Tag: Обон

Арстанбектин “Тар заман” обону

Кыргыз элинин байыртан берки улуттук рухий маданиятынын өсүп-өнүгүүсүнө, калыптануусуна, өркүндөөсүнө өтө баалуу жана зор салымды кошуп келе жаткан инсандардын катарынан, чындыгында, эң маанилүү жана көрүнүктүү орунду элибиздин атам — заманында ойлоп тапкан оозеки синкреттүү — синтездешкен формасындагы салттык музыкалуу-поэтикалык көркөм чыгармачылыгын көөнөртпөй улаган, аны көп кырдуу, жандуу чыгармачыл мүнөзүндө муундан муунга өткөрүп берген өнөрпоздору ээлерин




Токон Эшбаев: Ал ырды биринчи жолу Чаткалда ырдагам

Ала-Тоонун бейиштей кооз, чалкыган кең Чаткалды даңазалаган «Чакырат жашты Чаткалым» аттуу ыр улуу муундун өкүлдөрүнүн эсинен чыга элек. Ала-Тоонун бейиштей бир кооз бурчу болгон, чалкыган кең Чаткалды даңазалаган «Чакырат жашты Чаткалым» аттуу ыр улуу муундун өкүлдөрүнүн эсинен чыга элек. Бул ыр тээ 70-80-жылдары республиканын булуң-бурчунда жаңырып, ошол кездин духуна төп келген ажайып чыгарма катары кабыл




Обончу Апаз Жайнаков 53 жаш курагында дүйнө салды. ӨРҮКЗАР ӨЗҮҢСҮЗ КАЛДЫ

«Кыргыз жери», «Өрүкзарга кетели» деген ырларды эшитпеген кыргыз болбосо керек. Бири Баткендин гимнине тете болсо, экинчиси өлкөнүн гимниндей кулакка жаңырып, жүрөккө жете турган ырлар. Ушундай керемет аваздарды жараткан обончу, КРнын Эмгек сиңирген артисти, кайталангыс талант Апаз Жайнаков арабызда жок эми. Обончу 9-октябрда 53 жаш курагында дүйнө салды. Ушул жылдын март айында атактуу обончу биздин гезитке




Күндөр учат канаттуудай… Жамгыр төгөт эч басылбай…

Жамгыр төктү эч басылбай, Биз келаттык көл-шал болуп. Жол кароого көз ачырбай, Бет алдыдан шамал согуп… Күн күркүрөп жамгыр төктү, Ошол күндөр кайда кетти… Жаштыгымдай же кечеги Кайрылбай кетеби?.. Ушул ырды, ушул кайрыкты уккан жан бир саамга селейе калып, анан барып жүрөгү зырп-зырп этип сайгылашып алып, көкүрөгүнө сагынуу көлкүлдөп толуп-ташып чыга келет… Көздөрүнө: айылдан ары




Алишер Тоотаев «Күтүшкөн күндөрүн» кимге арнаган?

- «Күтүшкөн күндөр» аттуу ырыңыздын тарыхына токтоло кетсеңиз? — Бул ырдын сөзү акын Минавар Мамасыдыковага таандык. Минавар эже менин айылым жөнүндө жазылган «Ачык койчу эшигиң» аттуу ырымды угуп, жактырып калып, мен бир ыр жазгам, ошого ушу ырга окшоштуруп обон жазып бербейсиңби деп «Күтүшкөн күндөрдүн» сөзүн мага берди. Ал ырдын тексти колума тийгенден кийин бир аз




Сыйкырдуу музыканын ээси — Алтынбек Жаныбеков

Кайсыл убакыт экени эсимде калбаптыр. Өткөн кылымдын алтымышынчы жылдарынын баш жагы болсо керек, күндөрдүн биринде радиодон концерт угуп олтурсам: «Түндө», музыкасы — Алтынбек Жаныбековдуку, сөзү — Сооронбай Жусуевдики, Кыргызстандын эл артисти Артык Мырзабаев ырдайт» деп, диктор кыздын үнү чыкканда менин чочуп кеткеним ырас. Себеби бул кабар мен үчүн күтүлбөгөн жаңылык эле. Эфирден жай, созолонгон музыка




Бир ырдын баяны: “Жамгыр”

Апам: “Жамгырда жылаңбаш жүргөн балдардын чачы кара болот” — деп койчу. Үй күчүк болбосун десе керек. Жайлоодо күн алыс эле жамгыр жаап, дөңдөн-дөңгө безилдеп “чач карайтчу” элем. Жамгырдан кийинки аруу табиятты ким жеткире айталат? Түгөлбай Казаков Дүлөйоозго окшогондор жамгырдын алдында турса тазарат эле, аялын урбай калат эле деп ойлочумун. Анан ушул оюма аябай ишенчүмүн. Жамгырда




Аккордеончон аял

Күн сайын биздин кеңсенин босогосун өнөр адамдары атташат. Өткөндө аккордеонун көтөрө келген Мирлан Баеков “Кызыл өрүгүн” эзилип ырдап кеткен болсо, бул ирет КРнын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева аккордеону менен келип, ырдап кулак сүйүнттү. Бүгүн сиздерге аккордеончон аял сырларын төгөт. «БЕЛЧЕБИЗДЕН СУУ КЕЧИП ШАЛЫ ОТОЧУБУЗ» –Мен 1967-жылы 6-мартта Өзгөндүн Кызыл-Октябрь айылында төрөлгөм. Жер жайнаган дарбыз-коон,




Бир ырдын баяны: «Алтын балалык»

Бул обон — төлбашым. «Жубан» текстке жазылган. Анткени Жапаркул Алыбаевдин бул тексти буга чейин он жылдай Жакып Таштаналиевдин «Карап турдум жолуңду» деген обону менен «жашап келген». Ал обонду мектепте безеленип ырдап жүрдүм. Кыскасы, ырдын жандүйнөсү мага бала күндөн тааныш болчу. Бирок кийин ырдалбай, унут болуп да бараткан. Түгөлбай Казаков




Оңолдун Рыспайды эскерүүсү

Быйыл кыргыздын залкар таланты маркум Рыспай Абдыкадыровдун туулгандыгынын 70 жылдыгы коомчулугубуз тарабынан кызуу  белгиленип, ар түркүн иш чаралар өткөрүлүп жаткандыгынан эли-журтубуз кабардар. Ырчынын жеке турмушундагы жашоосу, өткөргөн өмүрүндөгү ачуу-таттуу окуялар да окурмандардын кызыгуусун туудурары шексиз. Андыктан, бир кездерде Рыспай менен чогуу түтүн булатып, бир үйдө жашаган, учурда Бишкек музыкалык педагогикалык колледжинде эмгектенип жаткан Оңол Узакбаеванын




Рыспайдын Оңолго жазган каттары

Жашоодо адам үчүн өмүр, бакыт, ден соолук сыяктуу дагы бир улук нерсе бар. Ал – тагдыр. Тагдырды биз өз колубуз менен жасай албайт экенбиз. Теңирдин буйругу менен ар пенденин маңдайына ар түрдүү тагдыр жолу чиймеленип, туулганда эле жазылып-сызылып калгандыгы биз үчүн табышмактуу сыр. Ошондой болсо да адам болгон соң, бактылуу болууга, тагдырыбызды бапестеп-барктап, бөпөлөп алууга




Токтогул менен Алымкул «Акбаарыны» атамдын тоюнда ырдашкан

Атайбек Бөдөшов… Бул ысымдын кыргыз кыйырын, атургай алыскы өлкөлөрдү аралай чаап, жүрөк калкыткан канаттуу обондору менен калкыбыздын көңүл кушу, жан азыгы болуп келатканына жарым кылым толуптур. Бул аралыкта канчалаган муундар агабыздын Ала-Тоонун ак мөңгүсүнөн агып түшкөндөй мөлтүр ыр кайрыктары менен өстүк. Анын нукура, эбак элдик болуп кеткен чыгармалары дагы канча муундарды арууланта бермекчи. Кыргыз барда




Күндөр өтөт канаттуудай… Жамгыр төгөт эч басылбай

Жамгыр төктү эч басылбай, Биз келаттык көл-шал болуп. Жол кароого көз ачырбай, Бет алдыдан шамал согуп… Күн күркүрөп жамгыр төктү, Ошол күндөр кайда кетти… Жаштыгымдай же кечеги Кайрылбай кетеби?.. Ушул ырды, ушул кайрыкты уккан жан бир саамга селейе калып, анан барып жүрөгү зырп-зырп этип сайгылашып алып, көкүрөгүнө сагынуу көлкүлдөп толуп-ташып чыга келет… Көздөрүнө: айылдан ары




Түгөлбай Казаков: «Мага имидждин кереги не?»

Кыргызды кыргыз кылып турган мыктылардын жука катмары бар. Ошол катмардын бир бүктөмү кадимки Түгөлбай Казаков. «Кантип жашайбыз?» деп, башыбызды койгулап, орус-батышка салпактап чуркап кетип атпайбызбы, гений издеп. Колдо бар алтын баштардын баркына жетпей. Түгөлбай агабыздын 60 жаш маараке-курагы менен куттуктап жатып, агынан жарылган маегин жарыяладык…




Исрадин Аманбаев, обончу: «Адам бир эле күндө таанымал боло алат»

Бир кезде өзүнүн өзгөчө обондору менен жарк этип чыгып элге таанымал болгон обончу, композитор КР эмгек сиңирген артисти Исрадин АМАНБАЕВ көптөн бери көрүнбөй кеткен эле. Ош шаарындагы музыкалык окуу жайда иштеп жүрүп, жарым жылдан бери Бишкектеги Мукаш Абдраев атындагы музыкалык окуу жайда директорлук кызматта иштеп аткан экен. Исрадин мырзанын басып өткөн чыгармачылык жолун эске салдык.




Күн күркүрөп, жамгыр төктү, ошол күндөр кайда кетти?..

Элегиянын султаны Төгүлөт жамгыр, жамгыр, көчөдө жаз, Негедир мен жамгырды жакшы көрөм. Жамгырды жашка окшотуп маанайым пас, Негедир сени эстесем жашый берем. Көңүлдү дирилдетип, өткөн өмүр­дү эске салган бул саптар акын Калчоро Көкүловдун калемине таандык. Ошонун көркүн ачып, кемелине келтирип обонго салып оболоткон композитордун күчү эмеспи. Бул ырды кимдер гана билбейт, элге терең сиңип кетүү




Үлбүрөгөн, жел тийбеген, сөз тийбеген, таш тийбеген…

- Түке, бири кем дүйнөнүн кыянаттыгы ушулбу, Түгөлбай 60ка чыгыптыр деп эле айтып атышат, жазып атышат, карап туруп кээде ишенбей кетет экенсиң, Түгөлбай Казаков 60ка чыкты дегенге? — Бул эми Шайлообек Дүйшеев 60ка чыгыптыр дегендей эле кеп да… — Эми карабайсыңбы, мени кууп келип 60ка чыгып атканыңарды, чыкпай эле койсоңор болбойт беле, эмне мынча карылыкка




Улуулугун чечмелей албайм

(Уландысы. Башы бул жерде) Айттым го, мени алгачкы көргөндөн эле бир тууган үкөсүндөй жакшы көрүп калган. Өлөр-өлгөнчө ошонусунан жазган жок. «Баратбайлап», «Винокеев» деп аябай жакшы көрчү, анан да «мен чоң арбак, сен кичинекей арбаксың» деп койчу. Мен да аябагандай арык элем да. Ушул жерден айта кетүүнүн ыгы келип турат: кайсы бир белгилүү инсан каза болгондон




Улуулугун чечмелей албайм

Өткөн кылымдын сексенинчи жылдарынын башында мен Бөкөнбай Боркеев деген ошол кезде жанына жөн адам баралгыс журналист менен таанышкам. Аз өтпөй ал иштеген «Мектеп» басмасында чогуу иштеп калдык. Бат эле көңүлдөрүбүз төп келип достошуп тындык. Достугубуз ошондон бери жер силкингенине карабай, бороон-чапкынга карабай, куйкалап турчу аптапка карабай, алты бөтөлкө ичилгендин эртесине карабай, бир эмес эки революция




Түгөлбай Казаков: «ЖАМГЫР ТӨКТҮ» «Курсташымдын ажалын күтүп жатып жаралган»

Белгилүү композитор Түгөлбай Казаковдун “Жамгыр төктү” деген чыгармасын билбеген кыргыз жок болсо керек. Бул ырдын жаралуу тарыхы өзүнчө эле кызык. Анан да аталган чыгарманы учурда казактар которуп ырдап жүрүшөт. “ЖАМГЫРГА БОЛГОН СҮЙҮҮМ БАЛА КЕЗДЕ ЭЛЕ БАШТАЛГАН” – Мен бала кезимден эле жамгырга өтө жакынмын. “Жамгырдын суусу чачты карартат” деп коюшар эле биз бала кезде улуулар.