Tag: Тил

Индейлердин теги Алтайданбы?

Мындан 3-4 жыл илгери болсо керек, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде «Америкалык жергиликтүү калктар» деген ат менен сүрөт көргөзмө уюштурулуп, анда индейлердин жашоо-тиричилигине, этнографиясына байланышкан сүрөттөр көрсөтүлгөн эле. Ошол учурда мени таң калтырган нерсе — бул индейлердин кийген кийими жана аларга түшүрүлгөн оюм-чийимдер, белгилер менен кыргыз элинин ортосундагы орток өзгөчөлүктөрү, окшоштугу болду. Бул өзгөчөлүктөр индейлердин мифологиясына, диний




Канча тил билсең, ошончо дил билесиң!

Учурда өз эне тилинен башка чет тилде сүйлөй албаган замандаштарыбыз сапаттуу билим алуу же жакшы жумушка орношу мүмкүнчүлүктөрүнөн ажырап калууда. Анткени жумуш берүүчүлөр кеминде эки чет тилде сүйлөгөн адамдарга артыкчылык беришет. Мындан улам тилге болгон муктаждык менен бирге тил үйрөтүү курстарынын сандары да күндөн-күнгө өсүүдө.




Кыргыздардын тукумсуздукка каршы ырымдары

(Уландысы. Башы бул жерде) Карышкырга байланышкан ишенимдер Дагы бир  кызыктуу ырым бөлтүрүктүн жардамы менен аткарылган. Эгер балдар токтобой чарчай берсе, акыркы төрөлгөн баланы  көзү ачыла элек бөлтүрүк менен кошо так санда – үч, беш, жети күн эмизишкен. Анан бөлтүрүктү таап алган болсо, ошол жерге кое берген, сурап  алган болсо ээсине кайтарган. Кыргыздарда мындан башка да




Ооба, ал байыркы кыргыз жазуулары!

Кыргыз эли эгемендүүлүккө жеткенден баштап тилинин тарыхына жана аны жазып калтырган жазма эстеликтерге, ошондой эле аталган эстеликтер жазылган тамгалардын кимдер тарабынан түзүлгөндүгүнө байланыштуу маселелерге өзгөчө көңүл бурула баштады. Буга арналган “Байыркы кыргыз жазуулары” аттуу I эл аралык илимий практикалык конференция өтүп, жазма эстелиги-биздин такталбаган жерлери, резолюцияны кабыл алуудагы илимий талаш-тартыш жана талкуулар болуп, дагы да




Өмүрүн тарбия-таалимге арнаган

Кыргыз агартуу тармагынын атактуу окумуштуу-педагогу Койчуманов Жумаш Ыбырай уулу 85 жаштын сересине жетип, кадыр-сыйдын ээси.  Ат-Башы районунун Ак-Талаа айылынын кулуну. Ал кыйын күндөргө туш келген  жаштайынан билимге умтулуп өскөн. Өз заманынын алгачкы билимдүү инсандарынан болгон. Кыргызстандагы биринчи педагогикалык сөздүк 1956-жылы Кыргыз педагогика илим-изилдөө институтуна директордун орун басары болуп алты жыл иштегенден кийин илимге баш-оту менен




“Айгиненин” аракети таланттардын берекети

Акыркы жылдары кыргыз элинин улутту көтөрүү жана улуттук баалуулуктарды сактоо максатын көздөгөн уюмдар “Манас Ата” коому, “Манас кут Ордо”, “Манас Ордо”, “Ыйык Ата-Журт” жана “Манас Эл кыймылы” сыяктуу патриоттук духта уюшулган коомдордун жасап келе жаткан иш-чараларынын натыйжасында жалпы кыргыз элинин духу, руху ойгонуп келе жаткандай.




Жеңил-желпи чыгармалар каптап жатат

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик  Абдылдажан Акматалиев менен маек – Сиздин институтка улуу жазуучунун аты берилгенден бери кандай эмгектерди жараттыңыздар? Атактуунун ысымын алып жүрүү кыйын болсо керек? – Институтка  Чыңгыз Айтматовдун ысмы берилгенден бери, иштер алга жылып жатат. Өзүң күбө болчу, эки жылдын ичинде – 2009-2010- жылдары




Кытайлык боордоштор боор толгошот

Бир жердешимдин өрөөндүү өлкөдө он күндөй жүрүп, көргөн-билгендерин айтып отурса өзүм да ошол өрөөндө жүргөндөй болдум. Адам адам болуп жаралгандан бул дүйнө толуп-ташып, бөксөрүп тургандай… Материк деген ушундай кубулуштуу. Ызгаары-ысыгы бирде батышка, бирде чыгышка ооп турат. Өрөөндүн калкы өнөрпоз, илимдүү-билимдүү экени жашоо тиричилигинен эле көрүнөт.




Блогдогу толуктоолор

«Кыргыз маданият борборунун» «Үйрөн (сөздүктөр)» баракчасы жаңы сөздүктөр менен толукталып, жаңыча ыңгайлаштырылды. Ошондой эле «Кыргыз музыкасы» шилтемелер топтомуна жаңы шилтемелер кошулду.




Тилим менин — дилим менин

«Мажүрүм тал Оштун символу» деп обон салса, бул сөз курамы нукура кыргыз тилине көп коошпогондой түр калтырат. Азыркы кезде мындай коошпостуктар, өөн учураган сүйлөм-сөздөр кыргызча теле-радио, рекламага окшогон калктын табитин калыптандыра турган маалымат каражаттарынан көп эле кездешип, адатка айлана баштады. Көп учурда мындай көрүнүш орус ж.б. тилдерден сөзмө-сөз механикалык которуудан келип чыгууда. Ушуну кеңейтип айтканда,




ТИЛИҢЕ ТИБИРТКЕ ЧЫККЫР! же туура эмес котормолор тууралуу

Учурда тамак-аштын, тиричилик буюм­дарынын,кызмат көрсөтүүнүн, ошондой эле банктардын түрлөрү көп. Андыктан Бишкекте буларды жарнамалаган көрнөктөр да толтура. Бирок алардагы туура эмес котормолор, орфографиялык жана грамматикалык одоно каталар зээнди кейитпей койбойт. АШКАНАДААЖАЙЫП МААНАЙ… “Ката жазылыптыр” деп оңдогуңуз келип кеттиби, окурман? Мына ушундай ката Манас-Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги тиричилик буюмдары жарнамаланган көрнөктө бадырайып турат. Сыягы, жарнама берүүчүлөр буюмдарды




А. Ибраимов: Кайсыл тилде сүйлөшүп турса, ошол тил жашайт

Мамлекеттик тил менен тыш дүйнөнүн катышы, чет тилдерден кыргыз тилине которуу иштери Мамлекеттик тил боюнча улуттук комитеттин жетекчиси Азимжан Ибраимов менен болгон маектин негизги темасы болду.




Социалисттерге улутчулдардан кулак кагыш

Убактылуу өкмөттүн элге сунуш кылган Конституция долбоору орусча жазылып, элге орусча сунушталып, эми араң кыргызчага которулуп жатат. Ошол эле учурда аны талкуулоого 2 гана жума убакыт берилген. Кыргызчага которулуп бүтө электе «талкуусу аяктап калбасын» деп азыркы вариантына пикир жазып жатабыз. Ушунун өзү эле башмыйзам долбоорун даярдаган авторлордун өз өлкөсүнүн мамлекеттик тилине болгон мамилесин көрсөтүп турат.




Кыргызстанда француз-кыргыз сөздүгү жарык көрдү

Кыргызстанда француз-кыргыз сөздүгү жарык көрдү. Бул туурасында бүгүн АКИpress агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Кыргызстандагы Франция элчилигинин кызматташтык жана маданият боюнча атташеси Шарлотта Урбэн билдирди.




Орозбек Мусакеев: «Мультфильмдер кыргыз тилинде көрсөтүлгөн эмес»

КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Орозбек Мусакеев беш жылдан бери Улуттук биринчи каналдын алдындагы «Дөөлөт» студиясын жетектеп, жумурай-журтка кыргыз тилдүү көрсөтүүлөрдү даярдап, эфир аркылуу чагылдырып келет. Башкача айтканда чет элдин көркөм тасмаларын, мультфильмдерин кыргызча сүйлөтүп келаткан мына ушул студия. Орозбек ага аталган студиянын кызматкерлери, алардын жасаган иштери жана көрсөтүүлөр тууралуу буларды айтып берди. «Чыңгызхан» фильминде




Баары сөздө уюган, сөздө сыр болуп катылган

Кыргызды кылымдар бою кыргыз бойдон сактап келаткан сырдуу, касиеттүү улуу күч, бул — Сөз. Сөз баарынан улуу. Баары өлөт, өзгөрөт. Таамай сөз, таасирдүү сөз, акыл сөз Асман, Жер, Ай, Күн, Аалам сыяктуу түбөлүк. Андай сөзгө өлүм жок. Айталы дегенибиз — сөз жөнүндө, кыргыз сөзү жөнүндө сөз.




К. Исаев: Кыргызга кыргызчылык, улутчулдук жетпей жатат

Философия илимдеринин доктору, профессор Кусейин Исаев Кыргызстанда кыргыз тилин мамлекеттик тил катары өнүктүрүүгө кыргызчылык, улутчулдук, мекенчилдик сезимдери жетишпей жатат деп эсептейт. — Бүгүнкү күндө Кыргызстанда мамлекеттин тил саясатын сындагандар да болууда, кыргыз тили коркунучта, абалы начар деп. Сиз буга кошуласызбы?




Тил жоголсо — эл жоголот

21-февраль – ЮНЕСКО тарабынан эл аралык эне тил күнү катары белгиленген. Окумуштуулардын белгилешинче, дүйнөдө ар бир 14 күндө бир тил жоголуп кетүүдө. Бул күн 1999-жылы Бириккен Улуттар уюмунун агартуу, илим жана маданият маселелери боюнча уюму – ЮНЕСКО тарабынан жарыяланып, ошондон бери жыл сайын маданий жана тил байлыгын өркүндөтүү максатында белгиленип келе жатат.




Адабиятчы Шаршенбек Үмөталиев 85 жашта

Бишкектеги Улуттук китепканада белгилүү сынчы-адабиятчы жана прозаик Шаршенбек Үмөталиевдин 85 жылдыгына арналып, илимий эмгектеринин көргөзмөсү ачылды. Сынчы кезегинде Аалы Токомбаевдин, Алыкул Осмоновдун чыгармачылык бейнелерин ачып, Молдо Кылычтын чыгармаларын да изилдөөгө алган. Сынчы-адабиятчы Шаршенбек Үмөталиевдин 85 жылдыгына арналып ачылган көргөзмөгө Бишкектеги жогорку окуу жайлардын студенттери катышып, маркумдун замандаштары, белгилүү окумуштуулар, акын-жазуучулар эскерип сүйлөштү.




Кызыл тилдин кысылышы

Сөз баккан, сөздү урматтаган, улуу сөздөн кеп кылган байыркы элбиз дейбиз. «Өнөр алды — кызыл тил» деп өрөпкүйбүз. Ушунубуз бүгүн туурабы? Туура болсо, анда кыргыз тили азыркысындай адам ыйлагыдай абалда болбойт эле го. Тилдеги төрт көйгөй Туура болсо, кыргыз тили мамлекеттик деңгээлде өз ордун таап, расмий иш кагаздарынын баары ушул тилде жазылмак. Мамлекеттик бардык мекемелер