Tag: сынак

Кыргыз эл бий сынагынын финалисттери аныкталды

Кыргыз эл бий сынагынын финалисттери аныкталып, финалга жети номер тандалып алынды. Негизинен сынак 3 этап менен өттү. Биринчи этапта 70 катышуучу тапшырык берген. Алардын ичинен тандалып отуруп, финалга эң мыкты делген номерлерди тандап алдык. Бул тууралуу бүгүн, 1-октябрда «ВБ«да болгон маалымат жыйында калыстар тобунун төрагасы, КР эл артисти Тенти Мураталиев билдирди. Ал ошондой эле, бул




Дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрүнүн кыргызча котормолоруна сынак жарыяланды

Дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрүнүн, анын ичинде балдар адабиятынын кыргыз тилиндеги котормолоруна сынак жарыяланды. Бул тууралуу КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия билдирди. Сынакты КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, «Мурас» кыргыздын тарыхый жана маданий фонду жарыялаган. Белгилей кетсек, ага мурда басып




Айжамал Кабылова, ырчы: “Баарыбызды бийлете турган жаңы кыргыз бийи жаралат”

Бийдин башы — Биймерген экенин баарыбыз эле биле бербесек керек. Эл акыны Шайлообек Дүйшеев чоң энесинен уккан уламышты кагазга түшүрүп, обондуу ыр жаратты. Аны назик үндүү Айжамал Кабылова аткарды. “Биймерген” аталыштагы чыгарма жакында жарыяланган “Кыргыз эл бий” сынагына катышат. “Көчмөн турмушта күн кечирген элдин, мергенчинин жашоосун чагылдырган бий, кыргыз элин тегиз бийлетет “- дейт ырчы




“Жаңы Ала-Тоо” адабий журналы Түрк элдеринин Евразия Жазуучулар бирлиги менен биргеликте аңгемелер конкурсун жарыялады

Евразия Жазуучулар бирлиги жана “Жаңы Ала-Тоо” журналы III эл аралык Махмуд Кашгари атындагы аңгемелер конкурсун жарыялайт Конкурс Түркиянын премьер-министринин коомдук Фондунун колдоосунда өтөт. Темасы: эркин Чыгармаларды тапшыруунун акыркы күнү: 30-октябрь 2014-ж. Жеңүүчүлөрдү аныктоо: ноябрь 2014-ж. Өлкөлөрдө сыйлыктарды тапшыруу аземдери: ноябрь 2014-ж. Эл аралык жыйынтык чыгаруу: ноябрь, 2014-ж. Эл аралык сыйлык тапшыруу аземи: декабрь 2014, Азербайжан,




Кыргыз эл бий сынагы

Кыргыз бийин ким табат? «Улут жүзү» коомдук фонду кыргыз эл бийине сынак жарыялайт. Байге фонду 1 миллион сом! Кыргыз эл бий сынагынын жобосу Бул долбоор руханий байлыктардын көрөңгөлүү уюткусу болгон улуттук маданиятыбызды өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошуп, өнөр сересиндеги чыгармачыл адамдарга, жаш талантарга дем күч берип, улуттук баалуулуктарыбызды жайылтууга жана жаштарды патриоттуулукка үндөйт. Сынактын максаты жана




«Кыргыз Көчүнөн» ыр жыйнак

Кадырлуу Достор, урматтуу ыр ышкыбоздор! Үстүбүздөгү жылдын күрдөөлдүү күзүндө, ар жыл сайын 23-сентябрда белгилене турган Мамлекеттик тил күнүнө карата «Кыргыз Көчү» мекенчилдер тобунун жана топтун ардактуу мүчөсү Гүлсана Сарногоева эже экөөбүздүн демилгебиз менен төгөрөктүн төрт бурчунда жашап, Ааламторду байырлаган таланттуу кыргыз акын ага-эжелерибиздин, уул-кыздарыбыздын ырларынан чогултуп, атайын ыр жыйнак китеп чыгарууну туура көрүп, ушундай жыйынтыкка




«Аалам ата-энеден башталат» аттуу эссе сынагы жарыяланат

«Аалам ата-энеден башталат» аттуу темада 11-класстын окуучуларынын арасында эссе жазуу үчүн сынак жарыяланды. Демилгени Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин Э. Ибраев атындагы журналистика кафедрасы көтөрүп чыкты. Бул тууралуу КР билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Сынактын жыйынтыгында жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар берилет. Уюштуруучулар эссенин авторунун толук аты-жөнү, окуган мектеби, байланыш телефону сөзсүз көрсөтүлүүсүн эскертет. Эссе төмөндөгү




Борбордук Азиядан көркөм адабият боюнча чакан чыгармаларга сынак

«NewEurasia» порталы Орто Азия үчүн жаңы көркөм адабиятынын кичине формасындагы «Новеллазия» деген конкурс жарыялайт. Конкурстун максаты — региондогу таланттуу авторлорду эл аралык деңгээлде таанылуусуна жардам берүү. Конкурска Казакстан, Кыргызстан, Таджикстан, Түркменстан, жана Өзбекстандын атуулдары катыша алышыт. Мурун чыгармаларын эч жерде басып чыгара элек адабият сүйүүчүлөрү, жаңы баштап келе жаткан жазуучулар, профессионал жазуучулар, ошондой эле блоггерлер, кабарчылар жана башкалар катыша алышат. Конкурста жашына,




“Туулган жерим асыл турагым” сүрөт конкурсу

Ар бир адамдын туулуп өскөн жери дайыма ыйык жана кымбат. “Туулган жердин топурагы алтын” деген макал да тегин жерден айтылбаса керек. “Кабар Ордо” сайты “Туулган жерим асыл турагым” аттуу сүрөт конкурс жарыялайт. Бул конкурска ар бир окурман өзүнүн туулуп өскөн жеринин сүрөтүн салып катыша алат. Конкурска сүрөттөрдү кабыл алуу 10-февралдан 9-мартка чейин. Сүрөттөрдү кабыл алуунун акыркы мөөнөтү 9-март, 18-00гө чейин жүрөт. Конкурска




Обондон Ыр сынак

Жарыяланып жаткан ырлардын мыктылары калыстар тарабынан тандалгандан кийин “Обон” гезити ал ырлардын жыйнагын чыгарарыбызды эскерте кетмекчибиз. Эгер бул ырларга обончуларыбыз обон жаратчу болсо, ал дагы нотасы менен биргеликте обондуу ыр катары ыр жыйнактан орун алмакчы.Ыр ышкыбоздору, чамдаңыздар! Ошондой эле конкурска катарлаш,“Обон” гезитинин астында “Жаз” адабий клубун ачканыбызды сүйүнчү айтмакчыбыз.Биздин адабий клуб менен байланышууну, мүчө болууну




Конференция: “Этнопедагогика жана тарых: абалы жана келечегине сарэсеп”

Улуу Кыргыз каганатынын 1170-жылдыгынын урматына жана «Кыргызстан элинин тарыхый маданий мурастарын окуп-үйрөнүүнү тереңдетүү жана жарандык атуулдукту калыптандыруу боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын аткаруу, кыргыз элинин жана Кыргызстанды мекендеген калктардын элдик педагогикалык мурастарын сактоо, иликтеп-изилдөө, окуп-үйрөнүү жана жайылтуу иштерин күчөтүү, жаш муундарды элдик идеалдарга, мекенчилдикке тарбиялоо, жаңы муундагы педагог кадрларды даярдоо маселелерин кеңири талкуулоо




«Элден чыккан калемгер» конкурсуна катышкыла

Урматтуу окурмандар, кадырман калк! «Көк асаба» гезити 2013-жылдын декабрь айына чейин «Элден чыккан калемгер»конкурсун жарыялап, калемин жорголоткон, сөзүнүн майын чыгарган, мазмундуу макала жаза алган элдик жазмакерлерге акчалай сыйлык коюп, алардын байгелүү орундарын аныктайт.




Мыкты жомокторго сынак

«Данек» гезити окуучулар арасында мыкты жомокко сынак жарыялайт. Сынактын жыйынтыгы май айынын акырында чыгарылат. Сурап-билүү үчүн телефон: 03222 2-49-04




Улуттук куралдар боюнча конкурс

“Ар-намыс” саясый партиясы жана парламенттик фракциясы жүйѳсүз унутулган байыркы кыргыз улуттук куралдарын: бычак, канжар, шамшар, кылыч жана башкаларды кайра жаратуу жана азем белек (сувенир) катары пайдаланышына шарт түзүү максатында эң мыкты жасоо үчүн КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ Конкурс эки этапта жүргүзүлѳт. Конкурстун биринчи этабы УЛУТТУК БЫЧАКТАР боюнча гана тѳмѳнкү эки аталышта ѳткѳрүлѳт: — улуттук белгинин үлгүсү катары




«Бөбөк ыры» сынагы жарыяланды

Республикалык алкактагы бөбөктөргө арналган ырлардын кароо-сынагынын Жобосу Бала бакчалардын айыл жерлерде иштебегендигинен, ата-энелердин ар кайсы мамлекеттерде иштеп жүргөндүгүнөн улам биздин мектеп жашына чейинки бөбөктөрдүн өсүп -жетилүүсүнө, тарбиясына терс таасирин берип, аларга жетишээрлик көңүл бурулбай келет. Учурда бөбөктөргө арналган таанып-билүүчү, ой чабытын өстүрөөр, оюн менен коштолчу ырлар кыргыз тилинде жетишсиз (жокко эсе десек да болот). Мына




Open Central Asia Book Forum & Literature Festival

Внимание! Open Central Asia book forum & Literature Festival 2013, посвященный 900-летию поэтессы Мехсети Гянджеви, объявляет конкурс по трем категориям «Литературное произведение», «Художественный перевод», «Иллюстрация». Возраст, пол, язык значения не имеют. Подать работу на конкурс может каждый.




Бир ырдын сынагын утуп Пегас мингиң келеби?

“Жаңы Агым” гезити менен республикалык “Айтыш” коомдук фондунун “Калемгер” адабий клубу жаш таланттарды колдоо максатында “Калемгердин Пегасы” аттуу бир ырдын сынагын жарыялайт. Жобо боюнча сынакка катышуучулардын жаш курагы 30 жаштан өтпөш керек. Ошондой эле сынакка катыша турган чыгармалар мурда эч жерде жарыяланбоого тийиш. Жөнөтүлгөн ырлардын көлөмү төрт саптан элүү сапка чейин болуп, ар бир автор




Кыргыз улуттук адабиятын колдоо жана өнүктүрүү максатында Чынгыз Айтматовдун Эл аралык “Ысык-Көл форумунун” колдоосу алдында “Турар” басмасы жана “Жаңы Ала-Тоо” адабий журналы 2012-жылдын 10-ноябрынан тартып мыкты прозалык жана поэзиялык чыгармаларга, котормолорго эл аралык “Арча” сыйлыгынын конкурсун жарыялайт

Конкурстун шарттары: 1. Чыгарма мурда жарыяланбаган жана китеп болуп чыкпаган болуусу тийиш. 2. Конкурстун мөөнөтү: 2012-жылдын 10-ноябрынан тартып 2013-жылдын 1-мартына чейин. 3. Авторлор чыгармасын жашыруун адабий ысмын коюу менен кагаз жүзүндө үч нускада жана сыртына автордун адабий ысмы жазылган конвертке салып — электрондук вариантын диск түрүндө (чыгарманын түп көчүрмөсү, автордун сүрөтү, кыскача өмүр баяны жазылып) редакцияга тапшыруусу




ЫР СЫНАК. «Асыл инсан – Пайгамбарым Мухаммед»

Түркия элчилигинин Дин иштери боюнча кеңешчилиги элге таанымал 20 жаштан жогорку акындардын арасында демине дем, шыгына шык кошууну, ошондой эле Пайгамбарыбыз Мухаммед саллаллаху алейхи васалламдын инсандык жаркын бейнесин, үлгүлүү асыл сапаттарын жаамы журтка ырдын күчү аркылуу чагылдырууну максат кылып ыр сынак жарыялайт.




«Мен сүйгөн кыргыз макалы» жаштардын эссе сынагы…

«Тынчтык борбору» Коомдук Фонду, Руханий биригүү демилгеси, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча мамлекеттик комиссиясы жана «Рухий талкуу» жаштар демилгеси «Рух кыймыл-аракетте: Кыргыз Өзөгү» долбоорунун алкагында Кристенсен Фондунун колдоосу менен «МЕН СҮЙГӨН КЫРГЫЗ МАКАЛЫ» жаштардын эссе сынагын ЖАРЫЯЛАЙТ.