Tag Archives: Салт

Кыргыз мурасы: кылымдар тереңинен кылымдар кыйырына

Акыркы 20 жылда кыргыз улуту өзүн-өзү таанууга аракет жасап, ата-бабалар мурасы болгон салт-санааларыбызга, кол өнөрчүлүгүбүз менен буюм-тайымдарыбызга кайрылып, барктай баштадык. Бул бизге эгемендик берген эң башкы белек десек болот. Кыргыз улуту эң байыркы элдердин катарына кирерин бүгүн окумуштуулар бир ооздон айта башташты. Мындан он жыл мурда «Кыргыз этнонимине 2200 жыл» аттуу темада эл аралык симпозиум [...]

Read More

Элди эл кылып келген тыюу-чектөөлөр

Башка социалдык кубулуштар сыяктуу этикет — карама-каршылыктуу, көп өңүттүү түзүлүшкө ээ. Андыктан, этикет маселеси эреже катары тилдик жана тилдик эмес кошумча каражаттардан болгон үндүн түрдүү угум, басым, тынымдарын, ымдоо-жаңсоолорун өз ичине камтыйт. Ошондуктан, өз ара сүйлөшүү учурунда колдонулган бул белгилер карым-катыштын бир булагы катары этикеттик жагдайга да кызмат кылат.

Read More

Түлөө берүү

Бул — ар кандай кырсыктардан аман калганы же алыска аман-эсен барып келгени үчүн жаратканга ыраазы болуп мал союп, этин бышырып, элге таратуу, бата алуу. Түлөө көбүнчө катуу ооруп айыкканда, кыйналып аман-эсен көз жарып алганда, бийик жерден жыгылганда, оор кырсыктан башы кутулганда берилет. Түлөөгө, адатта, кой-эчки, козу-улак, тай-торпок өңдүүлөр союлуп жүрөт. “Көк Асаба” (“Кыргыз гезиттер айылы”), [...]

Read More

Бертик суроо

Бул — бели нооказдап (мертинип) калган адамды эмдөө аракети. Илгери элибиз көбүнчө боз үйдө тургандыктан бала-бакыра өзү көрүнбөй туруп, сузгуну эшиктен үйгө сунчу. Үйдүн адамдары аны дароо түшүнөт, өзүлөрүн көргөзбөй сузгуга колунда барын салуу. Көбүнчө ага ун, май, эгин, туз, эт, сүт өңдүүлөр түшөт. Бели мертинген аны ошол турушу боюнча бышырып ичет, жейт. Мындан ооруга [...]

Read More

Аксарбашыл айтуу

Жүрөк сезген кырсыкты алдын ала болтурбай коюуга жасалган далбас. Кудайдан шыбага күтүү үчүн айтылган өтүнүч. «Ээ, кудай аксарбашыл» деген сөздүн артында, ушул кырсыктан аман калса, кой соем, кан чыгарам, түлөө өткөрөм (аксарбашыл — башы сары ак кой соем) деген маанини билдирет. Албетте, «сактансаң сактайм» деген Кудайдын шерти бар. “Көк Асаба” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 20.12.2011-ж.

Read More

Садага чабуу

Бул — адамдын алтын башынын алыстан, кан майдандан, кандайдыр бир кырсыктан кудай жолунан аман келгенин, эл-журтун көргөнүнүн шарттуу белгиси катары улакты мууздап, өпкө-жүрөгүн дароо сууруп, башынан ырымдап тегеретүү, кудайга жалынуу, үйдөгү сүйүнүч, ыраазылык, адамды урматтоочулук. Бул үрп-адаттын мааниси терең. “Көк Асаба” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 20.12.2011-ж.

Read More

Ажаат ачуу

Бул — зарылып турган адамдын керегине жароо, анын башына түшкөн кыйынчылыктан куткара туруу. Ажаат ачууга ошол адамдын карызын төлөө, ажаатчыл береселерин көздөө. Же аласасын ал адам кечип жиберүү, карыз бирдеме берүү, кириптер адамдын башын бошотууга жардамдашуу сымалдар мисал боло алат. Андайлар тууралуу «Ажаатчыл адам», «Ал жок дебейт», «Ал ажаатка жок» өңдүү жөрөлгөлүү сөздөр айтылат. Ажаат [...]

Read More

Кошумча

Кошумча-жамандык-жакшылыкта элибиздин бири-бирине көрсөткөн жардамы, урмат-сыйы. Ар ким алына жараша (акча, мал, кийит, эгин-тегин, чөп-чар, отун-суу) жай айтат. Берешен элибиз ортодон чыгарып, белгилүү өлчөм чыгарат, же биригип мал союп, ал шарттуу түрдө болот. Бул «ыража» деп да айтылат. Айыл арасында, же тууган ичинде жону жукалардын башына жаманчылык түшсө бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, [...]

Read More

Сүннөттүн сүрү жана сыры

Балага сүннөт той берүү илгертеден бери ырым-жырым катары каралып келет. Учурда «бышыкчылык кезде баламды сүннөткө отургузайын» деген ата-энелердин саны арбын. Бирок, сүннөткө отургузуунун өзүнүн ыкмасы, шарты бар. Булар тууралуу Бишкек шаарынын медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын күндүзгү хирургия бөлүмүнүн башчысы Жеңишбек Миңбаев кеңеш берет.

Post Tagged with , ,
Read More

Бейшенбек Муканбетов, Татар республикасындагы улуттук маданият жана ынтымак уюмунун төрагасы: «Татарлар башка улуттарга караганда кыргыздарды баалашат»

Бул рубрика аркылуу ар кайсы элдердин өзгөчөлүктөрү, чет мамлекеттер тууралуу бизди кызыктырган суроолорго жооп издейбиз. Татар элинин жашоосу, адаттары, ал жактагы кыргыздардын абалы тууралуу Казань шаарында жашаган мекендешибиз Бейшенбек Муканбетов менен маектештик.

Read More