилик көйгөйүнө толгон көкүрөгүңдү тазалайт. Музыка ааламдан келген сыяктанып касиеттүү, сырдуу. Бетховен, Бах, Моцарт, Шопен, Чайковский…Эмне деген композиторлор. Классиканын дөө-шаалары. Мындай дене-бойду дүркүрөткөн музыка кайрыктарын жараткандардын бири, шумдуктуудай




Улукмырза Полотов: Улуттук колоритти сактап ырдагандар аз (1-бөлүк)

КР эл артисти, профессор, К.Молдобасанов атындагы Улуттук консерваториянын мугалими Улукмырза Полотов менен болгон маек. – Аваздык өнөрдүн сырын кантип ачкансыз? – Атай Огонбаев айтчу экен, «ырчы ырдап атканда көмөкөйү көрүнүп туруш керек» деп. Мына, кептин баары ушунда. Муну дүйнөдөгү нечендеген музыкалык теорияны жазгандар да айтып келген. Менин таңгалганым: Атай Огонбаев муну өзүнүн жеке туюму менен




Тагдырга тизе бүкпөгөн композитор

Башына түшкөн оор тагдырга моюн сунбаган адамдар арабызда сейрек. Айрыкча жаштар башына оорчулук же мүшкүл түшкөндө кайратын жоготуп, өзүн таштап салат. Балким ошондой маалда алар өмүрү өрнөк болгудай адамды көргөндө чыйралмактыр, тагдырга басырылып бермек эместир. Ал эми өмүрү өрнөк инсандар арабызда сейрек да болсо кездешет. “Сыябан” берүүсүндө биз композитор Сталбек Бактыгуловдун бейнесине токтолобуз. Композитор бала




Элмира Көчүмкулова:“Америкага комуз кучактап барып, илимдин доктору болуп кайттым”

Элмира Көчүмкулова АКШнын Түндүк Батышындагы Сиэтл шаарынын Вашингтон Университетин бүтүрүп, кийин андан ары окуусун улантып, илимдин артынан түшкөн. Бизден миңдеген чакырым алыс жайгашкан Тынч океандын ары жагынын абасын жутуп, тили, дили башка жерде 10 жылдан ашык окуп, жашап келди. Адатта илимдин артынан түшкөн илимпоздорубуз бир эле мезгилде илимий иши менен кошо комуз чертип, элдик ырларды