Tag: улут

Түлөө берүү

Бул — ар кандай кырсыктардан аман калганы же алыска аман-эсен барып келгени үчүн жаратканга ыраазы болуп мал союп, этин бышырып, элге таратуу, бата алуу. Түлөө көбүнчө катуу ооруп айыкканда, кыйналып аман-эсен көз жарып алганда, бийик жерден жыгылганда, оор кырсыктан башы кутулганда берилет. Түлөөгө, адатта, кой-эчки, козу-улак, тай-торпок өңдүүлөр союлуп жүрөт. “Көк Асаба” (“Кыргыз гезиттер айылы”),




Бертик суроо

Бул — бели нооказдап (мертинип) калган адамды эмдөө аракети. Илгери элибиз көбүнчө боз үйдө тургандыктан бала-бакыра өзү көрүнбөй туруп, сузгуну эшиктен үйгө сунчу. Үйдүн адамдары аны дароо түшүнөт, өзүлөрүн көргөзбөй сузгуга колунда барын салуу. Көбүнчө ага ун, май, эгин, туз, эт, сүт өңдүүлөр түшөт. Бели мертинген аны ошол турушу боюнча бышырып ичет, жейт. Мындан ооруга




Аксарбашыл айтуу

Жүрөк сезген кырсыкты алдын ала болтурбай коюуга жасалган далбас. Кудайдан шыбага күтүү үчүн айтылган өтүнүч. «Ээ, кудай аксарбашыл» деген сөздүн артында, ушул кырсыктан аман калса, кой соем, кан чыгарам, түлөө өткөрөм (аксарбашыл — башы сары ак кой соем) деген маанини билдирет. Албетте, «сактансаң сактайм» деген Кудайдын шерти бар. “Көк Асаба” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 20.12.2011-ж.




Садага чабуу

Бул — адамдын алтын башынын алыстан, кан майдандан, кандайдыр бир кырсыктан кудай жолунан аман келгенин, эл-журтун көргөнүнүн шарттуу белгиси катары улакты мууздап, өпкө-жүрөгүн дароо сууруп, башынан ырымдап тегеретүү, кудайга жалынуу, үйдөгү сүйүнүч, ыраазылык, адамды урматтоочулук. Бул үрп-адаттын мааниси терең. “Көк Асаба” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 20.12.2011-ж.




Ажаат ачуу

Бул — зарылып турган адамдын керегине жароо, анын башына түшкөн кыйынчылыктан куткара туруу. Ажаат ачууга ошол адамдын карызын төлөө, ажаатчыл береселерин көздөө. Же аласасын ал адам кечип жиберүү, карыз бирдеме берүү, кириптер адамдын башын бошотууга жардамдашуу сымалдар мисал боло алат. Андайлар тууралуу «Ажаатчыл адам», «Ал жок дебейт», «Ал ажаатка жок» өңдүү жөрөлгөлүү сөздөр айтылат. Ажаат




Көз караш-талкуу: Паспортто адамдын улуту көрсөтүлүшү керекпи, жокпу?

Бүгүн биз талкууга коюп жаткан маселе коомчулук арасында кызыгууну жаратып, актуалдуулугун көргөзүп жатат. Ошол себептен улам, бул маселенин тегерегинде жаштардын пикири биз үчүн өзгөчө баалуу жана керектүү деп эсептейбиз. Жыргалбек Касаболотов, конфликтолог, КТРКнын коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү. Аида Абдыканова, Кыргыз либерал-демократиялык партиясынын мүчөсү. — Биздин гезит жаштарды дайыма колодоого алып келгендиктен, бүгүн сиздерди мекенчил жаштардын




Ооганстандагы кыргыздар

Кыргыз эли тээ байыртадан эле Азиянын Сибир, Алтай, Жуңгария, Теңир-Тоо жана Памир аталган мейкин аймактарын мекендеп келген. Негизги бөлүгүнүн Теңир-Тоо менен Памирге жайгашуусу XIII-XVIII кылымдарга туура келет. Аталган аймактар андан кийинки мезгилде ар кайсы өлкөнүн чегине бөлүнүп, анда жашаган кыргыздар да ошол өлкөлөрдүн ичинде жашап калган. Мындай кырдаалдарга карабай XX кылымдынортосуна чейин кыргыздардын бири-бири менен




Улуттук баалуулук мамлекеттик саясаттын өзөгү болушу маанилүүбү?

Катышуучулар: Турат Акимов, «Деньги и власть» гезитинин башкы редактору Жыргалбек Касаболотов, көз карандысыз серепчи Жылдыз Ишеналиева, ЖК нын «Жаштар иштери боюнча» комитетинин төрайымынын орун басары Рысбай Исаков, манасчы Дүйшөн Сейтеков, жаштар кыймылынын мүчөсү Адисбек Бейшенбаев, Нарын облустук администрациясынын башкы адиси Модератор: Айзада Абазова, «Кыргыз Руху» коомдук-саясий жана маданий гезитинин башкы редактору Модератор: — Нооруз майрамынын




Алмагүл Беки кызы: “Мен кыргыздын кызымын…”

– Алмагүл, Кытай Республикасынан атайын  келип, Кыргызстандан билим алып да, иштеп да кеттиң эле. Учурда киндик каның тамган жериңде иштеп жүрөсүң. Айтчы,  Кыргызстандан эмне үйрөнүп, эмне алып, кандай таасир менен кеттиң? – Кыргызстанда жети жылы окуп, иштеп жүрүп, сонун табылгаларды таптым. Балалыктын кайталангыс мүнөттөрү дал ушул тарыхый мекенимден  уланды. Биринчиден, эмгек жолум Кыргызстандын тунгуч гезити




Жылаң аяк, жылаң баш катындын максаты не?

Ордо калаабыздын чок ордосу болгон Ала-Тоо аянтындагы В.И.Лениндин эстелигинин ордуна 2003-жылы орнотулган «Эркиндик» монументи тууралуу сөздөр учурда кызуу талкууга алынууда. Оболу «КР Эл сүрөтчүсү», белгилүү скульптор Тургунбай Садыковдун 2003-жылы «Адабий гезит» бетине берген интервьюсун («Адабий гезит» №42 (116), октябрь, 2003-жыл, «Эркиндик» монументинин коюлушун саясатка айлантып жиберишти». 5-бет) мисалга тартайын: Эми монументтин негизги идеяларын чечмелеп көрсөк.




Жаңы маданияттын зарылдыгы

Бул сөздүн келип чыгышына эки нерсе түрткү берди. Биринчиден, “Манас Эл” кыймылы ишемби сайын Тарых музейинде “Манас” айттырып улуттун духун көтөрөлү деп сүйлөшкөндөн кийин, керек учурунда манасчы таппай, сүйлөшүп койгондору келбей калып кыйналчу болду. Манасчыларыбыз жок болсо бир жөн, Кудайга шүгүр, уучубуз куру эмес, бери жагы жети күн, ары жагы кырк күн айткандары бар. Анан




Журналист, саясий байкоочу Жыргалбек Касаболотов: “Кыргыз эли өз өлкөсүнө өзү ээ болууга тийиш”

- Өз алдыбызча улут жана мамлекет жерпайын түптөөгө эмнеден чабал болуп атабыз? — Эми, идеалында кыргыз улуту жана кыргыз мамлекети – биринен бири ажырагыс нерселер. Анткени Кыргызстан – унитардуу мамлекет. Кыргыз эли – анын негиздөөчүсү деп атабыз да. Муну эч ким тана албайт. Туурабы? Демек, кыргыз эли Кыргызстандын мындан ары өнүгүшү үчүн негизги жоопкерчиликти өзүнө